ЖАЙКЫ ТРАНСФЕРЛЕР-2018. ДАРБАЗАЧЫЛАР БАЯНЫ

№824 17-23-август, 2018-жыл

АЛИССОН БЕККЕР

Дүйнө биринчилиги аяктагандан кийин «Ливерпуль» дароо эле Бразилиянын дарбазачысы Алиссон Бекерди өз катарына кошуп алды. Бул трансферди ишке ашышырыш үчүн «Ливерпуль» командасы
62,5 миллион еврону аябады. Бул дарбазачылар арасындагы эң кымбат эле. Алиссон клуб менен 5 жылдык келишим түздү. «Рома» Алиссонду 2016-жылы 8 миллион еврого сатып алган. Өзүнүн алгачкы сезонунда Италия биринчилигинде дарбазачы бир да оюн өткөргөн эмес. Бирок кийинки сезондо Войцех Шенснынын командадан кетиши менен Алиссон римдик клубдун негизги оюнчусуна айлана алган. «Рома» командасынын Чемпиондор Лигасынын жарым финалына чейин жетүүсүнө дал ушул Алиссондун салымы зор.

КЕПА АРРИСАБАЛАГА

Алиссон Беккердин рекорду 19 күндөн кайра жаңырат деп ким ойлоптур? Испаниялык дарбазачы Кепа Аррисабалага «Атлетик» командасынан «Челси» клубуна 80 миллион еврого өттү. Бул жайкы трансфердеги эң күтүлбөгөн жаңылыктардын бири десек болот. Мындан кийин 23 жаштагы дарбазачы – дүйнөдөгү эң кымбат испаниялык футболчу. «Челси» бул оюнчуну курамына кошуу үчүн 80 миллион евро төлөөгө макул болушту. Буга чейин эң кымбат испан оюнчусу болуп дагы бир «Челсинин» оюнчусу Мората (65 миллион) саналчу.

ТИБО КУРТУА

Лондондук клуб жаш оюнчуга чоң өлчөмдөгү акчаны коротушуна Тибо Куртуанын Реалга өтөм деген каалоосу таасир этти. Дүйнө биринчилигинин эң мыкты дарбазачысы аталган Тибо өз үй-бүлөсү менен жакын болууну каалады. Анткени анын үй-бүлөсү Мадридде жашайт. 26 жаштагы бельгиялык дарбазачы падышалык клуб менен 6 жылдык келишимге кол койду. Трансфердин суммасы 35 миллион фунтту түздү. Келишим боюнча, Реал лондондук клубга жарым коргоочу Матео Ковачичти 1 жылга ижарага берди. Тибо «Челсинин» курамында 154 оюн өткөрүп, өз дарбазасына болгону 152 гол өткөргөн.

ЗИДАН «МАНЧЕСТЕР ЮНАЙТЕДГЕ» МАШЫКТЫРУУЧУ БОЛУУГА КЫЗЫКДАР
Реалдын» мурунку машыктыруучусу Зинедин Зидан англиялык «Манчестер Юнайтед» клубуна машыктыруучу болуп калышы ыктымал. Француздук насаатчы быйылкы жылдын 31-майынан тарта кызматынан кеткенден тарта бош. 46 жаштагы машыктыруучу Англияда иштөөгө өзү да кызыкдар.

Зидан «Реалды» 3 жыл башкарып, бул аралыкта 3 жолу Чемпиондор Лигасын, 2 жолу клубдар арасында Дүйнө чемпиондугун, Ла Лиганы бир жолу жана УЕФА менен Испан Суперкубогун жеңген. Зидандын экинчи аты жеңиш деп атала баштаган... «МЮну» учурда айтылуу Жозе Моуриньо башкарып келет. Тиешелүү жыйынтык көргөзбөгөнү менен, мурунку жылы 2-орунду камсыздады. Бирок күйөрмандарды ойлондурганы – тыңгылыктуу оюндун жоктугу. Көп учурда «МЮ» коргонууга өтүп, чабуулду атаандашына да, өзү да жасабай калат.

Кубан Жумамидинов
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(1)
22.08.2018. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алиссон буйруса Ливерпулдун чемпион болушуна салым кошот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо