Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЛИПТЕРДЕГИ «ЛЯПТАР»

№827 7-13-сентябрь, 2018-жыл

Кыргыз ырчыларына азыр клип тартуу мурдагыга салыштырмалуу оңой болуп калды. Себеби азыр клипмейкерлер көбөйдү, каалаган техниканы табасың. Болгону жакшы идея керек. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай ырчылар иштеп жатат, клиптери удаа-удаа тартылат. Жакшы клиптер бар, бирок кемчилиги менен тартылган клиптер да жок эмес. Клипмейкерлер менен ырчылардын кулагына күмүш сырга болсун, бул ирет айрым клиптердеги байкап калган «ляптар» тууралуу сөз козгомокчубуз.

ОЮНДАН ОК ЧЫГЫП...

Сөзү, обону Бек Борбиевге таандык «Дос» деген ырды «60`К» тобунун ырчысы Талант Кадыров жаңылап ырдап чыгып, анын клиби эл тарабынан жакшы кабыл алынды. Так ошол клипте ката бар экенин айта кетпесек болбос. Клиптин сюжетине ылайык, «каралар» курал-жарак менен бир имаратты бастырып кирип, ичиндеги элдерди туткунга алышат. Так ошол маалда ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери туткундарды куткаруу үчүн келишет. Имараттын ичинде эки тараптан атышуу орун алып, жыйынтыгында милиция кызматкерлери туткундагы адамдарды «каралардан» куткарышат. Стоп! Ошол атышуу болуп жаткан кадрларды карасаңыз, башкы каарман, анын жанындагылар да тапанчалардын, мылтыктардын машасын басышкан эмес. Тагыраагы, сөөмөйлөрү менен машаны баспастан, сөөмөйүн машанын артына коюп алышкан. Анан кандайча ок чыгып жатат? Бир карасаң бул «атышуу» айылдагы кичинекей балдардын «тах-тах» деген оюнун эске салат экен... Албетте, тартуучу топ коопсуздукту сактайбыз деп жогорудагыдай катага жол берип алышканы түшүнүктүү. Бирок муну байкатпай коюуга мүмкүн болчу.

ОРТОҢКУ МАНЖА «МОДА» ЭМЕС
Ырчы Анжелика кичинекей кыздардан турган «Kids Star» тобун түзгөн эле. Ал топто ырчынын кызы Айыма да ырдайт. Аталган топ «Модно» деген ыры менен тушоосун кести. Анжелика айым аларга жол көрсөтөйүн дедиби, өзү да кошулуп ырдап, клип да тарттырып салышты. Бирок клипте бир одоно «ляп» бар. Бул ката көбүнчө клипмейкерге тиешелүү десек болот. Клипте кичинекей кыздар эски автобуска жөлөнүп алып рэп айтышат. Так ошол автобуска колу кычышкан бирөө колдун ортонун тартып кеткен экен. Чоң энелерибиз айтмакчы, «уяты жок, колуң сынгыр» десе! Анан клипмейкер аны байкабай калган окшойт, так ошол «искусствонун» алдына кичинекей кыздарды тургузуп алып клип тартып жатпайбы. Мейли тартып жатканда байкабай калышса, монтаж учурунда мозаика менен жаап-жашырып коюшса жакшы болмок. Тилекке каршы, андай болгон эмес, клиптен «тиги» оркоюп эле көрүнүп калган.

«ЧОҢ КЫЗ, ФОРМАҢ КАНТЕТ?»
Жебе» тобунун ырчысы Самат Муратбеков жакында «Татына кыз» деген ырына позитив тартуулаган клип тарттырды. Клиптин сюжети боюнча, боорсокту буйрутма бергендердин дарегине жеткирген «томпошка» жигит жолдон өтүп бараткан «помпошка» сулуу кызды бир көрүп жактырып калат. Ошондон тарта жигит кайда барса ошол сулуу алдынан чыга берет. Тагыраагы, жигит алдынан кезиккен адамдардын баарын ошол сулуу элестетип алат. Май куюучу, тиш доктур, МАИ кызматкери... Клипте так ошол бейтааныш сулуу МАИ кызматкери болуп жигитти тоскон жеринде «ляпты» байкоого болот. Клиптеги кыз үстүнө МАИ кызматкеринин формасын кийген, алдына болсо чыпташкан шым, спорттук бут кийим кийип алган. Эгерде МАИчи кыздар жашоодо ушундай форма кийип турушса сөзсүз Зилалиевге окшогон төбөлдөрдөн «чоң кыз, формаң кантет?» деген сын угушат же «фигураң бомба экен» деген комплимент угушат. Албетте, бул клиптин режиссёрунун катасы. Жок дегенде кыздын артына МАИнин кызматтык унаасын коюп коюшса жакшы болмок. Жөн эле жол боюнда таяк кармап турса бир көргөн кишиге «парковщикке» окшоп көрүнөт экен.

РЕТРО, БИРОК...
Белгилүү акын Сооронбай Жусуевдин сөзүнө жазылган Рыспай Абдыкадыровдун «Айтсаң боло» деген ырын Мээрим Карыпова менен Таалай Иманкулов аттуу жаш ырчы жаңылап жаздырып, дуэт аткарышты. Аталган ырдын клибинен бир топ «ляптарды» байкоого болот. Айта кетсек, клип ретро стилде тартылган. «Чү» дегенде эле, тагыраагы, клиптин башында эле 3 курбу кыз келатканда артынан акыркы үлгүдөгү «иномарка» шуу өтүп кетет. Андан көп узабай эле аккордеон тартып жаткан жигит 3 бийкечти карап калган жерин да жакшылап байкап көрүңүз, 3 кыздын эки четтегиси автоматтык түрдө көздөн кайым болот. Сүф! Клип тартып жаткан жигит сыйкырчы окшойт да, кийинки эле кадрда тиги эки кыз башкы каармандын жанында кайра пайда болушат. Андан көп узабай жигит китепканада кызды карап отурган жерине да жакшылап баам салыңыз. Кыздын артында заманбап кондиционер турганын көрөсүз. Өздөрү эски заманда жүрүшсө кайдагы кондиционер? Кокус бул клипти башкалар көрсө «кыргыздар эбак эле өнүгүп кеткен тура, мурда кондиционер колдонушчу экен» деп ойлоп калышы толук мүмкүн...
Асхат Субанбеков
star@super.kg

Кыргыз ырчыларынын клиптериндеги "ляптар"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(10)
11.09.2018. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Талан Кадыровдун клиби мага аябай жагат кайра кайра кайталап корсомда тажабайм манилуу, актерлоруда жакшы ойногон кыскача айтканда клип мыкты, чыныгы ок атылса адам омуруно коркунуч жаралбайбы бул жерин сындаганыныздар туура эмес болуп калыптыр, ал эми кийин айтылган клиптерди коро деле элек экенбиз сиздерден кийин байкап койуш керек экен
11.09.2018. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
таппаганыңар жок
11.09.2018. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таланттын клиби жакшы кандай болсо дагы. Супер инфо туз эфир не болгон коптон бери чыкпай калды.
11.09.2018. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен Толик сынчы экен депмин макаланы жазган
11.09.2018. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чон кыз фигуран бомба экен деген комплимент угат,хе хе Асхат Субанбеков ушул жерин жарыптырсыз!Эн мыкты макала!
11.09.2018. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бул макала Анжеликанын тобун жарнама кылыш учун эле жазылгандай... Ким эле ошол кичинекей кыздардын клибин коруп отуруптур, бул макаладан кийин копчулук билип калды да ошол "топту"
11.09.2018. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыкендерди боло берет деген соз копко алып барбайт го.
12.09.2018. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Siren.ms, гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
13.09.2018. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
60к тобунун клибиндеги ляп же туура бирок ошол эле суротто дагы бир ляп бар, ок атуучу курап (предохранитель)де турат.
16.09.2018. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тах-тах ))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо