РОЗА ОТУНБАЕВА: “МИГРАЦИЯ ТРАГЕДИЯ ЭМЕС, БАРДЫК ӨНҮККӨН ӨЛКӨЛӨР БУЛ ЖОЛДУ БАСЫП ӨТҮШКӨН”

№823 10 - 16-август, 2018-ж.

Роза Отунбаеванын чакыруусу менен форумга президент Сооронбай Жээнбеков да катышты. "Бул жерде дүйнөнүн жыйырмадан ашуун өлкөсүнөн келген мекендештерибиз отурасыздар. Сиздер менен максатыбыз чогуу, кыялыбыз бир. Ошол максатты көздөгөн иш-аракеттерибиз бир ыргакта, бир багытта болушу үчүн мезгил-мезгили менен баарлашып, акылдашып турушубуз зарыл",- деди президент.

Экс-президент Роза Отунбаева Кыргызстандагы миграцияны трагедия катары кабыл албоо керек деген оюн айтты. “Бардык өнүккөн өлкөлөр бул жолду басып өтүшкөн. Мисалы, Түркияны карагыла. Алардын мигранттары чет жерден тажрыйба топтоп, аны кийин өз өлкөсүндө пайдаланып мамлекетти көтөрүштү. Биздин мекендештер да топтогон тажрыйбасын өлкөнү өзгөртүүгө жумшайт деген ишеним бар”,- деди Отунбаева. Экс-президент бир кезде Түштүк Кореянын жарандары дагы башка өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүргөнүн, бул өлкө азыркы тапта экономикасы боюнча дүйнөдө 12-орунда турарын эске салды.

"Мекендештер форуму" 2012-жылы "Роза Отунбаеванын демилгелери" коомдук фонду тарабынан негизделген. Башкы милдети – мекендештерди бириктирүү, алар менен бирге бизнес-долбоорлорду, өлкөнү өнүктүрүү жолдорун талкуулоо. Иш-чара 2012-жылы жана 2014-жылы Бишкекте, 2016-жылы Ош шаарында өткөн. Быйылкы форум Аймактарды өнүктүрүү жылына арналды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо