№827 7-13-сентябрь, 2018-жыл

Ылайдан тургузулган тамдар Союз кезинде өлкөбүздө көп болчу. Кийин жаңы технологиядагы материалдар, анын ичинде адамдын организмине зыян алып келчү материалдардан да тамдар курула баштады. Үй салууда «моданы» кубалоо туура эместигин, башкысы, жашай турган үйүң ыңгайлуу жана ден соолукка терс таасирин тийгизбегидей болуу керектигин аңдагандар ылай там салууга кайтып жатышат. Аны жаңыча кандай ыкма менен салууга болот? Бул тууралуу ылай жана саман үйлөрдү салууга ыңгайлашкан курулуш компаниясынын жетекчиси Алтынай Солтонбек баяндайт.
«ҮЙ ТЕГЕРЕК ФОРМАДА БОЛУШУ КЕРЕК»
жайында салкын, кышкысын жылуу болушу керек. Терезелери түштүктү карап, бөлмөлөргө күн тийиши кажет. Эң башкысы, үй табигый материалдардан тургузулушу зарыл. Андай тамда адам жумуштан чарчап барган соң бат эс алат, жашоого керектүү энергия менен үзгүлтүксүз камсыз болуп турат. Ооруса да бат айыгат. Адамдар илгертен эле табигаттын айыктыруучу касиети бар экенин билип, табигый материалдардан үй салып келген. Экологиялык таза үйлөрдө таза аба, оптималдуу нымдуулук болуп, жеңил дем аласың, бат уктап, уйкуң да жакшы канат, сергек, энергияга толгон абалда ойгоносуң. Мына ушул айтылган талаптардын баарына ылайдан тургузулган үйлөр жооп берет. Болгондо да тегерек формадагы, бурчтары жок үйлөрдү салуу керек.
Анткени бурчтар адамдын көзүн, нервин чарчатат. Табигатта бурч деген жок. Андыктан жаратылышка чыкканда көз эс алат. Бизге заказ бергендердин бири бурчтары тегерек тарткан ылай там салдырууда. Биздин технологияны колдонгон бир таанышым жарымы ылайдан, жарымы саман түктөн тургузулган формасы жумурткадай үй салып жашап жатат (аянты 36 чарчы метр). Анын аялы оорусунан ошол үйдө жашагандан улам айыккан. Мен деле аллергия оорумдан кантип айыгам деп изденип жүрүп айыгууга ылай жана саман там жардам берерин билип, анан ушундай үйлөрдү кура турган компания ачкам.
Учурда курулуш материалдарына химиялык кошулмалар кошулат. Андай кошулмалар көп кошулган арзан жана сапатсыз материалдар адамдын ден соолугуна зыян келтирүүчү уулуу жыттарды бөлүп чыгарат. Андай жыттар баш оорудан тартып ракка чейин жеткирет. Адам үйүндө эс албай эле шалдырап, ооруйт, энергиясын жоготот, стресске көп кабылат. Бетондон салынган үйлөрдү алсак, ал нымды тартат. Адамдын организми да 80 пайыз суудан турат эмеспи. Демек, бетон адамдагы суюктукту да соруп алат. Адамдын өзүн жаман сезүүсү, ооруп калуусу ошондон келип чыгат. Андыктан илгерки ата-бабалардын ыкмасында, ылай там салуу артык.
«ДУБАЛ ҮЧҮН ЫЛАЙ КОЛ МЕНЕН КОЮЛАТ»
Артыкчылыктары:
Кемчиликтери:
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |