КЕНЖЕ КӨБӨКОВА, ырчы: «УНААМА ИШЕНИП ЖЫЛАҢАЯК КАЛГАМ»

№826 31-август-6-сентябрь, 2018-жыл

– Саламатсызбы, Кенже эже? Темир тулпарыңызга айына канча каражат кетиресиз?

– Саламатчылык. Менин машинама эч кандай деле каражат кетпейт. 1000 сомго май куйсам 2-3 күн ойлонбой айдайм. Айына майга орточо эсеп менен 10 000 сомдун тегерегинде акча коротом. Үнөмдүүлүгүнөн улам жакшы көрүп саткым келбей жүрөт.

– МАИ кызматкерлерине кармалып калган учурларда атактуулугуңузду пайдаланасызбы?

– Чындыгында мындай кырдаалдарда атымдын пайдасы көп эле тиет. Учурдан пайдаланып МАИ кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем. Кээ бири таанып калгандар “Оо, Кенже эже, кете бериңиз. Өткөндө эле "жол эрежесин бузбайм" деп сөз берген элеңиз. Кайра-кайра “нарушение” кыла бересизби? Мейли эми, кантсе да элдик адам эмессизби” деп тамаша-чын аралаш айтып коё беришет. Ал эми мыйзам баарына бирдей деп иштегендер да бар. Андайда “кой, көптөн бери “штраф” төлөй элекмин” деп уялып төлөп коём.

– Бул канчанчы унааңыз?

– Бул менин экинчи унаам. Биринчиси Хонда Фит болчу. Аны 2010-жылы 5000 долларга сатып алгам. Ошондон бери рулдамын, санап көрсөм 8 жылдай болуп калыптыр. Ал учурда андай үлгүдөгү унаалар шаарда аз эле. 2013-жылы азыркы унаамды алганда да мындай машиналар аз болчу. Кандай болгон күндө да эки тулпарымдын тең алгачкы “кожойкесимин”. Балким, айрымдар мактанып жатат деши мүмкүн. Болгону ошол учурда шартым болуп калгандыктан жаңы машиналуу болдум. Эгерде каражат жагы тартыш болуп калса мен деле көпчүлүк айдаган арзаныраак унаа алмакмын.

– "Кыялы" кармап бузулса кимге кайрыласыз?

– Өзүм оңдой албайм, бирок дөңгөлөк алмаштыруу колдон келет. Атайын унаа оңдоочу жайларга кайрылам. Себеби башка эч кимге ишене албайм. Бир байкаганым, менин маанайым жокто тулпарымдын да “кыялы” кармап калат. Бир ирет таанышым тойго чакырып калды. “Канча төлөйүн, Кенже?” дегенинен, “көңүлүңүздөн чыкканын бериңиз” десем аз берип койду. Эми биз ырдагандан башка колубуздан эч нерсе келбесе, оокатыбыз той менен өтсө, анан аз суммадагы акча берип койсо биз деле капа болобуз да. Дал ошол тойго кетип жатканда да, бүткөндөн кийин да аккумуляторум өчүп абдан убара болгом. Ошондон улам бутум тартпаган жактарга унаам да баргысы келбейт окшойт деген ойдо калдым.

– Унааңызга байланыштуу кызыктуу окуялардан бөлүшө кетсеңиз.

– Бир ирет Токмокто боло турган тойго жар-жар айтууга чакырып калышты. Дайыма машинама формаларымды, комузумду, туфлимди салып койчумун. Анан тойго даяр киши болуп барып калдым. Көрсө, кашайып туфлимди үйдө калтырып коюптурмун. Бутумда болсо спорттук бут кийим. Эптеп бир бут кийим таап келишсе, анысы жыртык. Той болсо башталайын деп калган. Ошентип жатсак тойдун ээлери кайдан-жайдан бир туфли таап келишти. Ырдап жаткан учурда тойду шаңга бөлөйүн деп бир эжеге колумду сунуп, бийлеңиз дегендей ишарат кылдым, ал дагы көгөрүп такыр эле чыкпайт десең. Мен да көгөрүп тура бердим. Ал эже мени карап туруп, “туфлим сизде болсо кантип чыкмак элем?” дейт. Көрсө, ал эже жылаңаяк отуруптур, мен болсо кыйын болуп анын туфлисин кийип алып "бийлеңиз" дей бериптирмин. Ошончо адам отурса так ошол эжеге барганыма таң калдым. Ошондо Токмоктон Бишкекке келгичекти күлүп келдим. Машинама ишенип дал ушул окуяга туш болгом.

– Ылдамдыкты сүйөсүзбү?

– Унаамды жаңы алганда абдан ылдам айдачумун. Азыр трассада 80-90, шаар ичинде 40-50 менен айдайм.

– Эң көп канча айып пул төлөдүңүз эле?

– Бир жолу “Ош базарына” токтотуп койсом машинамды жүктөп кетишиптир. Ошондо 1000 сом төлөгөм.

– Рахмат, дайыма жолуңуз шыдыр болсун.

Жаңыл Ниязбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(12)
04.09.2018. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озу ырчылар бири бири менен, байлыгын мактанышып эле,ар нерсени мынча сомго алдым деп чыга беришет!Акчанар коппу?Жардам бергиле бироого!Ошондо эл мындан да жакшы сыйлай баштайт,жаман адатынарды корсотуп эле баркынарды кетире бербей.Баса кечке "нарушение" кыла бербей жол эрежелерин уйронсонузчу
04.09.2018. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ырдайт жагат
04.09.2018. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бир суроо, 18000$ кайдан же кимден, канча убакытта кайдан таптын?
04.09.2018. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
18 мин $ кымбат
04.09.2018. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Койногунуз балким кымбаттыр,бирок оптомдо 350рублдан саткан койнокторго окшойт экен эже,а машинаныздын алдынан шамал ото берсин,элдер сынасын деп илди да супер инфо деле,талап кетбегиле кийимин жон кой,ырын ук деп)))
04.09.2018. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ото эле ачкоз аял окшойт. Таанышым аз акча берди капа болдум деп. Андай экен канча беремин деп сураганда конулунон чыгарып дебестен, мынча деп суммасын айтпайбы. Аз акчанын да берекесин берсе коп акча болот. Апсыкпа акчага. Мага жакпайт лично. Ырларын деле укпайм. Мактанып жазып таштаптыр го. Аял кишинин байлыгы,жолдошунун,балдарынын,туугандарынын амандыгы. Тооба кылдым.
04.09.2018. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сага окшогондор жол эрежесин бузуп канча адам жабыр тартып журот. Жол эрежесин бузам коп пайдаланам атымы деп. Элдин акчасын алып,жешини билесин,штраф дагы толоп кое бер. ..........
04.09.2018. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мммм.... буюрсун эми, ошондой мээнет менен тапсан.
05.09.2018. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйун мактанып атып терезеден кулады болчу Эми кудай сакта мактана бербениз коп сизге жарашпайт эжекем койногунуз чын эле арзан койнок экен сизге жарашат бирок
05.09.2018. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироонун туфлисин кийип алып туфлинин ээсин бийле дегенин кызык экен жолун ачык болсун ар дайым.
08.09.2018. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Boorum ezuldi. Biroonun tuflisin kiyip anan dal oshonun eesine barganina
10.09.2018. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Irchi, el adami bolso emnege shtraf toloboit eken~miyzam aldinda baari birdei bolush kerek ~kara uyalbai kopton beri toloi elekmin dep kaalasa tolop kaalasa toloboi~
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо