Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АКШда оор жүк ташуучу унааны айдаган Айзаада: «НЬЮ-ЙОРК ШААРЫНДА ЧОҢ ТЫГЫН ЖАРАТКАМ»

№828 14-20-cентябрь, 2018-жыл

Оор жүк ташуучу унааны айдаган кыз-келиндерди көрдүңүз беле? Биздин өлкөдө мындай сейрек кездешсе керек. Ал эми Америка кошмо штаттарында кыргыз кызы Айзаада Асакеева так ушундай ары кызыктуу, ары оор жумушту аркалап келет. Эмесе, каарманыбыз океандын ары жагындагы жашоосун, кесибин баяндап берсин.

«БУЛ ИШ КЫЗ-КЕЛИНДЕР ҮЧҮН УБАКТЫЛУУ»

- Өзүм 1990-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлгөм. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эл аралык байланыш факультетин аяктагам. Андан соң АКШга 2009-жылы май айында келдим. Башында ресторандарда, мейманканаларда тейлөө кызматкери, бала багуучу болуп иштеп жүрдүм. Англис тилин Кыргыз жеринен эле үйрөнгөм, ал жакта гид болуп да иштеп жүрчүмүн, бул жакка келгени дагы өнүктүрдүм. Келгенден бери Огайо штатынын Цинциннати деген шаарында жашайм.

1 жылдан бери «трак», кыргызча айтканда, оор жүк ташуучу унаа айдап, жүк ташуучу болуп эмгектенем. Бул жакта оор жүк ташуучу унааларды айдаганды үйрөткөн атайын окуу жайлар бар. Ошол жакта окуп, сынакты жакшы деңгээлде тапшырып, узак жолдо жүк ташуучу унааны айдай аларыма көзүм жеткенде гана бул жумушту тандагам. Унаам менчик. Ичинде бардык шарттары бар. Муздаткыч, кийим салган шкаф бар, айтор, жашаганга мүмкүнчүлүк абдан жакшы. Унаа өзү жүгү жок 16 тонна, узундугу 20 метр. 22 тоннадан 25 тоннага чейин аманат жүктөрдү алабыз. Менин негизги кызматым, милдетим – жүктү кечикпей, өз убагында дарегине жеткирүү. Жумасына 5 күн жолдо жүрөм, дем алыш күндөрү гана үйгө келмей. Жүктү дарегине өзүм жалгыз унааны айдап жеткирем, өнөгүм жок.

Мындай унааны кыздар айдаганы көпчүлүк үчүн өөн учурашы мүмкүн, көргөндөр таң калышат, бирок мен үчүн бул иш оорчулук жаратпайт. Мен билгенден АКШда 20дан ашуун кыргыз, казак кыз-келиндери бул кесипти аркалашат. Бул иш кыз-келиндер үчүн убактылуу деп ойлойм. Саякаттаганды аябай жакшы көрөм. Качан саякаттоого болгон кызыгуум тараганда бул жумушум да токтошу мүмкүн.

«ЖУМУШ УЧУРУНДА КЫЗЫКТАР КӨП БОЛОТ»

- Жумуш учурунда көптөгөн кызыктуу окуялар, адамдар кездешет. Мен үчүн эң негизгиси АКШнын ар бир штатын көрүп, жаратылышы, жашоочулары, маданияты, экономикасы менен таанышуу кызык. Жумушум аркылуу бул өлкөнүн 45ке жакын штатын көрүп чыктым. Бир жолу жаңы иштеп жүргөн кезде кызыктуу окуяга дуушар болдум. Нью-Йорк штатына жүк алып барышым керек эле. Дарекке жетүү үчүн Нью-Йорк шаарынын четиндеги чоң жол менен өтүү керек болчу. Тажрыйбамдын аздыгынан улам шаар ичин аралап өтүүгө багыт алыптырмын. Ал жакка чоң жүк ташуучу унаалар кирүүгө тыюу салынган экен. Аны элдин көз карашынан байкадым. Жөө баратканы деле, унаа ичиндеги шоопуру деле «артка кайрылып кет» деген ишарат кылып, колдорун жаңсап жатышты. Ансайын корко баштадым. Акыры көчөдө чоң тыгын жараттым. Артымда унаалар тизилип токтоп калган, унаамдын күзгүсүнөн карасам тыгындын аягы көрүнбөйт. Эмне кыларымды билбей айлам кетип, бурула албай бир орунда туруп калдым.

Акыры полиция кызматкерлери келип жардам берип, чоң жолго чейин жол көрсөтүп келишти. Бул мен үчүн жумушумдагы эң оор, айламды таппай кыйналган күн болду. Азыр жолдордун баарын жаттап, көнүп калдым.

«ӨНҮККӨН ӨЛКӨДӨ ЖҮРСӨМ ДА, ӨЗ ӨЛКӨМӨ ЖЕТПЕЙТ»

-Жолдо унаанын бузулуп калуусу сейрек кездешет. Эгер орто жолдо бузулуп калчу болсо атайын тейлөө кызматкерлери келип, оңдоп кетишет. Жол эрежелери жөнөкөй. Жолдо бардык белгилер бар. Көрсөтүлгөн белгилерди туура колдонсоң жол жүрүү жеңил эле. Жол эрежесин бузуп айып пул төлөгөн эмесмин.

Каражат жагына токтолсок, Кудайга шүгүр, буюрганын табам. Азырынча батирде турабыз, буюрса, үй алалы деп иштеп жатабыз. Бул ишти баштаганда башында үйдөгүлөр каршы болушкан, азыр каршы эмес. Быйылкы жылдын февраль айынан май айына чейин ата-энем АКШга келип, конок болуп кетишти. Бул жакты аябай жактырышты. Аларды унаама салып, жумушумду да көрсөттүм. Өлкөмө баруу пландарым бар. Мекениме каалаган учурда барып-келип жатам. Үй-бүлөм, 1 кызым бар. Кызым Илиана Миллер быйыл 4 жашка толду. Англисче так сүйлөйт. Кыргызчаны түшүнөт, бир аз сүйлөйт. Орусчаны бир аз түшүнөт. Кичинесинде Кыргызстанга барып жашап келгенбиз.

АКШда агрардык өнөр жай тармагы абдан өнүккөн. Эгер айыл чарба техникаларына өзгөртүү киргизсек, Кыргыз өлкөсү да келечекте сөзсүз өнүгөт деп ишенем. Кыргызстан – менин мекеним. Өнүккөн өлкөдө жүрсөм дагы, өз өлкөмө жетпейт. Төрөлүп-өскөн өлкөмө эч бир өлкөнү салыштыра албайм. Алдыда мекениме барып иш жүзүнө ашырсам деген көптөгөн тилектерим, кыялдарым бар. Аларды сөз менен эмес, иш менен далилдегим келет.

"Атам, апам жана кызым. Ата-энемди АКШга чакырып саякататтым".

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(41)
18.09.2018. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Молодец! Жолдошу американец окшойт...
18.09.2018. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
sladkaja_konfetka,ошон учун журот да унаам менчик деп
20.09.2018. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Jigitchem,АКШда ушул тармакта иштеген кыргыздардын кобунуку менчик. Арендага айдаган учурда 10000$ иштеп атса 1 айга. Менчик болгондо 2 эсе көп табатта
18.09.2018. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ишине ийгилик, ар дайыма денсоолугун чын болсун, чет жактарда жургондор гана Кыргызстандын чыныгы патроиоттору
18.09.2018. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Күйөөсү тууралу айтбаптыр жок окшойт э
18.09.2018. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Күйөөсү тууралы айтбаптыр жокго сыягы
18.09.2018. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Аябай кызыгуу менен окудум,жук ташуучу машинасынын озу эле укмуш экен
18.09.2018. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Молодец! Сендей кыздар коп болсун
18.09.2018. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
анча мынча эркекке караганда эркек экен!
18.09.2018. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ишине ийгилик.
18.09.2018. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Иштегени да башкаларга улгу болчудай экен...

Бирок бир немецке турмушка чыкканы, эч да улгулуу эмес...
18.09.2018. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
CEO1,немецтер адам эмес бекен? Ушул улутчулдарга эч түшүнбөйм жана түшүнгүм да келбейт!
18.09.2018. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
sladkaja_konfetka, ар-намысы жок кыздар учун баары бир, гомосексуалист болобу, лолу болобу?!!

Анан калса тушунуу учун мээ керек, ал болбосо мин аракет кылсан да тушуно албайсын...
18.09.2018. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Азамат Кыз! Эрк керек АКШда оор жук ташуу учун.
18.09.2018. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
Өлдү го кыздардын баары чет жакка тийип, не кыргыз эркектер жарабай калганбы.
18.09.2018. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
demo009, тууганым, тагдыр деп коёт. Америкада деле жүрүп кыргызга үйлөнүп турмушка чыккандар бар. Бул карындаш тагдыры башкада экен. Ачууланба
18.09.2018. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
demo009,кыргыз эркектер аялдарды сыйлаганды билбейт,алганча алтыным,алгандан кийин катыным кылышат,менин куйоом кореец,эн бактылуу аялмын,куйоом алтын Адам.
18.09.2018. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
katerina.li, сага окшогондор улуттун бетине коо жабат. Озунор алтын бекенсинер?!

Каяктагы озбек, тажик, корейлерди жандап, мактап журуп, кийин колдон каруу кеткенде кочукко бир тээп айдап жиберсе, келесинер кайра шумшуйуп...
18.09.2018. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
katerina.li,куйоон кореец болсо азыр
Кыргызстандасынарда туурабы.дуй от сюда
Кореяга жогол..сен уже корей болуп аталасын.
19.09.2018. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
katerina.li,ошол алтынын менен анга туш
20.09.2018. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
katerina.li,сенин күйөөң корец болсо балдарын гу жүн пү экенда
18.09.2018. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматсын ишине ийгилик!
18.09.2018. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Жалкоо эркектер ушул кыздан улгу алгыла, телефон чукуп эле ушак андып отурбай
18.09.2018. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
Matahara1980, кыздар да улгу алып кытай, кореец, тажик, озбек, турк, орус, немец, американец, мексиканец, азери, негр (африкалык бут улуттар), лолу, еврейлерге тийип кете берсин да деп койбопсун. Ансыз да жогоруда 2-3 мактанып отуптур...
23.09.2018. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Frunze2, тууганым ушу сен Кыргыз деп өзгөчө кыйкырганынды кээде колдобойм. Башка улутка турмушка чыгат, кээде уйлонот. Бул нике кайып деген нерседа. Мисалы, мен башка улуттагы жигиттер менен кыздарыбыздын кыз-жигит болуп жүрүшүнө каршымын. Бирок эми үй-бүлө курса кантип каршы болом. Үй-бүлөну бузуу керекпи? Бул жерден комментарий менен таасир аз болот тууганым. Өзүңдүн чойрондо карындаштар бар. Жакшыраагы ошолордун 2-4 сун куткар. Ошол жеңиш.
18.09.2018. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйоон каякта?!
18.09.2018. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Американын тартиптери башкада. Бул жактан билбей коп создор жазылыптыр. Черный списокко тушуп калсан чыга албай каласын Америкадан. Чыгыш учун Американын жаранына уйлонушун керек. Анан башка олколорго чыкканга мумкунчулук болот.
adiletik түзөттү 2018-09-18 20:35:45
19.09.2018. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озбек тажик дегеле чет олколук улуттарга тийген кыргыз кыздар,озунорду кыргызбыз деп эсептебей эле койсонор болот.себебин жакшы тушунот болушунар керек
19.09.2018. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Эркектер ичинер куйсо туз жалагыла,жата калып муз жалагыла
19.09.2018. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Азамат кыз (аял)экен ошончо очойгон машинени минип Американын шаарларын аралап жүк тартып.Биз Ошто бир тико менен пробка кылабыз го жолду чыга калып тосуп.
19.09.2018. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АКШга барып Айзаадага сменщик айдоочусу болсом окшойт.Адресин кайдан алсам болот?
19.09.2018. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азамат кыз экен негизи бул кызга уйлонууго анча мынча балдардын духу жетпегенго.
19.09.2018. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
orxidey,духу жетпей)) Бирок ушактап, кемсинткенге тили жетет)))
19.09.2018. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Күйөөсүн айтса айтпаса эмне,же тартып алайын дейсиңерби
19.09.2018. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыздын кыздары ушул кыздан бир аз болсо да үлгү алышса жакшы болот эле. Бул кызга өтө чоң баа бердим. Эмне дейбиз!? Ишине ийгилик каалайбыз, Кыргызстандан чоң салам.
21.09.2018. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Firdaus-Muslim,кыздары эмес эркекткри улгу алсын,особенно бул жерде аялдардан кем калбай жаакташкан эркектер
20.09.2018. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эркектер озунорду билбейсинер озунор деле башка улутка уйлонуп,ошолор мн журосунор го башка мамлекетте кыргыз кыздарын алдап таштап ошол айтып жаткан озбек-тажик кыздарын ээрчип журосунор уй кучуко окшоп.
21.09.2018. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Куйосун акшлык деп айтелекте эле эмне силер акшлык кылып койдунар балким кыргызга эле тийип ажырашып кеткендир айла жок ошол жактан жумуш таап иштеп жаткандыр жон эле соз чыгарып куноону оз мойнунарга илбегилечи кыйын экенсинер ошондой чон машинени айдай аласынарбы азамат кыз экен даже менин жолдошум айдай албайт
24.09.2018. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кыргыз эркек жок калдыбы дегендер туура эмес кыргыздын эркектери эркектигин жоготуп баратат мындай кыздарга тен тайлашып куйоо болуш учун биз дагы окуп дуйно таанып илим уйронуп озубуздун денгээлибизди которушубуз керек. бул кызды колдойм так что эркектер кеч боло электе алга ......
24.09.2018. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул макаланы мурдада чыгарган болуш керек Супер инфо.
Дагы кайталап окудум.
07.05.2021. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогору жакта кыргыз жигиттерине асылгандар,Баткенде эр жүрөктүүлүгүн көрсөткөн жигиттер жакпай жатабы?Уруш чыкканда мен барам деп жулунган жигиттер көрүнбөй жатабы?Кыргыз жигиттерине башка улуттар ашык болуп жатканы жалганбы?
Кыргыз жигиттер башка улуттун кыздарына үйлөнгөндөрү өтө аз санда.Силер кыргыз жигиттерин төрөп,өстүрбөй башка улутту көбөйтүп жатасынар.Өз агасын агалай албаган,бирөөнүн үйүн сагалайт-дейт.Ошол башка улуттагы күйөөнөр банкрот болсо,сөзсүз аларды да жамандап келесинер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо