Сахалинде чатыр кулап, 2 кыргыз жараны каза тапты. Каза болгон жигиттин атасы: “СӨӨГҮН КӨРГӨНГӨ ЧЕЙИН УУЛУМДУН ӨЛГӨНҮНӨ ИШЕНГЕН ЖОКМУН”

№826 31-август-6-сентябрь, 2018-жыл

19-август күнү Орусиянын Сахалин облусунун Поронайск районунда эски заводдун чатыры кулап, ал имаратты бузуп иштеп жаткан 2 кыргыз жараны менен бир тажик жараны каза тапты. Дагы 5 кыргыз жараны ар кандай жаракаттар менен ооруканага түшкөн. Чет жерде кырсыкка кабылган мекендештерибиздин абалын билип көрдүк.

“УУЛУМ “ЖАКЫНДА КЕЛИП ҮЙДҮ БҮТҮРӨМ” ДЕГЕН. КӨРСӨ, КӨРҮСТӨНДӨГҮ ҮЙҮН АЙТКАН ТУРА”

Өзгөн районунун Кутурган айылынын тургуну Төрөбек Жусуповдун 3 уулу Сахалинде курулушта чогуу иштеп жүрүшкөн. Бир уулун жерге берсе, экинчиси оор жаракат алып ооруканада дарыланууда. Бактыга жараша, үчүнчү уулу аман-эсен. Өз колу менен уулун жерге берип, жүрөгү сыздап турган ата төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Менин 4 уул, 2 кызым бар. 5 жыл мурда жубайым ооруп каза болгон. Ошондон кийин улуу уулум Расул 18 жашында Орусияга иштеп келгени кеткен. Анткени менин тапканым азык-түлүккө жетсе, кийимдерине жетпей кыйнайт. Уулумдун тапканы да 6 кишини багууга жетпей жатып, 5 ай мурда 2 инисин: Рустамбек менен Нуржигитти чакырып алган эле.

Айылда куруп жаткан 3 бөлмөлүү үйүбүздүн 2 бөлмөсүн шыбап алып эле жашап жатабыз. Кырсык болгондон 2 күн мурун Расул менен сүйлөшсөм “ата, Кудай буюрса, 10-сентябрда айлык алсак, үйгө барабыз. Кабатыр болбоңуз, үйдү бүтүрөбүз” деген. Көрсө, өзүнүн көрүстөндөгү үйүн айткан экен да. Өлгөндөн кийин бат эле көрүстөндөгү үйүн бүтүрүп, көмүп коёт турбайбызбы.

Кырсык болгон күнү мен жайлоодо болчумун. Агам келип, көпкө чейин суук кабарды айта албай жанымда турду. Бир маалда “ачык эле айтайын, Сахалинде бир балаң каза болуптур” деп ыйлап калды. Ишенген жокмун. Айылга келсем башкалар да уулумдун каза болгонун айтып жатышты. Бирок мен баламдын сөөгү келгенче бул кабарга ишене албай турдум. 24-август күнү уулум Расулдун сөөгү алынып келип, өз колум менен баламды жерге бердим. Ата-эне үчүн мындан өткөн азап болбосо керек.

“БАЛАМДЫН АРТЫНДА 4 ЖАШТАГЫ ЖАЛГЫЗ КЫЗЫ КАЛДЫ”

– Расулдун артында 4 жаштагы жалгыз кызы калды. Ал Орусияда иштеп жүрүп үйлөнүп, балалуу болгон эле. Келиним менен Нуржигит аттуу уулум кайтып келишти. Колу сынып, башынан жаракат алган экен, Рустамбек Сахалинде ооруканада жатат.

Нуржигитти Кудай сактаптыр. Ал чет жакта турган экен, бетон түшкөндө анын күүсү четке учуруп, темир-тезектин арасында калыптыр. Эсине келгенден кийин бир туугандарын издеп, бирин таап, экинчисин таппай калган экен. Расулдун сөөгүн урандынын астынан бир күндөн кийин таап чыгышыптыр.

Мен элдин малын багып акча табам. Өзүбүздүн бир саан уюбуздан башка малыбыз жок. Анын сүтү балдарыма тамак болсун деп кармап отурам. Балдарымдын мектепке барганына кийим алып бере элекмин. Абалыбыз, жашоо шартыбыз бир аз оор. Элден жардам болуп калса деле жакшы болмок.

“4 БАЛАМДЫ БАГАЙЫН ДЕП ТАЛААЛАП ЖҮРӨМ”

Жаракат алган 5 адам азыр Сахалинде ооруканада дарыланып жатышат. Алардын бири 29 жаштагы өзгөндүк Умар Гришев омурткасы сынып, баш мээси чайкалган. Үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу Умар эми жарым жыл төшөктө жатууга мажбур:

– Мен 4 жылдан бери Орусияда иштейм. Сахалинге келип иштеп жатканыма 1 айдан ашты. Айылда жубайым менен 4 балам калган. Бала-чакамды элден кем кылбай, курсагын тойгузуп, кийимин бүтөйүн деп талаалап жүрөм. Эми минтип жарым жылдай төшөктө жатышым керек. Бул учурда үй-бүлөмдүн абалы кантет деген ой мээмди жеп жатат.

Биз иштеп жаткан имарат 3 кабаттуу болчу. Кырсык болгон күнү 2 адам 1-кабатта, 8 адам 3-кабатта иштеп жатканбыз. Кырсыктан Азамат жана Нуржигит деген жигиттердин жардамы менен тирүү калдык. Бизди алгач алар таап куткарышты. Куткаруучулар менен “Тез жардам” кеч келди. Мен ал күндү эстегим келбейт.

Бизге элчиликтин өкүлдөрү келип абалыбыз менен таанышып кетишти. Ал эми Сахалиндеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү бул жакта иштеген мекендештерден акча чогултуп каза тапкандардын сөөгүн мекенге жөнөтүштү. Сөөктү жөнөтүүгө жардам кылып жумуш берүүчүлөр да 200 миң рубль беришти. Иш берүүчүлөр ооруканада жаткандардын да чыгымдарын көтөрүп жатышат. Полиция кызматкерлери келип бизден көрсөтмө алып жатышат.

“ҮН ЧЫККАН ЖЕРЛЕРДИ ИЗДЕП, УРАНДЫ АСТЫНДАГЫЛАРДЫ КУТКАРЫП ЖАТТЫК”

Чүй облусунун тургуну Азамат Нурканов да ошол чатыры ураган имаратта иштеп жаткан. Бактыга жараша, ал жабыр тарткан эмес. Ал күнүгө тамак жасап келип, чогуу иштеген жигиттердин абалын сурап, аларга колдоо көрсөтүп турат:

– Эл катары эле жан багуунун айласын кылып Орусияга келип, бул жигиттер менен тагдырлаш болуп калдым. Эски целлюлоза-кагаз заводунун имаратын бузуп жатканбыз. Мен үстүңкү кабатта иштеп жаткам. Урагандан кийин чаңдан улам эч нерсе көрүнбөйт. Кыйкырып издеп, үн чыккан жерлерге барып урандылардын астынан таап, Нуржигит экөөбүз колубузга тийген нерселер менен казып балдарды чыгарып жаттык. Ошентип 2 адамды урандынын астынан чыгардык. Көрбөй калгандарыбызды куткаруучулар келип оор техниканын жардамы менен куткарышты. Азыр келип жигиттерден кабар алып жатам. 3 жигит оор абалда. Калганы жакшы болуп келе жатышат.

Аталган факт боюнча Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 143-беренеси (адам өлүмүнө алып келген эмгекти коргоо талаптарын бузуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

"2 кыргыз, 1 тажик жаранынын сөөгүн куткаруучулар урандылардын алдынан алып чыгышкан".
"Маркум Расул Төрөбек уулунун артында жубайы жана кызы калды".

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
04.09.2018. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эххх ... окунучтуу
04.09.2018. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эх жашоо сабыр берсин сизге Ата ооруган мекендештер баатыраак сакайып кеткиле Кудай колдоп аамин
Канчалаган мекендештер жаш бойдон кетип жатат эх өкүнүчтүү
04.09.2018. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кандай гана окунучтуу, аттиң
04.09.2018. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай сактасын! Кырсык айттырбай келет. Талаалап жүрүп кыргыз кырылып бүтмөй болдук
05.09.2018. 06:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бурулай, синдим сабырдуу бол. АЛЛАХЫМ куйонун куноолорун кечирип, жайын жаннаттан кылсын.
Супер, ойдодо туура эмес жазылыптыр, кызы 4 жашта эмес, 4айлык болсо керек. Жакында эле тороду эле.
05.09.2018. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай курулай дооматтан,бей ажал олумдон сактасын. Айтылбай келген кырсыктан сактасын Кудай
05.09.2018. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай окунучтуу, мамлекетибиз каяка эле кетип баратат. Озубуздун жарандарга жумуш орундарын тузгондун ордуна, мамлекетти жеп. Жумушсуздуктун айынан канчалаган тагдырлар башка жакта иштеп журушот, томонкудой тагдырларга туш болуп жатышат.
Туугандарына терен кайгыруу менен конул айтам
08.09.2018. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ech kandai koopsuzduktu oiloshpoit jumush beruuchulor
09.09.2018. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оз баласын жерге беруу Мындан откон азап жоктур бул дуйно Мандайына жазган экен Байкуштун жаткан жери жайлуу болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо