НЬЮ-ЙОРКТОГУ УЮМ ТЕКЕБАЕВДИ СОТТООДО ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМ НОРМАЛАРЫ БУЗУЛГАНЫН АЙТЫП ЧЫКТЫ

№825 24-30-август, 2018-жыл

Нью-Йорктогу “Евразиялык демократиялык демилгелер” уюму Кыргыз жеринде 8 жылга соттолгон саясатчы Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча атайын баяндама жасады. Анда “Ата Мекендин” лидери саясий мотивде соттолгону, анын ишин кароодо адам укуктарын коргоо боюнча улуттук мыйзамдар менен эл аралык келишимдердин нормалары бузулганы айтылат. Аталган уюмдун директору Питер Залмаев “Азаттыкка” берген маегинде Текебаевдин иши кайра каралышы керектигин белгиледи. Айтымында, бир айдын ичинде Варшавада ЕККУнун Демократиялык институттар жана Адам укуктары бюросунун кезектеги сессиясы өтөт. БУУнун Кыйноолорго каршы комитетинде Кыргыз өлкөсүндөгү окуялар талкууланат. “АКШнын Мамлекеттик департаментинин келерки жазда жарыялана турган адам укуктары боюнча глобалдык баяндамасында Текебаевдин иши камтылат. Эгер Кыргызстанда Текебаевдин иши кайра каралбай, ушул бойдон кала берсе, анда Кыргыз өкмөтүнүн беделине олуттуу сокку урулат”,- дейт Залмаев.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо