Гүлназ Чыныбек кызы: «КЛИП ТАРТЫП ЖАТКАНДА ЕРКЕ ЕСМАХАН ЫРЫҢДЫ ЖОК КЫЛ ДЕП КОРКУТКАН»

№824 17-23-август, 2018-жыл

“Бишкек, Чүйдө жок, жок. Ош, Баткенде жок, жок” деген “кыргыздын Есмаханы” Гүлназ Чыныбек кызы биздин маек төрүбүздө. Бул ыры чыккандан кийин элдин баары “Издегениңди таптыңбы?” деп сурай беришкенинен ал ырына жооп кылып, “Мына” деген ыр жаздырып, клип да тартып салды. Бирок ырчы жашоосунда сүйүктүүсүнө жолуга элек. Апасынын “качан турмушка чыгасың?” деген суроосу кулагынын кужурун алып жаткан чагы.

Туулган жылы, күнү –
1988-жыл, 5-июль

Туулган жери – Өзгөн району, Мырзаке айылы

Билими – ОшМУнун журналистика факультетин аяктаган

Үй-бүлөдө – 6 бир туугандын төртүнчүсү

– Гүлназ, сени биз казак ырчысы Ерке Есмахандын “Кайда?” деген ырын кыргызчага которуп ырдап чыккандан бери тааныйбыз. Ырчылык өнөрүң Казакстанда башталган деп уккам, ушундайбы?

– Негизи кесибим боюнча журналистмин. ОшМУну аяктагандан кийин телеканалдарда 1-2 жыл иштедим. Айлыктын аздыгынан 2014-жылы Казакстандын Байкоңур шаарында иштеген эжемдин жанына барып соода кыла баштадым. Базарда кийимдерди жайып жатып, жыйнап жатып кулагыма наушник салып алып ырдай берчүмүн. Бир жолу жанымда соода кылган бала “Айбек Куатбаев деген ырчы дуэт ырдаганга кыз издеп жатат, сен жакшы ырдайсың, барып көр” деп калды. Айбек Байкоңурга таанымал ырчы болчу. “Казакча араң сүйлөп жатсам, кантип ырдамак элем?” дедим. Болбой эле кошунам тиги ырчыга менин телефон номеримди жазып коюптур. Айбек дароо мага бир ырды жиберди. “Менин эмнем кетип жатат, ырдап көрө берейинчи” деп студияга бардым. Эки жолу ырдап үнүбүздү жаздык ошону менен бүттү дешти. 2-3 күндөн кийин ырды жиберди. Укканда сүйүнгөнүмдөн көз жашым куюлуп кетти. Айбек экөөбүз дагы дуэт жаздырдык. Ошентип ырчы болуп кеттим. Күндүзү соода кылам, кечкисин тойлорго чыгам.

– “Кайда?” деген ырды качан жаздырдың?

– Есмахандын ыры чыкканда эле баягы кошуна бала “уксаң, сонун ыр чыгыптыр” деп калды. Ырдын минусовкасын таап, өз үнүм менен казакча жаздыргандан кийин “кыргызча которсом кандай болот?” деген ой келди. Еркенин Инстаграмдагы номерине чалсам менеджери алды. “Мен Байкоңурда иштеген кыргыз кызымын, “Кайда?” деген ырыңарды кыргызча которуп ырдайын дегем” десем, макул болушуп ырдын автору студент Диана Исмаилованын номерин беришти. Диана бул ырдын текстин да, обонун да 9-классында эле жазыптыр. Бирок ырдын текстин башка акын иштеп чыккан экен. Диана “макул, ырдаңыз, бирок Есмахан төлөгөн акчанын жарымын бериңиз” деди. 25 миң сомго сатып алдым, бирок ортобузда кагаз жүзүндө эч кандай документ жок. “Кимге аранжировка жасатайын?” десем, Диана Есмаханга аранжировка жасап берген адамдын номерин берди. Көп өтпөй Чымкентте аранжировка жасаттым. Ыр бир айдан кийин даяр болду. Ушунча акча коротуп баштагандан кийин артка жол жок болучу. Кыскасы, бул ыр өтө кыйынчылык менен жаралды.

– Клипти Кыргызстандан тарттыңбы?

– Ооба, клип тартам деп Кыргызстанга келдим. Тааныштар аркылуу аты таанымал бир продюсерге “жардам бериңиз” деп барсам, “бирөөнүн ыры менен чыкпа. Эл которуп алыптыр деп сени тебелеп кетет” деди. Ошону менен ырга клип тарткым келбей, бозоргон боюнча кайра Байкоңурга кеттим. Бирок аудиосун SUPER.KG порталына жүктөп койдум. Бир айдан кийин карасам угармандар ыр тууралуу “Гүлзада Рыскулова ырдаган окшойт. Каныкейдин үнү го” деген жакшы комментарийлерди жазышыптыр. Ар кайсы интернет каналдар башка эле ырчы кыздардын сүрөтү менен ырымды да жүктөп салышыптыр. Булардын баары мага кадимкидей шык берди да, клип тартайын деп чечтим. Тартуу иштери ортолоп калганда Ерке Есмахан телефон чалып “токтот, ырларыңды бардык жерден алдырып, жок кыл. Болбосо сотко беребиз, чоң акчага сындырабыз” деп коркутту. Инстаграмга “съёмканын 1-күнү, 2-күнү” деп илгем, ошону “илбей койсом болмок экен” деп өзүмдү уруша баштадым. Ал мага башында ырдай бер дегенде ыр мынчалык элге алынып кетет деп ойлобосо керек. Казактар “ыр кыргыздардыкы экен. Есмахан которуп ырдаптыр. Кыргыз кыз жакшы ырдаптыр” деген сыяктуу пикирлерди да айтышыптыр. Биздин маалымдоо каражаттары, казак телеканалдары да бул темага кайрылып жатышты. Казакстандагы бир телеканал, ырдын автору Диананын өзүнөн интервью алгандан кийин гана Ерке мага эч нерсе дебей калды.

– “Мына” деген ырыңды биринчи чыгармаңдын уландысы деп түшүндүк...

– Ооба, уландысы. Кайда барбайын “эмне болдуң, анан таптыңбы?” деп сурай беришчү. Ошондон улам “бул ырдын уландысын жазыш керек экен” деп ойлодум.

– Эки ырың тең плагиат, эл чын эле тебелеп кеткен жокпу?

– Мени сындагандар да, алга сүрөгөндөр да болду. Ар бир угарманга жагыш кыйын деп ойлойм.

– Кичинекей Гүлназдын таман издери кайда калган, кайсы жердин кызысың?

– Мен Өзгөн районундагы Мырзаке айылында төрөлүп, ошол айылда чоңойгом. 5 кыз, 1 уулбуз. Атам азыркыга чейин мектептин директору, апам дагы мугалим. Кичинекей кезимде түшкө чейин мектепте окусам, түштөн кийин музыкалык мектептен сабак алчумун. Бирок ал мектепти бүтө албай калдым. Анткени мектептен келгенден кийин уй кайтарышым керек эле. Менин биринчи көрөрмандарым уйлар болду. 3-4 уйубуздун алдына чуркап чыгып “назарыңыздарда Гүлназ ырдайт” деп, үстөл алып келип, отуруп алып комуз чертип, уйларга ырдап берчүмүн.

– Жеке жашооңо кайрылалы, жигитиң барбы?

– Инстаграмдагы баракчамда продюсерим Азаматтын телефону жазылган. Ага чалып “сен жолдошу болосуңбу?” деп сурашат экен. Менин азырынча жолдошум да, жигитим да жок. Апам “чыгармачылыгың гүлдөй берсин, бирок бизге өзүңө окшогон жаркылдаган жолдошуң менен үйгө ээрчишип киргениң жакшы эмеспи” деп кулагымдын кужурун алат.

"Ырларыма кандай клип тартсам деп сюжетин кагазга жазып жүрчүмүн".

Сүйүн Кулматова
s
tar@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(25)
21.08.2018. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Чон акчага сындырабыз деп !..хммм "Элдер" кыйын ушундай..Биздин ырларды кочуруп, Казахстанда хит кылып журушот го озулору деле!?
21.08.2018. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Izdei_-_berem,авторлор акысы бар сотко бергенге
21.08.2018. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Базарчылар ырчы болгон замана. Илгери откон заманда,СССР боло электе Россияда ырчы каза болсо мурзого комдурушчу эмес экен. Же мурзонун четине,же вообще башка жака койдурчу экен. Элдин арасынан жай беришчу эмес экен. Билбейм эмнеге. Азыр болсо ырчылар оздорун элита коруп алышты. Акчасына чиренишип тойдон тушкон
22.08.2018. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nanei, жалган маалымат.
27.08.2018. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nanei,жомок жомок жомок артынан жомок!
21.08.2018. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы чыккан ыры, интервьюда азыраак мактанып койгонбу дейм да
27.08.2018. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
monster_high_98, ооба кичине жетпей калыптыр азыраак мактанып койуп тур да опко кичирээк окшойт
21.08.2018. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Гулназ мектепте активистка,кыйын окуган кыз болчу.Аябай сулуу болуп озгоруп кетипсин.Сенден кыйын адис чыкмак,юрист,экономист!!!
21.08.2018. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Пхааха, даяр ырды аябай кыйынчылык менен жаралды дейт го.
21.08.2018. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Бул кызго даяр ырды ырдасада авторунан уруксат сурап ырдаптыр ,анысын жашырбаптыр деле,башка ырчыларыбыз авторлору "өздөрүго")))
21.08.2018. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Op bo boidokmun degendei namek kylupsyn go. Eki uuldun enesi ekenindi eldin baary bilet go chyragym. Operasiya bolgon son kuyoo bala tashtap ketken. Ushundai chyraktai kyzdy. Emi baktyndi tap karyndash.
21.08.2018. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Урматтуу,админ!"Уйубуздун" эмес,"уюбуздун"болот беле?Же мен адашып жатамынбы?
21.08.2018. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
jasko,уйубуздун болот. Уйду айтып жатат да. (Малды)
22.08.2018. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Jaziko80,мал жонундо ацтылганда уюбуз деп жазылат
21.08.2018. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Белгилуу болгон ырды ырдап чыгып алып эмненсине мактанып жатат? Эсмехан молодец клипти да ырды да сонун жараткан. Бут копия кылып алыр уялбай ар кандай жомокту айтыптыр.
23.08.2018. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Linkin.,озун ырдап алчы ошентип
21.08.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бирөөнүн ырын ырдаса да зато үнү, таланты бар экен элге алынды сразу. Башкалары жүрөт го жыйырма ырды күңк мыңк этип жаныыййм деп ырдап. Бактылуу болуңуз эжеке.
Анан жогоруда эки баланын энеси деп жазыптыр, балким ушул маалыматты тактап кетээрсиңер, угармандарына кызык?
21.08.2018. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Гүлназдын таланты, аракетчилдиги анан адамга кылган мамилеси абдан жакшы. Киши менен жакшы тил табышат. Жаркылдаган шайыр мүнөз кыз. Бир сөз менен айтканда арам оюу жок, чын жүрөктөн жүргөн кыз.
P.s. Гүлназдын эч кимиси эмесмин, дагы "бирдеме" дебегиле
22.08.2018. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тиги румын элинин ырындагы койногун мн отугун жарашпай калган, же койнок кыскараак болуш керек эле же отук. Эки уулдун энеси болсо эмне болуптур, тугойу жок болсо демек бойдок. Жакшы ырдайт сыяктанат, озундун эмгегинди кутобуз. Сахнада,эфирде озун жакшы алып журот экен.
22.08.2018. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ырчылар коп айтат го "күйөрмандарым мени жана жеке жашоомду эмес, чыгармачылыгымды жактырып, ошону сындаса "деп. ошол сынары 2 баланын энеси болсо эмне болуптур? аны менен силердин ишинер эмне? же балалуулар менен ажырашкандар бир тепкич ылдый турабы ?! Мен Гулназдын талантын баалайм. Ото жонокой, маанилуу суйлогон кыз
23.08.2018. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ырдын тарыхын башкача окуган элем... Бул жерде 100% өзгөрүп кетиптир.
24.08.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну сонун экен. Азаматсын! Анан эки баланын энеси деп эч жерде жазбаптыр го? Слер кайсы жерден эле коруп айтып жатасынар?
26.08.2018. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулназды жубайлыка алайын десе 2 уулу бар дейт го ))
26.08.2018. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздын Есмаханы дебей эле жазса болбойбу? Расул Маматкуловту кыргыздын жиммиси дединер, Бактияр Токторовту кыргыздын Модерн Токини деп. Койгулачы э, улутту сактайлы туугандар!!!
27.08.2018. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Есмахан ким эле ))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо