АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВА, ырчы: «АРГЕНДИ РАСУЛ МАМАТКУЛОВДУН УУЛУ ДЕГЕН ЖОМОК ЧЫНДЫККА ТАКЫР ОКШОШПОЙ КАЛДЫ»

№823 10 - 16-август, 2018-ж.

Айчүрөк Иманалиеванын уулу Аргенди Расул Маматкуловдун уулу деген маалымат жергиликтүү интернет басылмаларынын бирине жарыяланып, андан соң социалдык тармактарда желдей тарап, талкуулана баштады. Аргенди эл балетмейстер Такен Шаршеновдун уулу деп билет. Бул кептер эмнеден улам чыкты, чындыгы канчалык, каармандар сүйлөсүн.

– Айчүрөк эже, шоу чөйрөсүндө балаңыз Аргенди Расул Маматкуловдун уулу деген маалымат тарап, социалдык тармактарда талкуу болуп жатат, эмне дейсиз?

– Эмне дейбиз, бул жомок чындыкка такыр окшобой калды. Чындыкка коошпогон жомок каяктан чыкты, ким кандайча чыгарды, кандай мааниде деп таң калып отурам. Менин оюмча, бул жомок кимдир бирөөлөргө керек болду, анан токуп чыгышты. Угарым менен Расулдун жубайы Катяга телефон чалдым, ал “балабызды алып кел, Арген биздин бала турбайбы” деп каткырды.

– Балким, жаш кезде экөөңөрдүн ортоңордо сезим болгондур, ошондон улам чыккан кеп эмеспи?

– Расул менен таанышкан күндөн бери ортобузда достук, бир туугандык мамиле орун алды. Экөөбүзгө карата сүйүү сезимин жармаштыруу акылга сыйбайт, андай нерсе болгон эмес.

– Расул байке менен канчадан бери таанышсыз?

– Кээ бир маалымат булактары "1980-жылы ырдап чыгышкан Айчүрөк менен Расулдун ортосунда сүйүү болгон" деп жазышыптыр. Мен 1982-жылы 8-классты аяктагам. Билип-билбей жазган туура эмес, ким эмне жазбасын бир аз ойлонсо болмок. 1990-жылы “Ала-Тоо периси сынагы” өтүп, баш байгени Айнура деген кыз, 1-орунду мен алдым. Көшөгө аркасында “Жаштар театрынын” директору келип, мени театрга чакырды. Тарас Асанакуновдун тобу менен “Жаштар театрына” бардым. Топто Алина Жетигенова, Медер Кадыршаев, Чолпон Алсейитова, Расул Маматкулов бар экен. Расул менен ошондо таанышкам. Ал кезде Аргеним 3 жаштан өтүп калган. Уулумду колтугума бекем кысып алып театрда иштеп жүрчүмүн.

– Силер үй-бүлөлүк катышта да болсоңор керек?


– Арген өзү кандай кабыл алды?

– Арген учурда чоң жигит. Балдарым социалдык тармактарга кызыкпайт деле, жадакалса катталышкан деле эмес болуш керек. Эртең менен жумушка кетет, кечинде чарчап келет. Андан башка майда иштери көп. Өзү жөнүндө чыккан кептерден кабары деле жок. Мен дагы балама майда-чүйдөнү айтып алагды кылып, маанайын чөгөргүм келбейт.

Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы деп коёт. Таалай менен түтүн булатып чогуу жашаганыбызга 23 жыл болду. Демек, Арген Таалайдын баласы. Арген 5-6га чыгып калганда Таалай экөөбүз таанышып, үй-бүлө курдук. Ошентсе да Аргендин өз атасы дүйнөдөн көзү өтүп кеткен балетмейстер Такен Шаршеев экенин, ага турмушка чыкканымды да эч качан танган эмесмин.

Ал эми Расул Маматкулов менен жубайы Катя Маматкулова мындай кептерге эмне дешет, суроо узаттык.

Расул Маматкулов:

– Сүйлөсө эле кеп боло берет турбайбы. “Арген Расул Маматкуловдун баласы экен” дешкенин алгач түшүнгөн жокмун. Түшүнгөндөн кийин аябай күлдүм. Айчүрөк менен таанышканымда Арген 3 жашта болсо керек, театрга жетелеп келген. Томпоңдогон, кимди болбосун өзүнө тартып турган сүймөнчүк бала эле. Топтогулардын көбү үйлөнүп-жайлана элек болчубуз. Анан көзүбүзгө жаш бала жакшы көрүнөт да. Аргенди кимибиз болбойлу көтөрүп ойнотчубуз.

 

Катя Маматкулова:

– Айчүрөк “Расул экөөбүз тууралуу ушундай жомок чыгарышыптыр” деп телефон чалды. “Апей, ошондо Арген биздин бала турбайбы. Тез биздин үйгө жөнөт. Тез арада үйлөп, келин жумшап жыргап калайын. Руслан да үйлөнбөй жатат эле. Аябай жакшы болгон турбайбы” деп күлдүк. Эми бул акылга сыйбаган кеп да.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(45)
14.08.2018. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Айчурок эже мындайларга конул бурбаныз! Сиз кыргыз элинин сыймыгысыз.
14.08.2018. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Анжелика кылганын билип билбей жаза бербесенер.Гезит бетине чыгыштын шылтоосун таптынар шоу бизнестегилер...чыгалек ушакты озунор чыгарып.
Dilbaranurdinova түзөттү 2018-08-14 11:15:43
14.08.2018. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Dilbaranurdinova,чыкты башка сайттарда ошон учун айтып жатат да жиндиби булар озунчо чыга берип
14.08.2018. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Маматкуловдун азамат аял экен.Ырчылардын шеринелеринде да бир гана ошол барат экен,калганы жалгыз барышат.Ото тушунуктуу,акылман аял болгон учун,баары сыйлашат болуш керек.Анча таланттуу эмес Раскл Маматкуловду ушунча чыгарды,Бек Борбиевдин аялы болгондо дуйнолук легендага айлантып койсо керек деп ойлой берем...
14.08.2018. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
mela,аябай акылдуу аял экенин айгерим гаишник тин мурдун сындыра чапканда коргонбуз. ХХХ аялдар эми акылдуу деп саналат окшойтко
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-14 17:41:40
14.08.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Nanei,ооба,оозунан ХХХ ХХХ коруп Расул байкени аяп кеткем,дагы бир нерселерди жазып баняга жоноп кете элегимде шук отурайын))
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-14 17:39:38
14.08.2018. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
surgeon777,Nanei, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-14 17:41:56
16.08.2018. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mela,Бек Борбиевдин аялы жокпу эмне
14.08.2018. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aiturgasha,Гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
14.08.2018. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
meni_kut,Tyty1990, Aikan1966,tina.kg, такталбаган маалыматтарды жазуудан алыс болгула!Эскертүү!
14.08.2018. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Бир уйбуло жонундо ушак чыгарган адепсиздик деп алыптыр,ой тобоооооо озу канча ушак чыгарып атып бир уйбулону бузуп тынды. Эми балтемкйстрдин баласы деп алыптыр. Ай ким билет кимдин баласы экерин,далай нерсени башынан откоргон бул айым жаш кезинле
14.08.2018. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Убагында биронун уй булосун бузганга жаакшыле аракетин кылган. Эми териси менен сезип жаткандыр.
14.08.2018. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азыр медицина өнүккөн убак днк тест деген бар
14.08.2018. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Tyty1990,тест ДНК откоргудой кумонун барбы .Айтып атпайбы "биз таанышканыбызда Арген 3жаш болчу "-деп.Бироону кеп кылгандын ордуна Озубуздун жашообузду ойлойлу
14.08.2018. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эмкиде кайра Самараны кутобуз. Чыдамсыздык менен.
14.08.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чын жүрөктөн баары бир
14.08.2018. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ойиии Айчурокту эч ким кэп кылган жок даже эл унутуп калган, озу чыгарган соз кыларга иши жок, элдин кыларга иши жокпу, эл апченди унутуп калган да бир нерсенин башын ойлоп чыгарат
14.08.2018. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акылдуу айал болсо анча мынча болбогон создорду кулактын сырынан откузуп коймок да, бобогон созду мени минти тигини тигинти дей бербей, эл козундо жургонду эл жакшы соз айтат жаман соз айтат чыдаш керек ырчы болгондон кийин
14.08.2018. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ммм каштарчы?
14.08.2018. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Карусельге тушуп алгандай эле кезектешип чыга беришет экен го, тажадык ушулардан
14.08.2018. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушундай кеп тарады ушу чынбы ? Алды 50 жашты ашып калышты...Коокууй ! Ото эле майдаланып кетпей атабызбы?! Негизги максат ошондо ушу ырчы тиги менен ойноп койгон экен деген созду элге жеткиришпи?
14.08.2018. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nursbaike,шампл болбосо чоптун башы кыймылдабайт.Оу,шоубизнестегилер фейк аккаунт менен аранарда эмне соз болуп атат ,канча чындыгы бар жазыр койгулачы....
14.08.2018. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Катя эже сонун тамашакой экен)) жакты жообу
15.08.2018. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nursbaike,колдонуучу порталдын башкармалыгын талкууга алууга болбойт. Билдирүүңүз өчүрүлдү!
15.08.2018. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
17.08.2018. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ATAIBEKBATURKAN, Айчурок жөнүндө эң кызык малыматтаргр
15.08.2018. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чын чычалайт калп каткырат дечу беле, болор -болбос ушактардын баарына майдаланып комментарий бербей эле койсонуз сиз ошол ушакчылардан жогору болмоксуз
15.08.2018. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айчуроктун жеке жашоосу, баласын кимден торогону элге канча кызыкчылыгы бар. Кабарчылар, журналисттер сураныч койгойлуу темаларды жазгылачы. Айчурок чыгармачыл адам катары иштегени жакшыдыр, бирок бироонун уясын бузган аял катары чыгармачылыгы да, уй булоосу да кызыксыз!!!
16.08.2018. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аман эле болгулачы
16.08.2018. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи Айчурок айымдын билим денгээли аябай эле томон экен,ар бир созго теригип,териштирип чычалап эле басып журот....чоон эле аял уят го......ал эми Расул байкебиз муну тенине албаса керек....
17.08.2018. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шамал болбосо, дарактын башы кыймылдабай т деген соз бул жондон эмесго....Анжелика Эми Айчурок эжебизди чукуй баштаганго, сонун уруш башталды дагын тамаша кылабыз кийинки ринг качан башталат?
17.08.2018. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок эжебиз озуну пиарлагандан тажабайт экен да,эгер ушундай ушак болсо супер инфодо да талкуу болсо кк эле,талкуу болуп анан комментарий бергенде мынчалык тан калбайт элем.
Kaniela түзөттү 2018-08-17 01:34:06
17.08.2018. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Уй-булолук катышта болсонор керек деген суроого жооп берген жокпу?
17.08.2018. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул эженин сыйлабай калдым. Ушакка жакын экен
17.08.2018. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул ушакты Айчурок эжекебиз озу чыгарат себеби пияр керек эл унутуп калбасын деп 10 жылда бир катуу дун болуп турат озу.
18.08.2018. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аргенинин азыркы учурдагы суротун коргозо аласызбы , Айка айым
19.08.2018. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бек Борбиевдин баласы деп чыгарса болмок экен ушакты...Кобуроок окшойткен баласы)))
20.08.2018. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Расул байкебиз кийинки чыгарылышта эч кандай реакция кылбай койсо соз токтойт. Бул ушакты чыгаргандар (!) уят эле болот го. Ээ Супер))))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо