№825 24-30-август, 2018-жыл
22-август күнү борбордогу тойканалардын биринде ырчы Нурлан Насип Чолпон аттуу эрке карындашын турмуш жолуна узатты. Алгачкы ирет кайнага статусуна ээ болгон ырчы бул тууралуу: “Карындашым Чолпонду кыргыздын кыз узатуу салты менен колдон узатып жатабыз. Биздин көкүрөк күчүгүбүз болгондуктан баарыбыздын ичибиз ачышып жатат. Күйөө балам Айбек Ысык-Көлдүн кулуну болот. Тойдо жубайым Асел жеңелик милдетин аткарып жүрөт”,- дейт.
Тойго Нурландын сахналаш достору Нурмат Садыров, Данияр Эрматов, Алмаз Шаадаев, Нияз Абдыразаковдор шаң кошушту.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |