Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АК ЧӨМҮЧ БАШТАР – СУУ ӨСҮМДҮКТӨРҮНҮН ЭҢ КООЗУ

№824 17-23-август, 2018-жыл

Эл арасында экзотикалык жаныбарларды, өсүмдүктөрдү өстүргөндөр кездешет. Алардын бири Кара-Көл шаарынын тургуну. Анын көлмөсүндө көрүнүшү жана сууда өскөндүгү менен лотос гүлүнө окшошуп кеткен ак чөмүч баштар гүлдөп турат. Аталган өсүмдүктү өстүрүү сыры менен каарманыбыз бөлүшмөкчү.

«ТАМЫРЫНАН ӨСТҮРДҮМ»

Нуржамал Туралиева, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын тургуну:

– Ак чөмүч баштарды жасалма көлмөдө өстүрөм. Дарыя суусун буруп, көлмө кылып койгонбуз. Узундугу 40 метрдей. Бир жагынан суу жылжып агып кирип, экинчи жагынан аздан агып чыгып турат. Суу киргенде, жамгыр жааганда көлмөдөгү суунун өңү киргилденет. Ага карабай ак чөмүч баштар өсө берет экен. Бирок көлмө өтө кирдеп кеткенде өлүп калары бышык.

Өсүмдүктүн 10 даана тамырын 2010-жылы Бишкектен сатып келгем. Желим гүл идиштерге күйгөн кык менен топурактын аралашмасын салып, ичине тамырларды отургузуп, көлмөнүн 7-8 жерине салып койдук. Сууга топурак бат жуулуп кетпесин деп идиштеги топурактын бетине майда шагыл таштарды таштап койдук. Ак чөмүч баш акырындап өсө баштап, бирин-серин гүлдөдү. Жыл өткөн сайын көбөйүп баратышат. Жалбырактарынын суу астындагылары өсүп чоңойгондо суу бетине калкып чыгат. Жалбырактары май айында пайда болсо, гүлдөрү июнда ачылат.

Гүлдөрү эртең менен ачылып, кечинде жабылат да, суу астына кирип кетет. Буларды уругунан да көбөйтсө болот экен, бирок өзүм антип өстүрүп көрө элекмин. Жалбырактары эскиргенде аларды жулуп салабыз. Ошондон кийин жаңы жалбырактары өсүп чыгат. Бизден тамырын сурап кеткен коңшуларыбыз аларды идишке салбай, түз эле көлмөгө ташташкан, ошол жерден деле өсүп чыгып, көбөйүп жатат. Ак чөмүч баштар тамырлары менен көлмөнүн түбүндөгү ылай-топуракка жармашып алып өсүшөт экен.

Кышта суу алдында тоңгондой абалда жатып, жазында кайра жанданып өсүп баштайт.

«КЫЗЫЛ КИТЕПКЕ КИРГЕН»

Ак чөмүч баш (чөмүч баш) – суу өсүмдүктөрүнүн эң коозу. Нимфея деп да аталат. Көп жылдык өсүмдүк. Табиятта жок болуп бара жаткандыгы үчүн Кызыл китепке киргизилген. Кыргызстанда декоративдүү түрдө өстүрүлөт, жапайы түрдө өспөйт. 2 метрдин тегерегиндеги тереңдикте жакшы өсөт. Жалбырактарынын үстүнкү бети кочкул жашыл, асты жагы кызгылт-көк өңдө. Гүлүнүн бир аз жыты бар. Дүйнөдө 40тай түрү, көптөгөн сорттору бар. Өлчөмүнө карата карлик, майда, орточо, ири сорт деп бөлүнөт.

Орусияда, Украинада, Арменияда, Азербайжанда жапайы түрүндө кездешет. Тамыры жана уругу менен көбөйөт. Мөмөсү суу астында жетилип, анан жарылып, 1,5 миңден ашык баканын икрасына окшоп кеткен уругу суу бетине калкып чыгат. Канча бир убактан кийин урук суу астына чөгүп, андан жаңы өсүмдүк өнүп чыга баштайт. Балыктар жана суу канаттуулары уруктун башка жактарга таралышына салым кошот. Ак чөмүч баштын жалбырактары жана тамырын бугу, нутрия, ондатра, багыш жейт.

Кавказда жаш тамырлары тамак-ашка куурулган жана сууга бышкан түрүндө колдонулат. Анткени тамырынын курамында крахмал, белок, кант бар. Ошондой эле өсүмдүктү суудан чирип кетүүдөн сактоочу атайын заттын бар экендигин айта кетели. Кургатылган тамырын майдалап ун алса болот. Тамыры маталарды кара жана күрөң өңгө боёгонго да колдонулат. Илгери тамыры рак ооруларын айыктырууда пайдаланылганы айтылат.

"Дарыя суусун буруп, көлмө кылып койгонбуз. Ак чөмүч баштар ошол көлмөдө өсүп жатат".
"Жалбырактары май айында пайда болсо, гүлдөрү июнда ачылат".

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
21.08.2018. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин кураторубуз болчу Нуржамал эжеке аябай тартипке бекем эч пара албаган мугалим
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо