№825 24-30-август, 2018-жыл
Кыргыз өлкөсүндө 1 миллион 200 миң гектардан ашык айдоо жери болсо, анын 75 пайызы сугат жерлери. Бирок өлкөнүн айыл чарба тармагында техникалардын эскилиги эң чоң көйгөй жаратып келет. Бул маселе фермерлерге кандай түйшүк алып келет? Биринчиден, эскилиги жеткен техниканын кыймылдаткычы ашыкча май керектейт жана күйүүчү майды керектөөсү бир канча эсеге өсөт. Экинчиден, эски техника бат-баттан оңдоону талап кылат. Мындай учурда фермер убактысын жоготот жана өз убагында талаа иштерин жетиштүү деңгээлде аткара албай калат.
Бул маселелерди чечүүнүн жолу барбы?
Албетте, бул маселелерди кытайлык УТО үлгүсүндөгү тракторлор чечет. Бул тракторлор ишенимдүү, колдонууда оңой, заманбап, эң негизгиси баасы да башка тракторлорго караганда бир топ арзан. Мындай тракторлор Кыргыз өлкөсүнө 2006-жылдан тарта келе баштаган. Ал учурда Кыргыз-Кытай өкмөттөр ортосундагы кызматташуунун негизинде фермерлерге 2 миң даанадан ашуун трактор сатылган.
УТО заводунан чыгарылган тракторлордун Кыргыз өлкөсүндөгү тракторлордон артыкчылыктары:
Кыймылдаткычы Улуу Британиядагы PERKINS технологиясы тарабынан иштелип чыгып, трактор кошумча кубаттуу, ишенимдүү жана жүк тартууда туруштук бере алат, ошондой эле күйүүчү майды дагы аз сарптайт;УТОнун тракторлорун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылындагы Ленин көчөсү, №335А дарегинен жана Өзгөн районунун Бахмал айылында жайгашкан “Аталык Агросервис” борборундагы расмий дистрибьюторунан сатып алууга болот.
“Аталык Агросервистеги” тракторлорду сатып алууда эң чоң артыкчылык
Компания тракторду 1 жылга кепилдик берүү менен “Айыл банк” аркылуу төмөнкү үстөк пайызда 7 жылдык мөөнөткө чейин лизингге берет. Баштапкы төлөм өз баасынын 10 пайызынан баштап жеңилдик каралган.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |