Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Эркин Мээрканов, композитор: “КАЙРАТ КЫРГЫЗ КЕТИРГЕН ЧЫГЫМЫМДЫ АКТАГАН ЖОК”

№826 31-август-6-сентябрь, 2018-жыл

Былтыр кыргыз эстрадасында Кайрат Кыргыз деген ысым бум жараткан. Клеёнкадан тигилген кийим, сербейген чачы, калың чийилген кара кашы дароо көзгө урунуп, жаш балдардын сүймөнчүлүгүнө айланса, көпчүлүгү сындап эле жатып калышты. Кайрат Кыргыз мурун фольклор ырчысы Кайрат Салмакеев экенин көпчүлүк биле бербесе керек. Учурда ырчы менен продюсери Эркин Мээркановдун ортосунда келишпестик болуп, продюсер сотко кайрылганын айтат. “Кайрат жаңы иштешип баштаганда менин бир сөзүмдү эки кылчу эмес. Акыркы кезде жылдыз оорусуна кабылып, мени алдоону адатка айлантты. Мындан ары аны менен иштеше албайм”,- деген Эркин мырза редакциябызга кайрылды.

“КАЙРАТТАН ЭЧ НЕРСЕ ЧЫКПАЙТ ДЕШКЕН”

– Мен 5 жылдан бери фольклор ырчысын заманбап стилде алып чыксам деп максат кылып жүргөм. Былтыр жайында Эркиндик бульварында отурсам Кайрат Салмакеев өтүп баратыптыр. Учурашып, “сизге аранжировка жасатайын деп жаткам” деп калды. Көпкө тааный албай, эстей албай жатып, салттуу музыка жанрында ырдаарын эстедим. Кайратка идеямды айтсам, дароо макул болуп, бат эле ишке кириштик. “Жаштык кез” аттуу ырды жаздырып, байпагынан чач жасалгасына чейин сатып алып, имиджинин үстүнөн 3 айдай иштедим. Ошол учурда мага эч ким ишенген эмес. “Эмне кыласың аны менен иштеп? Андан эч нерсе чыкпайт” деген кептерди айтышты. Чынында Кайрат өзү деле популярдуу болуп кетерин күткөн эмес. А мен баарын билип, көзүм жетип турган. “Мейли, силерге жакпаса, мага жагып жатат” деп ого бетер күчтөнүп иштей бердим.

Клипти октябрда эфирге бергенден бир жума өтпөй ар кандай пикирлер жаай баштады. Мен Кайратка алдын ала “сындар көп болот, сен эч нерсеге көңүл бурба” деп кулагына куюп койгом. Андыктан сын-пикирлерге даяр болчубуз.

“КАЛПТЫ КӨП АЙТЫП БАШТАДЫ”

– Ошентип акырындан чакыруулар келе баштады. Жаңы жыл алдында маданият министрлиги жана бир телеканал майрамдык кече уюштуруп, бизди чакырышкан. Кайрат Кантка барып келе калайын деген боюнча уят кылып келбей койду. Такыр байланыша албай, аргасыздан уюштуруучулардан кечирим сурадым. Ошол күнү дагы башка 2 тойго чакырышкан. Ал жакка болсо жетип келди. Башында экөөбүз тең жаш эмеспиз, сахнада көп жылдан бери келатабыз, келишими жок эле бири-бирибизге ишеним артып иштешебиз деп жаткам. Мени уят кылгандан кийин ага ишенбестик пайда болуп, 5 жылга келишим түздүк.

Келишимден кийин жакшы эле иштешип баштадык. Кайрат жыл сайын Жети-Өгүз райондук администрациясы менен фестиваль өткөрөт экен. Былтыр ошол жакка кеткенде дагы иш-чарага чакыруу түшүп калды. Ага чалсам “бара албайм, мени милиция кызматкерлери кармап кетти” дейт. Ишенбей дагы алдап жатат деп шекшидим да, апасына чалдым. Көрсө, Кайрат былтыр фестиваль өткөрүп, бирөөлөргө 300 миң сом карыз болуп калган экен. Ошентип 3 күн камакта жатып, бир жуманын ичинде төлөмөй болуп чыгат.

Жети-Өгүздөн келгенден кийин алдаганы ого бетер көбөйдү. Мага айтпай Беловодское, Кара-Балта, Ат-Башыга концерт коюптур. Менин кабарым жок, мунун баарын элден угуп жаттым. Афишаларын тааныштарым сүрөткө тартып жөнөтүшөт, көргөндөрүн айтышат. Кайратка "эмнеге мага айтпайсың?" десем, "мен койгон жокмун" деп моюнуна албайт. Мен калп айтканды жек көрөм, “кайда барсаң да мени кабардар кылып турчу, продюсериң болуп баскан-турганыңды элден угуп жатам” деп бир нече жолу эскерттим. Тилекке каршы, жыйынтык болбоду, каратып туруп мени алдап жатканына жиним келип, "мындан ары концерт койбойсуң" деген талап койдум. Кайрат “мага концерт койгонго тыюу салгыдай сен кимсиң? Мен өзүм билем коёмунбу-жокпу” деп көңүлүмдү ооруткан сөздөрдү айтты. Ошондон кийин таптакыр ишеничимден чыкты.

“ЖЫЛДЫЗ ООРУСУНА КАБЫЛДЫ”

– Кайрат Кыргызды иш-чараларга, тойлорго көп чакырышчу. Бир-эки жолкусунда “сөзсүз барам, буюртма ала бериңиз” деп ишендирип, кардарлардан алдын ала акча алып койсом келбей койду. Ал эми өзүнүн кардарларына барат, гонорарын мени менен бөлүшпөйт. Кайрат бир сом коротпосо, мен анын баскан-турганынан бери баарын жасап, ыр жаздырып, клип тарттырып даярдап берип жатсам, элге таанылгандан кийин мени укпай койсо кантип жиним келбесин?! Бардык нерсенин чеги болот экен, артынан сая түшө берип тажап кеттим.

Жакында Ысык-Көлдө чогуу отуруп калып, ушул кезге чейин чогулуп калган сөздөрүмдүн баарын айттым. “Буга чейин сен эч ким эмес болчусуң. Канча жыл ырдап жүрүп калың элге чыга алган эмессиң. Мен сени тааныттым” дедим. Бул чындык. Ошол кептерим ага катуу тийгенби, акыркы кезде телефонго жооп бербей жүрөт.

Мен Кайрат Кыргызга чоң пландарды койгон элем. Казактар “Жаштык кез” аттуу ырыбызды сурап, казакчага которуп беришкен. Жарым жылдан бери Кайратты ырдата албай убара тарттым, жалкоолонуп моюну жар бербей койду. Жылдыз оорусуна кабылып, көөп кетти. Оңою менен эмоцияга алдырбаган адам элем, акыркы күндөрү нервим чыңала баштады.

Жакында дагы бир жакшы хит чыгармакпыз, ал да калды. Түркияга барып клип тартсакпы деп жатканбыз. Ал да жок. Кайратка мен жаздырган ырларды аткарганга тыюу салгам. Бирок дагы деле тойлордо ырдап жүрөт. Аны билип эле турам. Анткени Кайрат Кыргыздын атын чыгарган “Жаштык кез” ыры. Учурда ырларыма автордук укук боюнча жактоочу менен сүйлөшүп, сотко кайрылдым. Мындан ары сот аркылуу чечишебиз.

“КАЙРАТТА МЫНДАЙ МҮМКҮНЧҮЛҮК ЭМИ БОЛБОЙТ”

– Жакында бир телешоуго барып, "Эркин Мээрканов менин продюсерим эмес" деп айтыптыр. Кээде "кетсе кетсин" деп кол шилтеп салгым келет, болгону ага кетирген чыгымымды кайтарып алсам дейм. Мен "Жаштык кез" ырынын аранжировкасын башкага 5000 долларга жасап бермекмин, клибин 1200 долларга тарттыргам. Андан сырткары "Жактырам", “Гүлдөйжан”, “Сүйүү ыры”, “Жаштарга” аттуу ырларын бөлөктөргө 700 доллардан 3000 долларга чейин сатмакмын. Жалпы жонунан Кайрат Кыргызды таанытуу үчүн 30 миңдей доллар жумшалды.

Кайратта эми мындай мүмкүнчүлүк болбойт. Дегеним, азыркыдай популярдуулукка жетиши кыйын. Эгер профессионал бирөө менен иштешсе, балким, чыгып калар, бирок мен андай адамдарды көрбөй элемин.

"Кайраттын образын өзүм иштеп чыккам. Ал бир да сом короткон жок, ырдап гана койчу".

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg


Продюсер Эркин Мээрканов: "Кайрат Кыргыз көп калп айта берип, акыры сотко бердим"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(58)
04.09.2018. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Копко тааный албай,эстей албай аран тааныдым деп алфптырго. Оллло майдаланып кеткен азыркы эркектер. Алдыгы клеенка жамынып ырдаган имиджи 30000доллар турабы??? Кайратка болсо соз жок,чон эле Адам экен,же аял эмес,же эркек эмес
04.09.2018. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ушу Кайратты корсом аллергия болом. Айрыкча Чубак ажыга берген жообун коргондо. Тарбиясыз.
08.09.2018. 05:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eduardobema1989,эркек
04.09.2018. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Батыштын циивилизациясынын кереги жок, нукура кыргыз бойдон калганыбыз жакшы деп, келечекти балдарыбызды ойлоп жатсак, Эркинге окшогондор батыштын маданиятын суйроп келип отурушат, эми мындан да жаманын чыгарыныз, эркек менен эркекти, аял менен аялды обуштуруп, ошондо популярдуу болуп каласынар, Силерге окшогон кондой мээлерге популярдуулук эле керек да, ар намыс деген барбы деги Силерде
04.09.2018. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Образын иштеп чыккандан кийин, интервьюларын дагы көзөмөлгө алыш керек болчу. Назира Айтбековага берген интервьюусунда цензурага жооп бербеген сөздөрдү сүйлөп отурат. Маданият кызматкери болгону кайсы? Түшүнөм, башка өлкөлөрдө дагы өзгөчө образ менен популярдуу болушат. Мисалы, Леди Гага, Кончита, Верка Сердючка ж.б. жашоосунда жөнөкөй эле адамдар, бул сахнадагы образы гана. Бирок интервьюларында обу жок чалчактап уят сөз сүйлөшпөйт, маданияттуу алып жүрүшөт, бул дагы продюссердин эмгеги...
04.09.2018. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Кыйратыпсын легендага айланткандайсынго.Эркекти кызга айлантыпсын.30000$га жакшына кино тартса болот го
04.09.2018. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
30 000 $ умут кылбай эле койгула, экооно тен уятта эми, карыганда калжандап дегендей.
SUPER.KG видео
04.09.2018. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
30мин $ кетти дейт уялбай
04.09.2018. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эшегине жараша тушагы дейт мындайды. Аял кишидей маек куруптур продюсери,Эгер мен теманын башын окуьасам,аял кишинин маеги деп ойломокмун
04.09.2018. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Хе-хе-хе продюсер менен ырчынын арманы эми дастан,дастан болуп чыгат, Кайрат да эми продюсерин "шыбап" чыгат да
04.09.2018. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушундай азыткыны жараткандан коро жаратпай эле койбопсунда.Экоон былтыры элге жат имиджинер менен шерменде болсонор,быйыл буйруса эркек башынар менен бири-биринди жамандап шерменде болгону турасынар.
04.09.2018. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Канча акчасы, убактысы кетти төлөсун. Жарым жылдан кийин Кайрат кыргыз, байкуш болот. Асмандан тушсунчу.
04.09.2018. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Болгон кашанын баарын продюсер озун жасапсын шайтанга окшотуп эми озун жей бер ошол кашаны.
08.09.2018. 06:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aitun,я
10.09.2018. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aitun,таамай айттын.булар бири-бирин жеп салышса деле мага баарыбир
04.09.2018. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Албетте эн кыйыны алдын ала суйлошуп барбай койгон. Ордунда мен болсом мен да ошентмекмин
04.09.2018. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоо тен пиар уюштуруп жатабы?
05.09.2018. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эркин,кайсы тарабынан атактуу болуп атасынар?Интернетке чыксанар эле атактуу болуп каласынарбы?Мени 1000 доллар берем десе да концертине барбайм.
05.09.2018. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайрат Кыргыз жакпайт,шерменде дейсинер дагы,кайра эле ошол ырдаган ырды угасынар.Интервьюсун окуйсунар ж.б.)
05.09.2018. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Корунушунон эле корунуп турбайбы кандай адам экени Кайраттын
05.09.2018. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Siren.ms, коомдук адепке, этика нормаларына туура келбеген билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
05.09.2018. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Күнөө өзү ушул продюсере турбайбы! КЫРГЫЗ деген атка шек келтиришти, образ го макул, өздөрүнө жакса, аларды да уга турган чөйрө бардыр... Бирок, псевдоним туура тандалган эмес, элдин назарынан калдынар да!
05.09.2018. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
жакшынакай фольклордо эле журо берсе болмок экен. элге тааныта коём деп бузуп коюпсунда, баарын озун ойлоп тапсан. бул озгочо стил эмес сен ойлогондой, чон тамга менен Кыргыз деп атына кошуп алып. бул стилин мактасан 5 жыл журот сахнада элге кулку да азырынча.
05.09.2018. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Негизи ырчылардын баары эле ушундай! Каныкей деле ушинтип момун болуп, баарына даярмын деп соз берип, анан Жылдыз орусу менен оруп калды. Эми продюсер жок, идея жок уйдо олтуруп калды. Калп эле мен уйбуло тандадым деп! Кайрат лагы Жылдыз орусу менен оруп калганго. Эч кимди укпай! Озунорго эле кыйын болот Эми.
05.09.2018. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кептин баары продюсер соройдо турбайбы. Нормальный фольклор ырчысын бузуп коюптур. Кайратка "Кыргыз" деп эмнеге кошот. Толтура соз айткым келди, бирок бироонун конулун ооруткум келбейт. Ар кандай создорду угууга даяр экенсинер, демек журогунор оорубайт.Кудайдын каарына калбаш керек, унутпайлы.
06.09.2018. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Байкуш комментарий жазгандар оздору Эмне иш кылышат болду экен элди сындап ушул жерде Эле отурушат Деги Эле оздорунун телегейи тенизби ?
06.09.2018. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акча бар жерде уруш-талаш коп болот негизи. Эгер келишим мыйзамдуу болсо кеткен чыгымдарын толотуп алсын. Шайтандын образы болсо да, ошолордо нерсени ойлоп таап продюсер акча кетирди,эмгегин жумшады. Келишимди бузган тарап куноолуу да.
SUPER.KG видео
07.09.2018. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы жерде интервью алдынар эле? Чымын мынча коп....фууу
07.09.2018. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ушинтип жамандагандар такыр жакпайт та оздоруле чечишип албайбы
07.09.2018. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайратты кыргыз деп атаганына жиним келет менин тушунугум б.ча башка улуттар корсо ойлошот болуш к.к кыргыздарды кайратка окшоштуруп урматтуу продюсер кыргыз жигиттери кайратка окшошуп кийинген да чачын саксайтып жургонда эмес кайрат кыргыз дебей карей кайрат десе жарашат
buboli түзөттү 2018-09-07 11:10:48
08.09.2018. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Продюссерин уктатып кетиптир да.
08.09.2018. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноо озу сенде турбайбы стилин ойлоп тапкан сен да жон эмес окшойсун
09.09.2018. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аппетитин коруп эле Мээркановдун кандай адам экени билинди...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо