№824 17-23-август, 2018-жыл
Кыздарды “дадагаң а болуп эле кетейин” деп эркелеткен “Музаман” тобунун жалгыз бойдогу Тариэл Токмергенов сүйүктүүсүнө баш кошот. “Буга чейин үйлөнөм деген максатта жөнөкөй кыздарды караштырып жүргөм. Жылдын башында “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” фестивалында ырдап калдык. Ошол жактан “Мыкты анимация” наамын алган Сырга аттуу жеңүүчү кызга көзүм түштү. Тайпалаштарынан сураштырсам, Чүйдөн экен, анан да аны укмуш мактап салышты. "Мындай кыздар аз, жетсең сонун болот" дешти. Ошондон кийин артынан түшүп жүрүп араң көңүлүн таптым. Келечектеги жубайымдын аты Сырга, Кыргыз-Түрк "Манас" университетин аяктаган. Буюрса, 18.08.18 деген даталуу күнү баш кошкону турабыз",- дейт. Чыгармачыл адамдардан түзүлчү үй-бүлөгө жаңы дем, бактылуу жашоо каалайбыз!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |