ИЗДЕЙМ СЕНИ. “УУЛУМ ОРУСИЯДА ИШТЕП ЖҮРҮП БАЙЛАНЫШПАЙ КАЛДЫ”

№827 7-13-сентябрь, 2018-жыл

“УУЛУМ 7 ЖЫЛДАН БЕРИ ДАЙЫНСЫЗ”

– Уулум Талантбек Мырзакматовду 7 жылдан бери издеп келебиз. Талантбек 1984-жылы туулган. Аны 2010-жылдын октябрь айында жээндерим Москвага иштөөгө чакырышкан. Байланышып эле жүрүп, 2011-жылдын май айынан бери дайынсыз болуп кетти. Таппай жатабыз. Апасы болсо уулун издеп Орусияга кеткенине 1 ай болду. Биз балабызды ойлоп уктай албай калдык. Баламды табууга жардам берип коюуңуздарды суранабыз.

Атасы Матмуса Мырзакматов. Тел.: 0777 30 55 60


“УУЛУМ ОРУСИЯДА ИШТЕП ЖҮРҮП БАЙЛАНЫШПАЙ КАЛДЫ”

– 1983-жылы Ош облусунда туулган Азамат Таялиевди табууга жардам берүүңүздөрдү өтүнөм. Ал көп жылдан бери Орусияда иштеп жүрүп, кийин Орусиянын жарандыгын алган. Акыркы жолу сүйлөшкөнүмдө уулум Москва облусунда бир үйдө кызматчы болуп иштеп жатканын айткан. Азамат спирт ичимдигин ичип кетиши мүмкүн. Сүрөттөгү жигитти көрсөңүздөр байланышып коюуңуздарды суранам.

Апасы Гулипа Мамазаирова, тел.: 0773 88 64 76


94 ЖАШТАГЫ АТА 51 ЖАШТАГЫ УУЛУН ИЗДЕЙТ

– Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын тургуну 94 жаштагы Садык Мадимаров 6 жылдан бери 51 жаштагы уулун издеп, анын келишин күтүп келет. Уулу Кушвакали Мадимаров Казакстанда иштеп жүргөн. Азыр ал кайда экени дайынсыз. Кушвакали Мадимаров учурунда музыкант болуп да иштеген, ошондуктан атасы короосундагы өрүктөн уулуна комуз чаптырып да койгон. Ал комуз да ээсин күтүп үйүндө илинип турат.

Айылдашы Исламбек Толубаев, Тел.: 0772 66 66 08


Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.

Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.

Байланыш телефону: (0312) 32-33-28


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо