КСДП: ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫНДАГЫ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШТҮ АТАМБАЕВ БАШТАГАН

№824 17-23-август, 2018-жыл

Бишкекте “Энергетика тармагындагы коррупция менен күрөшүү” деген темада жыйын өттү. Анда Түндүк электр ишканасынын Директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Сапарбек Аргынбаев өлкөнүн энергетика тармагына келген инвестицияны экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тобу тоноп жүрүшкөнүн, буга Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга жаңылоо ишиндеги коррупциялык окуялар далил экенин айтты.

Ушул эле күнү КСДП Аргынбаевдин бул билдирүүсүнө комментарий берди. Анда ЖЭБди жаңылоонун тегерегиндеги ызы-чуу – чыныгы коррупцияга каршы күрөштөн көңүлдү буруу амалы, Атамбаевдин тушунда Кыргыз өлкөсү энергетикалык көз карандысыздыкка жеткен деген маалымат таратылды. “Калкты үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыздоо кепилдиги пайда болду. Адамдар жарык качан өчөт деп коркпой калышты. Бул тармактагы коррупцияга каршы күрөш Атамбаевдин тушунда башталган”,- деп айтылат КСДПнын жообунда.

Айта кетсек, 2011-2015-жылдары өлкөдө “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр линиясы тартылды. Долбоордун баасы 389 миллион долларды түзүп, бул акчаны Кыргыз өкмөтү Кытайдан карызга алган. Мурда Токтогул ГЭСинен өндүрүлгөн электр энергиясын өз аймагы аркылуу Кыргыз Республикасына өткөрүп бергени үчүн Казакстан менен Өзбекстанга жыл сайын 8-10 миллион доллар тегерегинде акы алып жүргөн. “Датка-Кемин” ишке киргенден бери коңшуларга акча төлөнбөйт. Бирок парламент депутаттары "бул долбоордо да Бишкек ЖЭБин жаңылоодогудай коррупциялык уурдоолор болушу мүмкүн, текшерүү керек" деген сунуштарды айтып жатышат.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо