Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЧҮЙ ОБЛУСУНУН ТУРГУНУ: “ЖИГИТИМДИН ДОСУ МЕНИ ЗОРДУКТАП, САБАДЫ”

№825 24-30-август, 2018-жыл

“Мени жигитимдин досу сабады” деп Чүй облусунун Кайыңды шаарынын 27 жаштагы тургуну милицияга арыз жазган. Экинчи тарап болсо "кыз өз кылмышын жашыруу үчүн жалаа жаап жатат" дейт. Чындык ким тарапта?

“ЫЗАМ МЕНЕН АЛАРДЫН БУЮМДАРЫН ТАЛКАЛАП САЛДЫМ”

27 жаштагы Айгүл өзүн жабырлануучу деп эсептейт. Өзүнөн 10 жаш улуу мырзалар тарабынан зордукталып, сабалганын айткан кыз окуяны мындайча баяндап берди:

– 16-август күнү Ысык-Көлдөн өзүм жашаган Кайыңдыга келе жатсам жигитим Нурландын досу Ильич телефон чалып, алар отурган жерге келүүмдү суранды. Баш тартсам болбой койду. Анан барууга туура келди. Чалдыбарга барсам Ильич башка бирөөнүн унаасы менен тосуп алды. Себебин сурасам, өзүнүн унаасынын ачкычын таппай жатканын айтты. Экөөбүз Нурландын үйүнө бардык. Үйдө Нурлан, Ильич, дагы 2 жигит бар экен. Мен барганда алар мас болчу. Үй чачык, кир идиштер толуп кетиптир. Мен аларды жыйнап, тазалап жүрдүм. Жумуштарды бүтүрүп, уйкум келгенинен барып жатып алгам.

Бир маалда жигитим келип, мени чечинтип, интимдик жакындыкта болууга аракет жасап, бирок кайра кетип калды. Бир маалда бирөө келип үстүмө жатып алды. Уйкулуу көзүм менен карасам, ал жигитимдин досу Ильич экен. Каршылык көрсөттүм. Бирок ал күчтүү да. Бакырсам колдору менен оозумду жаап, колу-бутумду кармап, күчкө салып ишин бүтүрүп кетип калды. Туруп жуунуп, кийимдеримди которуп, кир кийимдеримди кир жуучу машинага салдым. Тигилерге дагы бир кыз келип кошулуп калганын көрдүм. Ал Нурландын башка сүйлөшкөн кызы экен. Ильичтен жеткирип коюусун суранганымда унаасынын ачкычын таппай жатканын айтты. Экөөбүз ачкычты издедик. Мен өзүм эле кете берейин десем, алдап барып дагы зордуктады. Кетейин деп, бирок кийимдеримдин жуулуп бүтүүсүн күтүп калдым. Бул учурда алар менен чогуу отуруп бир аз ичтим. Анан кетип калдым. Анткени дарбаза ачылып калган экен, буга чейин жабык болчу. Кетип баратып кир жуучу машинадагы кийимдеримди эстеп, кайра келдим. Келсем эле Ильич “документтер кайда? Кайда барып катып келдиң?” деп, сумкамдын ичиндегилерди төгүп, ызы-чуу сала баштады. Капчыгынын жоголгонун билбейм, менден документтерин гана сурады. Унаасынын ачкычын да менден сурай баштады. Ачкычын мен келе электе эле таппай жатпады беле. Бир маалда күч менен мени унаага салып кетти. Эч нерсе албаганымды айтып ишендире албай койдум. Башка катуу урду эле, башым ооруп, эсимди жоготуп койдум. Уктап калыптырмын. Тоого алып барды да, унаадан сүйрөп чыгып, жерге жаткырып алып тепкиледи. “Документтердин кайда экенин айтпасаң, өлтүрүп, ушул жакка көмүп кетем” деп коркутту. Ошол кезде аны алдоонун жолун издеп “айылга түшөлү, документиңди таап берем” дедим окшойт, ал артка айдады. Эл бар жакка барганда терезени ачып кыйкырып жардам сурадым. Бул кылыгым үчүн ал мени кайра урду. Бир маалда эшик ачылып кетип, мен секирейин дегенде Ильич кайра эшикти жаап калды. Чоң жолго келгенде унаадан секирип кеттим. Ыйлап, элден милиция чакырууну өтүндүм. Ильичтин документтерин, капчыгын алганымды айтып күнөөлөп жатканынын себеби Нурландын жанында отурган кыз “эртең менен капчыкты Айгүл алып кеткен” деп айтыптыр. Ызаландым. Алар мага эмнеге андай мамиле жасашат? Жиним менен жерде жаткан ташты алып Ильичтин унаасын чапкыладым. Үйгө кирип Нурландын гитарасын, телевизорун талкалап салгам. Ошол жерден менин кебетемди көрсөңүз, башым шишиген, көзүм көрүнбөйт. Алар болсо мени шылдыңдап, сөгүп, мышыкка мамиле кылгандай мамиле кылышты.

Милиция кызматкерлери келишти. Биринчи алар арыз жазышты. Мени РИИБге алып кетишти. РИИБге барганымда Нурландын иниси чалып, “Айгүл, бул ишти бүтүрөбүз. Тосмо арыз жазып беребиз” деди. Мен аларды таңкы 4кө чейин РИИБде күттүм. Анан тергөөчүлөр “сабаганы үчүн арыз жазасыңбы?” деп сурашты, жаздым. Башында уялып зордуктоо тууралуу айткан эмесмин. Өзүмдү жаман сезе баштаганымда “Тез жардам” унаасы менен ооруканага алып кетишти. Ал жакка барганда зордуктаганы тууралуу да арыз жаздым. Алар "өзү маршруттук таксилерге башын ургулады" деп жатышат. Андай кылган эмесмин.

Панфилов райондук ооруканадан Айгүл аттуу кыздын дарыланып жатканын тастыкташты. Дарыгерлердин айтымында, кыз ооруканага оор эмес абалда түшкөн. Азыр да абалы туруктуу.

“АЙГҮЛ ӨЗҮНҮН КЫЛМЫШЫН ЖАБУУ ҮЧҮН АРЫЗ ЖАЗДЫ”

Айгүл жигитим деп тааныштырган Нурлан аттуу жигит да окуя боюнча өз оюн билдирди:

– Айгүл экөөбүз кыз-жигит эмеспиз. Аны 16-август күнү окуя болгон үйгө досум Ильич алып келген. Киши көп болчу. Бир аз спирт ичимдигин ичип отурганбыз. Айгүл досума, биз менен чогуу отурган кошуна байкеге жармашып жаткан. Менин жанымда өзүмдүн сүйлөшкөн кызым бар болчу. Кыздын жүрүм-туруму жакшы эмес экенин буга чейин эле билип калганбыз. Ошондуктан кызды эртеси кетирип салдык. Аны 3 жолу кетирсек, 3 жолу тең кайра келе берди. Бул арада досум унаасынын ачкычы менен капчыгын жоготуп алды. Ортодогу чыр ошондон улам чыкты. Менин сүйлөшкөн кызым капчыкты Айгүл кармап турганын көргөн экен. Сурасак Айгүл "мен алган жокмун" деп туруп алды. Кийин досум менин унаам менен “маршруттук таксиге жеткирип коёюн" деп алып кеткен. Бир аздан соң кайра келип "кыз унаадан түшүп кетип, жолдогу унааларды башы менен сүзгүлөп ызы-чуу салып жатат" деп айтты. Анын мындай аракетин ошол жерде тургандардын баары эле көрүптүр. Мен райондук милицияга кабар бергени кетсем, кайра үйгө келип досумдун унаасын, менин 40 миң сомдук телевизорумду, 16 миң сомдук гитарамды жана үйдөгү идиштеримди талкалап салыптыр. Баары чачык, столдор коңторулган абалда экен. Ошондуктан милицияга арыз жазууга аргасыз болгонбуз. Эми чыгымды төлөөдөн качуу үчүн зордуктап, сабады деп арызданып жатат. Досум аны зордуктаган да, сабаган да эмес. Баштан-аяк жомокту айтып жатат. Милиция кызматкерлерине “мени экөөлөп зордуктаганда телевизор сынып калды” деп айтып бериптир. Телевизор сынганда мен үйдө жок болчумун.

“ЭКИ ТАРАП ТЕҢ АРЫЗ МЕНЕН КАЙРЫЛЫШТЫ”

Окуя тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз катчысы Назира Имангазиева төмөнкүлөрдү айтып берди:

– 2018-жылдын 17-август күнү саат 18:00 чамасында Панфилов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Чалдыбар айылындагы үйлөрдүн биринде жаш кыз үй ээсинин мүлкүн талкалап жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Билдирүүнүн негизинде ыкчам тергөө тобу айтылган дарекке барган. Алар кыздын унааны, гитараны жана телевизорду талкалап, чоң чыгымга учуратканы боюнча арыз жазган. Ал эми кыз сабалганын айтып арызданган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, алдын ала текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Экспертизалардын жыйынтыгы чыкканда бул боюнча юридикалык баа берилет. Кылмыш иши козголо элек.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(28)
28.08.2018. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15

Мен озум ал жакта болбогондон кийин эч теке айта албайм, айтууга да акым жок. Биринчиден кыздын озундо куно бар "Баш тартсам болбой койду. Анан барууга туура келди"-дейт. Шамал болбосо чоптун башы кайдан кыймылдамак эле....
28.08.2018. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Зордуктагандан кийин деле кантип жуунуп кирин жууп жүрүптүр, башка адам болгондо качканга аракеттенет эле да.
28.08.2018. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Peri.00, кирин жуугандан да, кир идиштерди тазалап жургонун,айт.
28.08.2018. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Саяк журсон-Таяк жейсин
28.08.2018. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кыздын справкасы бардай корунуп жатат!Башка Кыз болгондо чакырса барбай коймок,же жаман мамиле кылганда эле качып кетмек,кошо отура бербей.Козун сузсо, букасы да жибин узуп жиберди да
28.08.2018. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Чала болот, сени суйроп алып бардыбы? Жигитин интимдик мамиле кылайын деп чечиндирсе жата бердинби? Досу зордуктап койсо эшикке качып чыгып жардам сурап милицияга кабарлабайсынбы? Саяк журсон таяк жейсин. Же мас экенин билгенден кийин акырын эшикке чыгып кетип калбайт белен. Айта берсен арман коп.
28.08.2018. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кыскасы сага чала болот.
28.08.2018. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
оолл чакырса эле бара бересинби озундо экен куноо барбайм десен болотдо болбой койду деп ошончо масты коруп туруп жатым алганын кантет кетип калбайсынбы Ххх
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-28 14:00:39
28.08.2018. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кийимдерин эстеп кайра келгени укмушго...
28.08.2018. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Эшегине тушагы жарашыптыр да кыскасы. Чала болот баарына. Милиция экоону тен сындырайын дептир да. Ыймандын жоктугу да, 40 чыккан кишилер жаш жигиттей суйлошкон кызым десе, анысы зордуктаса кайра -кайра бара берсе, тобба кылдым , акмакчылык...
28.08.2018. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
ошондой кызды уйуно алып келген тиги кишилергеда чала болот, кызга го соз жок
28.08.2018. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чын эле зордуктаган окшойт да кызды.Болбосо ошончо нерсени сындырмак беле?Куноо эки тарапта тен бар!
28.08.2018. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
kg_sulushka, мынча наивныйсын. Кыз озу бузулган бири болсо. Нормальный кыз туну жигитинин уйундо калып кетеби чакырды деп барып алып...
28.08.2018. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кызы кыздай эмес уят деген жок, эркеги эркек болбой калган ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-29 09:12:54
29.08.2018. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Matahara1980, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Билдирүү түзөтүлдү.
28.08.2018. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чечиндирип кылбай кетип калды мен укьап калсам досу келип устумо жатты дейби ....ужассс
30.08.2018. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aika0906,ооба ошентти
29.08.2018. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ошол 40ка чыгайын деп калган кишилер ажырашып, балдарын аялдын мойнуна жүктөп койгон эркек соройлордур.
29.08.2018. 06:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыркка чыккан да кыз жигит эмесбиз деп табышкан окшошкон эмелер
29.08.2018. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жазгагндар силер не жигитинердин уйуно барып бироонда туногон эмесинерби? Мындай отуруштар коп эле болотко ичип отуруп ээ жанакы Айгулго чалчы же номерин берсен мен чалайын бияка тарталы деп, анан чалып нежно суйлоп лапша илип чакырганда, а Айгулго да жакты келе калды. Нурлан жигити болбосо да мурда каалаганда жолугуп ишин кылып жургон бала окшойт. Айгулго кылган мамилесине караганда. Бул жерде куноо жигиттерде мас болуп капчыгын жоготуп алып анан сабаган. Зордуктоо боюнча озу эле жатып берген.
29.08.2018. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ 2018 жылдын 17 августу эмес беле адашпасам?
29.08.2018. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kgda,16-август күнү кечинде барса, түнү менен отурушкан окшойт. 17-күнү милиция аралашты деп жазышыптыр го
29.08.2018. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нормальный кыз толгон эркектин арасына жалгыз келеби. Билбей келип алган шартта да кетип калбайбы жалан эркек жана мен болбоюн деп. Анан да уктагысы келгенине эмне берейин. Козго сайса конечно жатсан баса калат да анан эмне карап турмак беле озун повод берип атсан. Бииир соз менен айтканда чалааа!
30.08.2018. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Барбайм десем конбой койду.)) Телефондон колун чыгара калып судуроп кеткендей суйлоптур го. Конбой койсо телефонунду очуруп жатып ал. Конбой койду деп, жетип барбай.
30.08.2018. 05:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Күнөө кызда экени жиндиге да белгилүү чакырды эле бардым мени чечиндирип кылбай кетип калды анан досу келип на на на дейт го соо болсо аттап да бармак эмес ещё кийимдерин жууп өзү да жуунуп иши кылып баарыңарга чала капчыгын жоготконго да 40000 дик телевизорун талкалатканга да и өзү барып жатып берип алып зордукталганга да алдагы иштебеген башынарды жулуп алып ордуна арбуз коюп алгыла зачем иштебеген башты көтөрүп
30.08.2018. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саяк журсон таяк жейсин. Жок, барбайм деп койсо ким зордоп алпармак эле. Жалан эркектердин арасында арак ичип отурса, болоору ошол да.
02.09.2018. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы жомок экен
03.09.2018. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олуттуу окуялардан жазгылачы сураныч.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо