Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Апта айымы - БЕГИМАЙ

№399 25-июнь - 1-июль, 2010-ж.

Жылдыз баян

Бегимайдын түрдүү кырдаалдарда өзүн кандай алып жүрөрүн байкап көрүүнү чечтик. Көрсө, Бегимай аралда жалгыз калса, курт-кумурска издеп жеп, ала качып кетсе, сылык гана “кетем” деп коркутуп, апасына күйөө баланы жетелеп келип киргизип берет экен.

Толук аты-жөнү – Эсенгулова Бегимай Исаевна
Туулган жылы –
1991-жыл, 21-ноябрь
Туулган жери –
Каракол шаары
Бою –
167 см
Салмагы –
50 кг
Фобиясы –
Чагылган
Бут кийиминин өлчөмү –
37
Үй-бүлөлүк абалы –
Бойдок
Жашаган жери –
Бишкектин Аламүдүн-1 кичирайону
Репертуарындагы популярдуу ырлары – “Чын эле”, “Сен сезбедиң”

ЭМНЕ КЫЛАСЫҢ?

Айылга ала качып кетсе... такыр эле тааныбаган жат адам болсо, эч нерсеге карабай басып кетсем керек. Тааныган адам болсо, сүйлөшүп, эмнеге мындай кылганын сурап, ошого жараша иш кылам. Эгерде чын эле ошол адам менен бактылуу болорума көзүм жетсе, калып калышым деле мүмкүн.
Жигитиңди курбуң тартып кетсе... курбума “экинчи эч жерден көзүмө чалдыкпа” дейм. Жигитиме “өзүңдөн көр” деп бир тиктеп алып басып кетем.
Аралда жалгыз калсаң... сонун суроо го. Жалгыз калган жыргал да (тамаша). Эгерде аралда жалгыз калсам, алгач тамак издемекмин. Анан кайык жасаганга аракет кылып баштамакмын. Колумдан келбесе да аракет кылып, элге кошулуунун жолун издейм.

АБАЛДАН КАНТИП ЧЫГАСЫҢ?
Сахнада ырдап жатсаң, фонограмма өчүп калса... өткөн жылдары 10дон кийин жарык өчүрүлчү эмес беле. Көлдө гастролдо жүргөндө концерттин жүрүшүндө свет өчүп калды. Эч нерсе болбогондой эле жандуу үн менен ырдап кеткенбиз. Абалдан чыгуу үчүн мен өзүмдүн үнүм менен ырды улантып коём. Анын үстүнө кафеде кечкисин жандуу үн менен ырдап жүргөндүктөн, мага кыйын деле эмес.
Ата-энең сен турмушка чыга турган адамды жактырбай койсо... мындай абал түзүлсө, жигитимден түрдүү жолдор менен апама жагышын талап кылам. Апам болбой эле жактырбай жатса, ак калпак кийгизип, үйгө уул кылып киргизип берем. Апам анан кантип эле жактырбай койсун.
Лифтте жалгыз камалып калсаң... кичине кезимде лифтте камалып калгам. Апам менен эжемдикине конокко барып, алар алаксып калышканда ачык турган лифтке түшүп албаймынбы. Так ошол учурда свет өчүп калып, ичинде калгам. Бир жарым сааттан кийин апам эптеп чыгарып алган эле. Ошондо коркуп калсам керек, азыр лифтке таптакыр жалгыз түшпөйм.

СЕНИН КААРМАНЫҢ?
Жашоодо... бою узун, ак жуумал адам. Ал жоопкерчиликтүү, адамгерчиликтүү, күчтүү болот деп элестетем.
Тасмада... Уилл Смитт.
Адабиятта... Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” повестиндеги Ильяз.

АКЫРКЫ ЖОЛУ...
Эмнеге таң калдың?
Бүгүн таң атпай саат алтыда бир адам үйгө телефон чалып калды. Кечинде кеч келип, уйкум да жакшы ачыла элек болчу. Ал киши “бүгүн тойго келип ырдап бербейсиңби?” дейт. Мен: “Кечирээк чалсаңыз болбойт беле?”- десем: “Эмне, азыр эртеби?”- десе болобу. Ушул кишиге аябай таң калдым да...
Эмнеге сүйүндүң?
Бир аз күн мурун эле аталаш эжелеримдин бири төрөдү. Экөөбүз чогуу өскөнбүз. Анын уул төрөгөнүнө аябай сүйүндүм.
Эмнеге ыйладың?
Эки күн мурун “Маңкурт” деген кинону көрүп аябай ыйладым. Апасы колун жайып келе жатса атып салганда көзүмдөн жаш сызылды.

МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРИЛСЕ, ЭМНЕНИ ӨЗГӨРТМӨКСҮҢ?
Келбетиңден... боюмду узартат элем, 170 же андан да узун кылып.
Турмушуңдан... мезгилди артка кайрый алсам, атамдын жанымда болушун каалаар элем.
Өлкөдөн... Мүмкүнчүлүк болсо, айылдардагы адамдардын жашоосун жеңилдеткенге кам көрмөкмүн.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(7)
27.06.2010. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamat.iygilik
28.06.2010. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozumdun unum menen ele ulantyp salam deptirgo :), unun taptakyr jok, kalp ele bir nerseni aitbachy, kyjyrga tiesinda......... Bashka ozundun jondomun bar kesip menen ele alek bolson jakshy bolmok.
28.06.2010. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай берген бойго да рахмат десен болмок
28.06.2010. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жандуу үн менен ырдашына 100000000000000000% ишенБЕЙМ!!!
29.06.2010. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгйлйк жана ийгилик!!!! Бирок озундун унун менен улантаарына ишенуу канчалык денгеелде чындыкка жатаар экен
30.06.2010. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ха ха ха сестренка ишендирип алдасан болмок ))))
15.07.2010. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай эле эл билген жада калса тажаган немелерди жазбагылачы. Элге кызыктуу жаны жаштардан жазсанар болмок.Бегимай эл таанып, анан калса унутуп баратат го................
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо