Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 17-АВГУСТТАН 23-АВГУСТКА ЧЕЙИН

№824 17-23-август, 2018-жыл


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.


КОЙ (21.03-20.04)

Дос, өкмөт өкүлдөрү менен алака кылууда абайлаңыз. Түшүнбөстүктөр келип чыгышы мүмкүн. Эсепке так болуп, чөйрөдөгүлөр менен мамилени бузуп албоого аракет жасаңыз. Ийгиликтердин тилкеси дагы да уланат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жогорку кызматтагы адамдар, текшерүүчү органдар менен чече турган маселелер чыгат. Шашмалыкка алдырбай, ойлонуп иш кылыңыз. Каршылыктарды жеңе билсеңиз ийгиликке жетишесиз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Сиз иштеген жерде салык органдары пайда болот. Алар сиздин тапкан айлыгыңыз менен кирешеңизге кызыктар болуп, документтерден кемчилик издешет. Сак болуңуз. Балдарыңызга акча сарптайсыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптаны ийгиликтер коштойт. Чыгым тартасыз. Акчанын сарпталышына өнөктөштөр же үйдөгүлөр себепкер болот. Үй-бүлөдө таарынычтар болушу мүмкүн. Буюм аларда жакшылап тандап алыңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Жетекчилик, айрым өнөктөштөр менен пикир келишпестиктер жаралат. Жан шеригиңизге аяр мамиле жасаңыз. Буюм алуу, акча табуу жагы ойлондурат. Бир туугандарга көңүл бөлүңүз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Ден соолукка, жумушка жакшылап көңүл бөлүңүз. Акыркы кездегидей алгылыктуу иштерди бүтүрүүгө кирише бериңиз. Документтерге так болуңуз. Каржы маселелери оң жакка чечилет.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Эс алууга, балдарга акча сарптоого мажбур болосуз. Антпесеңиз алар сизге өнөрлөрүн көрсөтүп, таарынышат. Жумуштарыңыз ойдогудай жүрөт. Сырткы келбетиңизге көңүл бурсаңыз ашыкча болбойт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Үй-бүлөңүздө чыңалуу абалы жаралышы мүмкүн. Жакындарыңызга аяр мамиле жасаңыз. Үйгө эски же башка бирөөнүн буюмун алып келсеңиз абайлаңыз, анткени ал чырдын себепкери болуусу мүмкүн. Жашыруун сыр ачыкка чыгат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Кошуна, бир туугандар менен таарынышып калбоого аракет жасаңыз. Сапарга чыгуу, унаа маселеси ойлондурат. Курбу, кесиптештерге сырыңызды төкпөй чекти сактаңыз. Жумуш, каржы жааты ойдогудай болот.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Каржы маселеси кабыргаңызды кайыштырат. Күтүүсүз чыгашалар болот.Чыгармачылык үчүн да акча коротосуз. Сыйлуу адамдар менен аралыкты сактай билсеңиз, баары жакшы болот.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада жакындарыңыз сиздин идея, жаңы ишиңизге каршылык көрсөтсө капаланбаңыз. Чарба иштерине көп алагды болосуз. Алыстагы туугандар, текшерүү органдары, кайын журтуңуз менен жакшы мамилени бузбоого аракеттениңиз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жашыруун душмандарыңыз активдешип, ушак-айыңдар күчөйт. Бир нерселерге илешип калуудан сак болуңуз. Кошуна, бир туугандар арасында келишпестик чыкса, мыктысына кайрылыңыз. Ал туура чечип берет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо