Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№825 24-30-август, 2018-жыл

РОУП-ЖАМПИНГ – АДРЕНАЛИНГЕ СУУСАГАНДАР ҮЧҮН

Китеп окуу, театрга баруу, спорт менен машыгуу. Көпчүлүк адамдардын эс алуулары дал ушундай мүнөздө өтөт. Ал эми абдан активдүү адамдарды мындай тынч жашоо кызыктырбайт. Ошондуктан аларга адреналин алуу үчүн түрдүү коркунучтар тоскоолдук жаратпайт. Акыркы күндөрү Кыргыз жергесинде экстримдин жаңы түрү – роуп-жампингге кызыккандар көбөйдү. Роуп-жампинг кандай жаралган, эмнеси менен кызык? Ушул суроолорго чогуу жооп табалы.



Роуп-жампинг – аркан жиптердин жардамы менен ар кандай бийиктиктерден (аскалар, бийик имараттар, көпүрөлөр, тоолор) секирүү.


ЖАРАЛЫШЫ


Роуп-жампинг – англис тилинен которгондо «жип менен секирүү» дегенди түшүндүрөт. Бул экстремалдуу эс алуу түрүн америкалык аскага чыккыч Дэн Осман аттуу баштап берген десек болот. Ал татаал маршрутту багындырууда дал ушул «түшүп кетсем эмне болот?» деген коркунуч жолтоо болуп жатканын түшүнгөн. Ошондуктан өзүнүн коркуу сезимин жеңүү үчүн Дэн Осман атайылап түшүп кетүүнүн үстүнөн машыга баштайт. Ал эң биринчи ирет 1989-жылы аркан менен 18 метрлик бийиктиктен секирген. Андан кийин ар кандай бийиктиктеги көпүрөлөрдөн, имараттардан жана аскалардан секирип баштайт. Натыйжада ал 300 метр бийиктиктен секирүү менен ал кездеги рекордду коюуга жетишкен. Дэн Осман 1998-жылы Йосемити улуттук паркында кезектеги секирүүсүндө жип үзүлүп кетип каза болгон. Алгач жип менен секирүү боюнча тажрыйбалуу адамдар гана алектенип келишсе, учурда бардык эле каалоочулар секире берген экстремалдуу эс алуунун түрү катары өнүгүп келе жатат.


БИЙИКТИКТЕН СЕКИРҮҮ БИШКЕКТЕ

Азыркы күндө Бишкектин четиндеги Чуңкурчак капчыгайында атайын даярдыктан өткөн команда аскадан секирүүнү каалаган адамдарга өз кызматын көргөзүп келет. Ал эми асканын бийиктиги 60 метрди түзөт. Мындан тышкары шаардын борборундагы бийик имараттардан секирүүнү да уюштуруп жүргөндөр бар.


КООПСУЗ СЕКИРҮҮНҮН ЭРЕЖЕЛЕРИ:

Секирүү алдында инструктордун көрсөтмөлөрүн кунт коюп угуп, аны толук аткарууга аракет кылуу зарыл. Эң негизги эрежелер төмөнкүлөр:


  • «Бардыгы даяр, секирүүгө уруксат» деп айтылганга чейин секирүүгө болбойт. Бул өтө маанилүү. Эгер уюштуруучу даярдыгын билдирсе, демек, ал сизге секирүү ийгиликтүү болоруна кепилдик берет.
  • Арканды кол менен кармабоо керек. Арканды кармайм деп жипке оролуп калуу мүмкүн. Мындайда колду кокустатып же сындырып алуу коркунучу жаралат.
  • Уюштуруучулар көрсөткөн тарапка секирүү зарыл. Башка жакты көздөй секирген адам жаракат алып калышы ыктымал. 


Негизги шарттар:

Экстрим менен алектенүүдө төмөнкүдөй чектөөлөр бар:


  • Жакын арада операция жасалгандар, остеохондроз, грыжа сыяктуу оорулар менен ооругандар бул экстримден баш тартуусуна туура келет;
  • Эгер адамда дем алуу системи менен байланышкан көйгөйлөр бар болсо, өзгөчө астмасы барларга тыюу салынат;
  • Жүрөк-кан тамыр системинде көйгөйү барларга жана психологиялык жактан жабыр тарткандарга чектөө коюлат.


«КҮЧҮМ МЕНЕН ЭРКИМДИ ТЕКШЕРҮҮ ҮЧҮН КЕЛГЕМ»

Биз дагы Чуңкурчак капчыгайына барып, аска боорунан секирүүнү өз көзүбүз менен көрүп келдик. Бийиктиктен коркпой, аскадан секирүүнү каалаган жарандарыбыз да аз эмес экен. Алардын кээ бирлери биз менен ойлорун бөлүштү.


Мырзагүл Орозалиева, 32 жашта:

– Мен шаардын ызы-чуусунан алыстап, эс алайын деп келгем. Максатым ишке ашты десем болот. Сөз менен айтып бүткүс сонун көз ирмемдер болду. Секиргенден кийин жеңилдеп, жашоодогу таарынычтарды унутуп, жашоонун баалуулугун сезип калдым. Башында биринчи жана акыркы жолу секирем деп келгем. Бирок эми мындан да бийиктиктен секирем деген максаттар пайда болду.


Айбек Молдусаев, 22 жашта:

– Бул жерге келе жатканда бир четинен толкундансам, экинчи жагынан абдан кызык болуп жатты. Секиргенден кийин чындап сергип, жашоодо көйгөйлөр болсо унутуп, жашоону башкача көз караш менен карап калат экенсиң. Парктагы аттракциондордон алган адреналин бул жердеги адреналиндин жанында жөнөкөй эле болуп калат. Себеби бул жерде жашоо менен өлүмдүн ортосунда тургандай болот экенсиң.


Данияр Курманбеков, 26 жашта:

– Турмушта ар кандай соккулар болот, ошого туруштук бериш үчүн тоскоолдуктарды жеңе билген эрктүү адам болуш керек. Мен бул жерге өзүмдүн күчүмдү жана эркимди текшерүү үчүн келгем. Бийиктиктен өзүңдүн каалооң менен секирүү – бул да бир эрктүүлүк деп ойлойм. Биринчилерден болуп секирдим, маанай абдан сонун. Жашоомдун аягына чейин эсимде кала турган көз ирмем болду.


САЁРА, үйрөөтүчү адис: «55 ЖАШТАГЫ ЭЖЕНИН ЭРКТҮҮЛҮГҮНӨ БАА БЕРДИМ»

Экстремалдуу эс алуунун бул түрү менен биздин өлкөдө да алектенип башташкан. Бийиктиктен жип менен секирүү боюнча адис Саёра бизди кызыктырган суроолорго жооп берди:


– Адамдар эмне себептен бийиктиктен секирүүнү каалашат деген суроодон баштасак?..
– Кээ бирөөлөр жөн гана экстримди жакшы көрүшөт. Алар адреналин алуу менен өздөрүн бактылуу сезишет. Дагы бирлери жашоонун кызыгын сезүү үчүн келгендер. Айрымдар бийиктик боюнча фобиямды жеңем деп келишет.

– Секирүү учурунда адамдар өздөрүн кандай алып жүрүшөт?
– Секирүү алдында көпчүлүгү тынчсызданат, коркот. Аябай корккондор ары-бери басып, ойлонуп, убакытты узартууга аракет кылат. Кызыгы, учуп баратканда сүрөткө жакшы түшүп калсам деп ойлогондор да бар (күлүп).

– Улуу муундагы адамдар дагы бул экстримге кызыгып, секирген учурлар болду беле?
– Айымдар эркектерге караганда алсыз болот дейт го. Бирок аялдар эркектерден калышпаганын төмөнкү окуя тастыктайт. Бир жолу 55-60 жаштагы аял өзүнүн курбу-достору менен келген. Досторунун арасында мырзалар да бар эле. Бирок бардыгы биринчи болуп секирүүдөн коркуп жатышты. Ошондо эже эч нерседен коркпой биринчи болуп секирген. Кийин жанындагы досторун дагы секирүүгө мажбур кылды. Мына ошондо эженин эрктүүлүгүнө баа бердим.


«Бардыгы даяр, секирүүгө уруксат» деп айтылгандан кийин гана секирүү керек.


Жумамидинов Кубан
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(3)
28.08.2018. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы башка точкаларга да ачса жакшы болмок
28.08.2018. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Секирип жаткандагы видеолорун да жуктоп койсо жакшы болмок.
28.08.2018. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Секирип коруш керек экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо