Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БИШКЕК ЖЭБи ДАГЫ 81,9 МИЛЛИОН СОМГО ЖАҢЫЛАНАТ

№827 7-13-сентябрь, 2018-жыл

Бишкек жылуулук электр станциясын жаңылоо үчүн 81,9 миллион сомго тендер жарыяланды. Тийиштүү жарыя Мамлекеттик сатып алуулар порталына илинди. “Электр станциялары” ишканасы 40 жылдан бери иштеп жаткан электр линияларын алмаштыруу зарыл экенин маалымдайт. Бишкек ЖЭБи жылуулук менен бирге электр энергиясын да өндүрөрү белгилүү.

Расмий маалыматка таянсак, ЖЭБди кышка даярдоого деп жыл сайын бюджеттен 10 миллион доллардын тегерегинде акча бөлүнөт. Мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев 2017-жылы станцияны кышка карата оңдоп-түзөөгө 400 миллион сом бөлүнсө, 2018-жылкы сезонго 730 миллион сом каралганын айткан. Ал эми ЖЭБ чатыры жок, терезелери талкаланган абалда экени быйыл кышындагы өндүрүштүк кырсыктан кийин ачыкка чыкты. 2017-жылы ЖЭБди жаңылоого деп бөлүнгөн акча уурдалып кеткен. ЖЭБде оңдоо иштерин жүргүзүүгө келишим түзгөн компанияларга акча которулуп, ал эми оңдоо ишин ал компания эмес, ЖЭБдин кызматкерлери өздөрү жүргүзүшкөнү аныкталды. Азыркы бөлүнүп жаткан миллиондорго көзөмөл болбосо акча кайрадан шылуундардын чөнтөгүнө кирип кетпейт деген кепилдик жок.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо