Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№824 17-23-август, 2018-жыл

Зафер Динчер, фотограф: “ФОТОАППАРАТТЫН АРКАСЫ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАН КООЗ ӨЛКӨ ЭКЕНИН БИЛДИМ”

Эң кооз жайларды, кызыктуу адамдарды сүрөткө түшүрүү Зафер Динчердин сүйүктүү хоббиси. Ал балдарга физика сабагынан билим берет. Кыргызстанда 15 жылдан бери жашап, кыргыз тилинде эркин сүйлөп, жадакалса кыргыз жарандыгын алууга камданып жаткан каарманыбыз менен чогуу таанышалы.



– Саламатсызбы, Зафер мырза? Кыргыз өлкөсүндө жашап калышыңызга эмне себеп болду?

– Кыргызстанга келгенде ушунча убакыт калып калам деп ойлогон эмесмин. Жеринин кооздугу, элинин меймандостугу тартты. Өзүм Германияда төрөлгөм, бирок Түркияда билим алдым. Кыргызстанга 2004-жылы келгем. Ошол кезден бери Ош шаарындагы Кыргыз-түрк лицейинде физика мугалими болуп эмгектенем. Сүрөт түшүрүүгө ата-энем Германиядан фотоаппарат алып келишкенден тарта кызыга баштадым. Бирок акыркы 4-5 жылдан бери фотосүрөтчүлүк кесипке олуттуу карап, дүйнөдөгү эң кооз жерлерди, анын ичинде Кыргызстанды кыдырып чыгууга да жетиштим. Сүрөттөрүмдү интернет аркылуу бөлүшүп жарнамалайм. Аздыр, көптүр болсо да туризм тармагына салым кошуп жатам.

– Көргөзмөңүздү өткөрүү пландарыңыз барбы?

– Бул боюнча Ош мэриясы, андан сырткары Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен байланышып, “сүрөт көргөзмөңүздү уюштуралы” деп сунуш кылышкан. Бирок иш жүзүнө аша элек. Бул жылы Кытайда өткөн сүрөт көргөзмөдө менин сүрөттөрүм да орун алды.

– Фотограф менен жөнөкөй адамдын айырмасы эмнеде деп ойлойсуз?

– Адам эмнеге кызыкса, көз карашы ошол жакка бурулуп кетет экен. Фотограф катары айта турган болсом, мен жаратылышка, айрыкча жайлоого чыкканда таза аба мага дем берип, жаратылыш менен бир бүтүн боло алам.

– Кандай тематикадагы сүрөттөр сизге жакын?

– Мен жаратылышты сүрөткө түшүрүү менен баштадым, каада-салт, боз үй, улак тартыш сыяктуу сүрөттөр көпчүлүктүн кызыгуусун жаратат. 2018-жылы “National Geographic” журналына Ноокатта болуп өткөн улак тартыш оюнундагы эмгегим “Күндүн сүрөтү” аталышында басылып чыкты. Бул мен үчүн да, Кыргызстан үчүн да абдан жакшы жарнама болду.

– Сиз баалаган кыргыз элиндеги сапаттар?

– Кыргыз эли өтө жөнөкөй, меймандос, жүрөгүндө кири жок калк. Конок келсе дасторконун жайып, дүйүм тамактарын коё калат. Мисалы, мен чөнтөгүмдө бир сом акча жок болсо дагы Баткенден Нарынга, Нарындан Таласка коркпостон жете алам.

– Кыргыз өлкөсү сиз үчүн?

– Кыргызстан – өзгөчө мамлекет. Насип болсо биротоло калайын деген оюм бар. Фотоаппараттын аркасы менен Кыргызстан өзгөчө кооз өлкө экенин билдим. Айрыкча айыл жергесинде жашаган карапайым адамдардын тааныбаган адамга абдан жылуу мамилеси жүрөгүңдү жылытат. Азыркы учурда менин негизги максатым – Кыргызстанга пайда алып келүү.

– Кичи мамлекетиңиз тууралуу айта кетсеңиз.

– Жубайым Хадиже менен 2006-жылы Түркияда баш кошконбуз. Ал дагы физика мугалими. Бир кыз, бир уулум бар. Кызым Бетүл Ошто төрөлдү . 5-класста окуйт. Уулум Ахмет Махир болсо 5 жашта, Таласта төрөлдү.

 


"Улуттук мүнөздөгү боз үйдү, жаш балдарды сүрөткө тартуу эргүү тартуулайт".
"Түнкү асмандын сулуулугуна чек жок".
"Сулайман тоо. 4 мезгил".
“National Geographic” журналына чыккан “Күндүн сүрөтү” аттуу эмгегим”.
"Кыргыз эли өтө жөнөкөй, жүрөгүндө кири жок калк келет".


Жаңыл Ниязбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(8)
21.08.2018. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кооз жерде жашаарыбызды баардык эл билет!Бизден тышкары...Кадырына жетпейбиз даа жерибиздин,ошонусу окундурот!
21.08.2018. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Оз козу менен коро албады бекен кооздукту?
21.08.2018. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Агайым бар болунуз! Алтын адамсыз. Хажиче хожама менден салам.
23.08.2018. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызстандын жараны болууга аракет кыласызда конечно. Түркияга барсаңыз камап салат....!
23.08.2018. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстанымдын сулуулугуна соз жок. Эн керемет жерибиз. Элибиздин кен пейилдуулугу, меймандостугу озунчо мактоого арзыйт. Азаматсыз агай.
24.08.2018. 07:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыймыктанам
24.08.2018. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ах ашыкча мактап салгангооо.керемет калк болсок педофилдер болмок беле .Бурулайды мыкаачылык мн олтуртмок белек
24.08.2018. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кереметтуу Ысык-колумо келсе, кооздугуна вообще оозу ачылып, жабылбай калат го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо