Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КАМПАНЫ КЫШКЫ САЛАТТАРГА ТОЛТУРУҢУЗ

№826 31-август-6-сентябрь, 2018-жыл

АЙВАР

Айвар – Балкан ашканасына таандык даам. Аны эттен даярдалган даамдарга, гарнирлерге татымал катары берүүгө болот. Мындан сырткары нандын бетине сүйкөп жегенге ылайыктуу.



Керектелүүчү азыктар:

(0,7 литрлик 2 банка үчүн)

Болгар калемпири – 2 килограмм

Баклажан – 1 килограмм

Чили калемпири – 2 даана

Пияз – 3 баш

Сарымсак – 1 баш

Өсүмдүк майы – 220 миллилитр

Алма уксусу – 80 миллилитр

Туз, мурч, калемпир, кумшекер татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Баклажан, болгар калемпирин жууп, тазалап, 200 градуста иштеп турган электр мешине 30 мүнөткө салып бышырып алабыз.

2. Бышкан жашылчалардын кабыгын сыйрып, блендерге салып эзип алабыз.

3. Сарымсак, чили калемпирин жана пиязды тазалап, майда туурап, майга кууруп, баклажан жана болгар калемпиринин боткосуна кошобуз.

4. Буга эми татымына жараша туз, мурч, калемпир, майды кошуп аралаштырып, жай отто 30-40 мүнөт кайнатабыз.

5. Оттон чыгарарда алма уксусун куюп, 2-3 мүнөт кайнатып, бууланган банкаларга салып жаап коёбуз.

БАНКАДАГЫ ШАКАРАП

Палоону шакарапсыз, шакарапты палоосуз элестетүү кыйын.



Керектелүүчү азыктар:

(1 литрлик банка үчүн)

Помидор – 600 грамм

Сарымсак – 5 тишче

Кумшекер – 2 аш кашык

Туз – 1 аш кашык

Уксус 9% – 1 аш кашык

Лавр жалбырагы – 1 даана

Пияз – 1 баш

Өсүмдүк майы – 1 аш кашык

Тоголок кара мурч – 4-5 даана

Петрушка – 10 тал

Даярдоо ыкмасы:

1. Жашылчалардын баарын тазалап, жууп алабыз. Помидорду 5 миллиметр калыңдыкта тегерек, пиязды жарым тегерек формада, сарымсакты жука, петрушканы майда туурайбыз.

2. Бууланган банкага помидор, пияз, сарымсак, петрушка кылып кезектештирип ирети менен тизип толтуруп салабыз.

3. Мискейге 1 литр сууну куюп, кумшекерди, тузду салып кайнатабыз. Аягында уксусту куябыз да, маринадды банкага куябыз. Үстүнө 1 аш кашыктан өсүмдүк майын куябыз.

4. Чоң мискейге банкаларды салып сыртынан 10 мүнөт кайнатабыз. Банканын капкагын жаап, көмкөрүп, жылуу ороп коёбуз.

ПОМИДОР КАГЫ

Помидор кагы суюк тамактардын, пасталардын, бутерброддордун даамын арттырат. Аны өзүнчө жегенге да болот.

 

Керектелүүчү азыктар:

Помидор – 3 килограмм

Сарымсак – 1 баш

Кургатылган жалбыз – 1 аш кашык

Кургатылган райкан – 1 аш кашык

Кумшекер – 1 аш кашык

Туз – 1 аш кашык

Өсүмдүк майы – 100 миллилитр

Даярдоо ыкмасы:

1. Помидордон как жасоо үчүн эттүү, ширеси аз болгон сорту ылайыктуу. Мисалы: сливки. Помидорду жууп, 4 бөлүккө бөлөбүз.

2. Электр мешинин табасына пергамент кагазын төшөп, помидорлордун кесимин тизебиз да, үстүнө туз, кумшекер, кургатылган райкан, жалбыз, майда тууралган сарымсакты себелеп, өсүмдүк майынан чачыратабыз.

3. Электр мешин 100 градуста иштетип, табаны 3-4 саатка салып коёбуз. Кесимдерди сөөмөйүңүз менен басып көрүңүз, эгер ширеси чыкпаса демек даяр. Электр мешинен сырткары помидорду шамалдуу, көлөкө жерде да кургатууга болот. Болгону буга 5-6 күн керектелет. Кургатылган помидорду банкага тизип же болбосо целлофан баштыкка салып муздаткычта сактоого болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(4)
04.09.2018. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Рахмат, керектүү кеңештер экен. Кышка даярдайм, буюрса.
04.09.2018. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо сураныч болгарскийди 2шт кылып ортосунан жусай менен байлап коюп сататко дунгандар базарда, ошону кантип жабыштын сырлары жонундо жазгылачы. Былтыры жасасам окшошподу дунгандардын жасаганына.
Safiya91 түзөттү 2018-09-04 16:52:02
04.09.2018. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Safiya91, саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
06.09.2018. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Safiya91,ооба жакшы болот. Балдар калепирдин уругун тазалап туздан андан кийин жусай менен байлап, чон табага салып оор жук менен бастырып кою керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо