Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Инстаграмдагы кызыктар: 1000 катталуучу – 300 сом

№826 31-август-6-сентябрь, 2018-жыл

Инстаграм социалдык түйүнү белгилүү адамдардын белгилүүлүгүн арттыруу менен гана чектелбей, кошумча каражат тапчу булакка айланганына көп болду. Ал тургай абройду ченөө Инстаграм катталуучулардын саны менен өлчөнө турган заман келди. Миңдеген, миллиондогон катталуучулар... Бирок бул сандар реалдуу адамдарбы же жасалма жол менен көбөйтүлгөн "жансыз" адамдарбы, кеп ушунда. Өлкөбүздөгү Инстаграм колдонуучулардын ичинен көп катталуучусу бар адамдардын алдыңкыларын аккаунттарынын HypeAuditor атайын кызматынын жардамы менен анализдеп (29-августка карата статистика) көрдүк.

ӨЛКӨДӨГҮ СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДЫ КОЛДОНГОНДОРДУН САНЫ

Светлана Марголистин СММ студиясынын жүргүзгөн изилдөөсүнө таянсак, бүгүнкү күнү Кыргыз өлкөсүнүн аймагында 1 миллион 400 миңден ашуун Инстаграм колдонуучу бар. Бирок бул ошончо сандагы адам аталган социалдык тармактын колдонуучусу дегенди түшүндүрбөйт. Бул сандардын ичинде жандуу да, жансыз да колдонуучулар болушу мүмкүн.

ВКонтакте – 1 479 000.

Инстаграм – 1 400 000

Одноклассники – 782 000.

Фейсбук – 590 000

БОТТОР ТУУРАЛУУ...

Жандуу аккаунт деген чыныгы адамдын баракчасы. Интернетте жансыз да аккаунттар болот. Алар “бот” деп аталат.

Бот – робот деген сөздүн кыскартылган версиясы. Бул адамдарга тиешелүү кандайдыр бир аракеттерди автоматтык түрдө жасай турган интернеттеги программа.

САМАРА КАРИМОВА

Кыргыз өлкөсүнүн аймагында эң көп окурманы бар аккаунттун ээси ырчы, актриса, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова. Бүгүнкү күндө ырчынын 1 миллиондон ашуун окурманы бар. Жогорудагы программа чыгарган жыйынтыкка таянсак, алардын ичинен реалдуу катталуучулардын саны жалпы колдонуучулардын 77 пайызын түзөт. Катталгандардын калганы же 200 миңден ашыгы күмөн жараткан аккаунттар. Ырчы 28-август күнү Инстаграмдагы аккаунтуна расмий тастыктама алып, кыргыз шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн ичинен верификацияга ээ болгон биринчи ырчы аталды.


АНЖЕЛИКА

Инстаграм дүйнөсүндөгү дагы бир көрүнүктүү ырчы Анжеликанын окурмандарынын саны 966 миңге жетет. Алардын 806 миңи реалдуу катталуучу болсо, калганы күмөн жараткан аккаунттар.





АЙЖАН АСЕМОВА

Фотомодель, студент жана жөн эле сулуу кыз Айжан Асемованын Инстаграмда 843 миң катталуучусу бар. HypeAuditor кызматынын берген маалыматында Айжан ар бир постуна орто эсеп менен 45-50 миңден лайк топтойт. Реалдуу аккаунттар 843 миңдин 61 пайызын түзөт. Айжандын активдүү окурмандарынын саны жогорудагы эки ырчы айымдыкынан көбүрөөк экенин байкоого болот.




БАЯН МАКСАТ КЫЗЫ

Эми коңшу Казакстан Республикасынан 3 миллиондон ашык катталуучусу бар Баян Максат кызынын Инстаграм баракчасын алып көрсөк. Продюсер айымга катталгандын 54 пайызы реалдуу, калганы күмөн жараткан аккаунттар экенин жогоруда биз атаган программа көрсөттү.







ОЛЬГА БУЗОВА

Салыштыруу үчүн дагы бир Инстаграм жылдыздын аккаунтуна тиешелүү статистиканы жарыялайлы. Buzova86 деген никтин ээси Орусиядан чыккан алып баруучу, ырчы Ольга Бузованын баракчасына бүгүнкү күндө 13 миллион 600 миңден ашуун адам катталган. HypeAuditor кызматы алардын 71 пайызы реалдуу, калган 29 пайызы күмөндүү аккаунт ээлери экенин көрсөтөт.







“УПАЙ ЧОГУЛТУП ЛАЙК АЛСА БОЛОТ”

Инстаграмда окурман топтоонун бир канча түрү бар. Анда акы төлөп адам чогултуудан тышкары бекер кызматтар да кездешет. Мисалы, баракчасында 9 миң катталуучусу бар Талант Инстаграм аркылуу ар кандай бекер “кызматтарды” аткарып, упай чогултат.

– Инстаграмда лайк менен окурман акысыз чогултуу үчүн атайын программа бар. Бир мисал, сиз жөн эле башка аккаунттарга жазыла бересиз да, ал “кызматыңыз” үчүн упай чогултасыз. Алсак, мага катталдыңыз дейли, бул үчүн сиз 10 упай тапкан болосуз. Ошентип упайларыңыздын саны тиешелүү бир чекке жеткенден кийин башкалар сизге жазыла турган мүмкүнчүлүккө ээ болосуз. Мындай жол менен бир күндө орто эсепте 100-200 окурман чогултса болот. Алардын саны, албетте, сиздин баракчаңыздын канчалык кызыктуу экенинен көз каранды. Бирок ал катталуучулар азайбайт деп эч ким кепилдик бербейт. Мисалы, менин аккаунтума катталгандардын саны жакында эле 15 миң болчу, алар азайып отуруп 9 миңге түштү.

“ЖАНДУУ ДА, ЖАСАЛМА ДА КАТТАЛУУЧУ – АКЧА”

Эми окурман чогултуунун акы төлөнүүчү түрү жөнүндө сөз кылалы. Инстаграмда катталуучулардын санын жасалма жол менен көбөйтүп берүү кызматын сунуштагандардын бирине чалып, төмөндөгүдөй жооп алдык:

– Саламатсызбы, Инстаграмдагы катталуучулардын санын көбөйтөйүн дегем.

– Жакшы, биз жандуу да, жасалма да катталуучуларды сунуштайбыз. 1000 сомго бир айда 1000ден 2000ге чейин жандуу катталуучу чогултуп беребиз. Алардын баары Бишкек шаарында жайгашкан адамдар болот. Бирок жандуу катталуучулар эртеңки күнү сиздин аккаунтуңузда кала берет деп эч ким кепилдик бербейт. Баары сиздин баракчаңыздын кызыктуулугуна жараша болот.

– Мага катталуучулардын саны эле маанилүү...

– Аа, эгерде баракчаңыздагы катталуучулар деген пунктун саны көп болуп көрүнсүн десеңиз жасалма аккаунттарды деле сатып алсаңыз болот. 5000 жасалма аккаунттун (боттор) баасы 1000 сом болот.

Катталуучулар менен лайктар акчага бааланып, интернет желесинде ачык сатылып калган күндө жасалма окурман сунуштаган кызматтардын да болжолдуу бааларын карап көрдүк:

100 лайк – 10-15 сом

5000 лайк – 200-250 сом

100 катталуучу – 50-60 сом

1000 катталуучу – 250-300 сом

 

Биз миллиондун айланасындагы катталуучусу бар чет элдик белгилүү адамдардын Инстаграм аккаунттарын барактап чыктык. Алардын көпчүлүк бөлүгүнүн жүктөгөн сүрөт, видеолоруна басылган “жакты” белгиси 50-100 миңдин айланасында экенине күбө болдук. Демек, кайсы бир колдонуучуга чындап жандуу аккаунттар катталган болсо, кеминде алардын 5 пайызы лайк басат. Эгерде инстааккаунттун ээси өзүнүн катталуучуларынын жалпы санынын 5 пайызынан аз лайк топтосо, демек, анын окурмандарынын кайсы бир бөлүгү "жел сандар" менен толтурулган деп жыйынтык чыгарса болот.

Алтынай Тынышова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(24)
04.09.2018. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Адресин айтып койгулачы.
04.09.2018. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ошондо Айжандын подписчиктери Самараныкынан көп экенда.
04.09.2018. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Самара менен Анжеликаныкында жокмун го,бирок Айжан беркилерге караганда жопжонокой кыз экен,жасалмалуу эмеес,Мен да накрутка пайдаланып коргом,катталгандар кийинчерээк азайып кетет ..Болушунча той откоруп мактанып алды,эртен подпискасын отменить кылышып, млн дан тушуп кетсе,оооолду да ,уят эле болот ОЗУ!
04.09.2018. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Уят эле,бул Анжела менен Самка такыр бети деле кызарып койбойт болуш керек. Экөөнө караганда Айжандын катталуучулары жандуу экен!!!
04.09.2018. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушул супердин жаңы саны да дагы самара бул кыз сериял эле болуп калды анжелика экөөбү . Илгери билсеңер просто мария деген сериял өттө көп серия болгондуктан мааниси жок эле . Ошол сериялдай эле тажап бүттү экөөбүдөн .
04.09.2018. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Супер ушул санын аябай куттум эле да! Силерге ыраазычылык.Кээ бирлеринин ордун коргозуп коюпсунар.
04.09.2018. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мен ал жакка кирбейм да бирок экооно тен лайк баспайт болчум айрыкча самарага
04.09.2018. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушинтип интернет да сатылса мммм....
04.09.2018. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ушул инстаграммга подписчик топтоп не зарыл а, андан коро бизнес кыл адамдарга иш таап бер, жакшылык кыл, намаз оку, адамдарга жардам кыл, мына дуйнодогу атактуу актер киану ривз дагы эч кайсы сайтка кирбей жашап журот го, олбой эле.мен ушул инстага вооще кызыкпадым. же толк коро албадым андан. кирсен сурот менен эле видео, ар кайсы адамдын кунумдук жашоосундагы картиналар, не зарыл, аларды коруп, же алар сага акча бербегенден кийин. мен ойлойм бул инста деле как сет маркет окшойт коп алдаган.
04.09.2018. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ээ койгулачы э, подписчик лайк дегенинер арзан эле турбайбы эмнесине мактанышат.
04.09.2018. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
bond02,Мактанган мында турсун той да берип
жиберди го чиркин.Өпкөсү колунда экенда.
04.09.2018. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага подписчики көбөйтүп берет 200-300сомго эмес 50сомго
04.09.2018. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elaman_Arypov,ката жаздым, мага 50сом
Салсанар 2000 подписчики көбөйтүп берем
04.09.2018. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саны эмес, жандуу подписчиктер Гулзат Мамытбек мн Чипонун куйормандары эле болуш керек. Кызыгып дагы, тан калып да, прикол учун да жазылгандар. Калгандары левый правыйлар.
04.09.2018. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Инстаграм жеке оюмча, мактана баскан турганын сүрөткө тартып чыгара бере турган соцтармак сыяктуу. Сенден мен каламбы деген ой менен жашагандай бул чөйрө. Ошого кызыккан адамдар түшүнбөсө ,үзүр.
04.09.2018. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Самаш баарын сатып алып көнүп калган,жада калса эмгек сиңиргенди сатып алды 2жыл ырдап эле,Токтобек Асаналиев,Салима Балтаева,Мурат Жантелиевдер канчадан бери эми сиңди эмгеги,так что таң калып кереги жок,уят пуятты жыйыштырып туруп эле сатып алып кыйын атала берсе болот биздин заманда
04.09.2018. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дүйнөгө белгилүү Джеки Чандын 500 миң подписчиги бар, КМШ өлкөлөрүнө таанымал орус ырчыларыныкы 1 млн.дон подписчиктер. Булардыкы супер инфо айткандай, 100% "жандуу" аккаунттар!
04.09.2018. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
1000 Подписчики 23сом турат
2500 подписчики 87сом турат
1000 лайк 0,2тыйын
1000коммент 87 сом
04.09.2018. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жазгыла мен кобойтуп берем подписчик 0775040795
09.09.2018. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurik-95, бекер элеби?
09.09.2018. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurik-95, бекер элеби?
05.09.2018. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
))))жаны бизнес таап бериптир бизге.
07.09.2018. 04:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атын чыкпаса жер ортто дегендей эле болуптур да.Бироолор ичеерге аш таппай жатса,бироолор байлыгын чачаарга шылтоо таппай жатышат.Дагы той бергенине кантейин тообо
07.09.2018. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Подписчик коп болсо не бироо акча берет бекен тушунбойм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо