№824 17-23-август, 2018-жыл
Балдардын азабына эне гана чыдайт. Ош облусунун Араван районунун тургуну Урматкан Токур кызы бала бактысына балкып, алардын кубанычтарына ортоктош болуу ниети менен 4 баланы жарыкка алып келген. Тилекке каршы, анын 2 кызы психикалык жактан жабыркаса, үчүнчүсүнүн талмасы бар жана ДЦП менен ооруйт. Учурда жалгыз бой эне балдарынын азабын жалгыз тартып келет. Кеңсебизге баш баккан бул аял 11 жашар кызын колуна алып отуруп, оор тагдыры тууралуу айтып берди.
“ЭКИ КЫЗЫМ КОШУНАЛАРДЫ ТАЖАТТЫ”
- Мен да эл катары бактылуу жашоону ниет кылып 20 жашымда турмушка чыккам. Бирок жашоо биз кичинекей кезибизде кыялданып элестеткен жомокторго окшошпойт экен. 3 жылдан кийин жолдошум каза болуп калды. 2 кызым менен жалгыз калдым. Кыздарымдын дени сак болсо дагы кыйналбайт элем. Бирок экөө тең төрөлгөндөн тарта психикалык жактан ооруп келишет. Улуу кызым 22 жашта, 4 жашында баскан. Анысына шүгүр. Бирок сөзгө түшүнбөйт. Көчөдөн бирөөлөр менен уруша кетет. Айрымдар кызымды уруп коюшат. Өткөндө үчүнчү кызымды карап жатып уктап кетиптирмин. Бир маалда кызымдын “апа-а” деген кыйкырыгынан ойгонуп кеттим. Сыртка чыксам бир айылдаш келин кызымды арыктагы сууга басып алып уруп жатыптыр. Андай учурда жүрөгүм ооруйт. Чыдап отура албай, андайлар менен урушам. Тиги кыз мага да асылып, жулмалап калды. Кошуналарга “кызым бир нерсе кылса ага тийбей, мага айткыла” деп айтып турам. Бирок ага болбойт да. “Кызыңызды үйдөн чыгарбай караңыз” дешет. Кантип үйдөн чыгарбай камап коём? 9-класска чейин мектепке барып-келип жүрдү. Андан кийин мугалимдер кызым эч нерсени эптей албай жаткандыгына байланыштуу кыйналып кеткендиктерин айтып, мектепке албай коюшту. Улуу кызым үй шыпырып, идиш жууп, огороддогу жумуштарды жасаганга, үчүнчү кызымды караганга жардам берет. Таксиге түшүү да көйгөй жаратты. Бир таксист “Мындайларды салбайм. Жолдон бир нерсе болуп калса, жооп бере албайм” деп албай койду. Биз Жалдагы балдар ооруканасына да бардык. Алар “орун жок, багыттама жок, кызыңыздын талмасы бар экен” деп ар кайсы шылтоону айтып, бизди араң кабыл алышты. Ооруганыбыз үчүн бардык да. Соо адам оорукананын эшигин эмнеге какмак эле? Эртеси кызымдын ичи өтүп кетсе, жаман көрүп улам сүйлөнүштү. Мен алар менен урушуп кеттим. Анан дагы “кызың адам болбой калышы мүмкүн. Кудайдан, дарылана бергиле” деп айтышты. Азыр кызым баса албайт, сүйлөй албайт, эч нерсе кармай албайт. Тамакты өзүм берем.
“МАГА БАЙЛЫКТЫН КЕРЕГИ ЖОК. КЫЗДАРЫМДЫН ДЕН СООЛУГУ ЖАШООМДУ ТҮГӨЛ КЫЛМАК”
Өзүм бала бакчаны тазалап иштейм. Жумушка дайыма эле чыга албайм. Абалым өзүңүз көрүп тургандай. Кызым кыйналып калса жанында болушум керек. Ушулар деп эле чуркап жүрөм. Мен да аялмын. Кээде эл катары кийинип алгым келет. Бирок айла жок. Балдарымды жакшы көрөм. Булар бир нерсе болсо жашай албайм.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |