ӨКМӨТ ЭКС-ЧИНОВНИК РАЙЫМ МАТРАИМОВ БОЮНЧА СОТТУН ЧЕЧИМИНЕ КАРШЫ АРЫЗ ЖАЗДЫ

№825 24-30-август, 2018-жыл

Өкмөт Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата чыккан сот чечимине макул эмес. Бул иште Биринчи Май райондук сотунун чечимине каршы өкмөт Бишкек шаардык сотуна доо арыз бергенин Соттук өкүлчүлүк борборунун директорунун орун басары Мирлан Дордоев билдирди. Доо арыз шаардык сотто качан каралары белгисиз.

Эске салсак, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Матраимовду 2017-жылы ноябрда "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. Быйыл апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Исаковдун ал буйругуна каршы сотко арыз берген. 25-июлда Биринчи Май райондук соту Райым Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарган.

Коомчулукта соттун бул чечими катуу талкууга алынып, бийликтин коррупция менен күрөшүү ниетине шек жараткан. Өкмөт ошончо күндөн бери соттун чечимине каршы чыгып, кийинки инстанцияга кайрылар-кайрылбасын билдирбей, чайналып келди. Соттун чечимине каршы кийинки иснтанцияга кайрылуу мөөнөтү 25-августта аягына чыкмак. Жарандык активисттер, саясатчылар тарабынан айтылып жаткан кескин сындар өкмөттү кийинки инстанцияга арыз жазууга мажбур кылды көрүнөт.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо