Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«LOVE IS…» . СӨЗ МЕНЕН АЙТЫЛБАГАН СЕЗИМДЕР ТУУРАЛУУ СҮЙҮҮ БАЯНЫ

№825 24-30-август, 2018-жыл

«Сүйүү – бул…» сагызын эки жемиштин айкалышкан даамынан сырткары аны сүйүүнүн эмне экенин түшүндүргөн сүрөттөрү жана сөздөрү үчүн да алып чайнайбыз. Сагыздын фантиктерин чогултуп, ага жазылган сөздөрдүн маанисин өз жашообузга салыштырып, окшоштуктарын таап жыргап да алабыз. Бирок кара чачтуу бала менен сары чачтуу кыз бизге чыныгы сүйүү баянын айтып берип жатканын көпчүлүгүбүз биле бербесек керек.

«КОЛУМДАН КЕЛСЕ, РОМАНТИКАЛЫК ЫРЛАРДЫ ЖАЗМАКМЫН»

«Love is…» сагызы жаңы зеландиялык Ким Гроуф менен италиялык Роберто Касалинин сүйүүсүн баяндайт. 1942-жылы туулган Ким Гроуф кичине кезинде эле чыгармачылыкка жакын экенин түшүнүп, өзүн кайсы бир тармактан табуу үчүн 19 жашында саякаттоону баштайт. Дүйнө кезип жүрүп, 1967-жылы АКШнын Калифорния штатына барып, ал жактан италиялык программист Роберто Касали менен таанышып калат. Мына ушул жерден башталган сүйүү баяны азыр да дүйнөгө сүйүүнү даңазалап жүрөт. Ким сүйүктүүсүнө сезимдерин билдиргиси келсе салфеткага кыз менен баланын сүрөтүн тартып, алдына ар кандай сөздөрдү жазган.

Бир интервьюсунда «Шыгым болгондо мен романтикалык ырлардын автору болмокмун. Сүйүү тууралуу ырлар менин жүрөгүмдүн кылдарын чертип өтөт. Бирок менин кооз сөздөрдү кураштыруу жөндөмүм жок. Ошондуктан сезимдеримди билдирүүнүн башка жолун тандоого туура келди» деп айткан. Ошол себептен чыт курсак кичинекей жылаңач кыз жана ага окшош баланын сүрөтү менен кыска сценалар жаралган. Комикстердин жаралышы тууралуу Ким «Мен эмнени сезип жатканымды билдириш үчүн сүрөт тартчумун. Бул нерсе менин эмоцияларымдын күндөлүгү эле. Сүрөттөр менин сезимимдин күндөн-күнгө өөрчүп жатканын көрсөтүп турчу. Алгач бир тамчы тарткам. Ал мен элем. Сүрөттөгү кыз мен сезип жаткан фантастикалык сезимдерди сезет. Анан дагы бир тамчы тарттым. Ал эркек. Ал менин сезимдеримдин себепчиси».

Ким менен Роберто Жаңы Зеландиядагы Кимдин ата-энеси баш кошкон чиркөөдөн баш кошушкан. Ал учурда Ким 30, Роберто 26 жашта болчу. Үйлөнүү тоюна Ким гүлдөрдөн жасалган таажы жана вуаль кийген. Дал ошондой таажы менен вуалды Ким өзүнүн чыт курсак каарманына да кийгизип тарткан. Ким: «Атам мен жаш кезде эле каза болуп калган. Роберто менин колумду сураганда макул болдум. Бирок «эмне кылсаң дагы менден эрте өлбө!» деп сурангам. Ал күлүп, аракет кыларын айткан»,- деп эскерет.

Кимдин тарткан комикстери Робертонун продюсерлиги астында 1970-жылы 5-январда «Los Angeles Times» гезитине алгачкы ирет басылып чыккан.

Иллюстрациялар Эрих Сигалдын «Сүйүү баяны» китеби жана ушундай аталыштагы тасма менен бир убакта чыгып калган. Фильмдин урааны «сүйүү – бул сенин кечирим суроого болгон милдетиң» эле. Ким бул ураандын маанисин өзгөртүп «сүйүү – кечирим сурай алганыңда» деп жазып чыгарган. Кимдин ою окурмандар тарабынан жакшы кабыл алынган. Комикстер аз убакыт ичинде кеңири тарап, аталган гезиттин акыркы барактарында жума сайын басыла баштаган.

Комикстер аз убакыттын ичинде футболка, календарь, кружка жана башка буюмдарга да чаптала баштаган. Сүрөттөрдүн атактуулугу өсө бергенинен «Minikim» корпорациясы түзүлүп, Роберто жубайынын иштеринин башкаруучусу болуп калат.

КҮЙӨӨСҮ ӨЛГӨНДӨН КИЙИН ДА АНДАН БАЛАЛУУ БОЛГОН

Комикстерде кыз менен баланын таанышканынан баштап жуптардын каза болгонуна чейин баяндалат. Сүрөттөрдөгү каармандардын бир кыз, бир эркек балдары бар. Бирок чыныгы жашоодо Ким Робертого Стефано жана Дарио аттуу 2 уул төрөп берген. Тилекке каршы, экөөнүн бактылуу үй-бүлөсүнүн өмүрү көпкө созулган эмес. 1975-жылы Роберто рактын айыккыс стадиясына келип калганы маалым болот. Ким убактысын жалаң күйөөсүнө дары издөө менен өткөрүп калат. Бул учурда комикстерди тартпай, бул ишти англиялык аниматор Билл Эсприге тапшырат. Дал ушул аниматор жылаңач каармандарга түстүү кийим кийгизген. Түстүү комикстерди Орусиянын, Түркиянын жана Украинанын сүрөтчүлөрү да тарта башташкан.

Жубайлар дагы балалуу болууну каалашат. Ошондуктан алар Робертонун бел суусун тоңдуруп коюуну чечишет. Бул эгер Робертонун көзү тирүү кезинде Ким кош бойлуу болбой калса, бул кыялды ал жокто да ишке ашыруу ниети эле. Роберто Касали 1976-жылы 31 жашында каза болгон. Комикстерде Ким жана эстелик гана калган.

Күйөөсү өлгөндөн 16 айдан кийин Ким Робертонун тоңдурулган бел суусун колдонуп, күйөөсүнөн үчүнчү ирет балалуу болот. Сүрөттөрдө кыз коляска сүйрөп, астында «Мило Робертону тааныштырганыбызга кубанычтабыз. Ата-энеси: Ким жана Роберто (өлгөндөн кийин, жасалма уруктандыруу жолу менен)» деп жазылат.

Көп адамдар колдоо каттарын жөнөтүшкөнү менен, диний басылмалар Кимдин «диний моралга» каршы кадам жасагандыгын айтып айыптап чыгышкан. Айыптоолорго Ким «Мило ата-энесинин сүйүүсүнөн жаралды. Муну сындап жаткандар бар болсо, анда дүйнө тең салмактуулук сезимин жоготуптур деп түшүнөм. Күйөөмдүн көзү тирүү кезинде эле жасалма жол менен балалуу болууга аракет кылдык. Ал тирүү болгондо деле Мило төрөлмөк. Робертонун өлүмү бир нерсени өзгөрттүбү?» деп жооп кайтарган. Кимге да узак жашоо буюрбаптыр. Ал 55 жашында, 1997-жылы сөөктүн жана боордун рагынан улам каза тапкан. Азыр алардын улуу баласы Стефано үй-бүлөлүк ишкердикти улантып келет.

Түстүү комикстер чыга баштагандан көп өтпөй «Интергам» аталышындагы сагыз чыгарган компания эч кандай уруксаты жок эле бул сүрөттөрдү колдонуп алган. «Love is…» деп атап сагыз чыгарып, ага комикстер тартылган фантиктерди орошкон. Сагыз 1990-жылдары КМШ өлкөлөрүнө жайылып, азыр да элдин сүймөнчүгүндө.

САГЫЗ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР...

  • Байкасаңыз, сагыз 2 түс жана 2 даамдан турат. Бул эки жемиштин бири-бирине болгон сүйүүсүн символдоштуруп турат.
  • Билл Эспри анын комикстери менен түрк сагызы оролуп чыгарылып жатканын билген эмес. Бул тууралуу ал 2008-жылы журналисттер бул сүрөттөрдүн автору катары интервью алуу үчүн телефон чалганда гана билген. Бирок Билл эмгегин колдонгондор менен териштирүү жүргүзгөн эмес.
  • 2002-жылы Санкт-Петербургдагы кондитердик «Меньшевик» фабрикасы «Life is… Life» деген сагызды аталышы, тышкы орогучуна чейин окшош кылып чыгарган. Бирок федералдык антимонополия кызматы бул сагызды чыгаруу түрктөрдүн «love is…» сагызын чыгарган компаниясына карата абийирсиз атаандаштык деп таап, сагызды чыгарууга тыюу салган.

Перизат Музуратбекова
s
tar@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(6)
28.08.2018. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Фантиктердеги суротторду топтоп кечке карап отура берет элем бирок чыныгы суйуу болгонун билбепмин.
28.08.2018. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Чын эле мен дагы топтоп журчумун,озунчоле бактылуу болуп....Тарыхы бар турбайбы
28.08.2018. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сонун,суйуулоруно суктандым го.
29.08.2018. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен да учурунда фантиктердин баарын болбосо да, көпчүлугүн чогулткан элем. Ал гана эмес атайын бир дептер ачып, анын ар бир бетине фантиктеги сурөттөрду тартып чыкканым эсимде.))Балалык жана окуучулук кез))
29.08.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Окучуулук кезде барыбыз love is... алганда созсуз бири бирибиздин фантиктерибизди окуп чыгат элек.
03.09.2018. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эмне чыгыптыр деп сөзсүз окучумун)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо