КЫЯЛДАНУУНУН ПАЙДАСЫ БАРБЫ?

№828 14-20-cентябрь, 2018-жыл

“Кыялдануунун зыяны да, пайдасы да жок” деген кеп бар эмеспи. Чынында эле кыялдануунун пайдасы жокпу? Психологдор бул темада изилдөөлөрдү жүргүзүшүп, эгер туура кыялдана билсе, ар бир адам пайдалуу жыйынтыкка жетерин айтышат.

КЫЯЛ – МАКСАТ

Сизге азыр жана келечекте чындап эмне керек экенин ойлонуңуз. Кыялданып баштаганда майда-чүйдө, кийим-кече, тамак-ашка жетүүнү самабай, чоң нерсени, мисалы, үй, акыркы үлгүдөгү автоунаа же кайсы бир чет өлкөгө саякаттап келүүнү, кирешелүү бизнестин башында турганыңызды кыялданыңыз. Майда-чүйдөгө бат жетесиз, анда кыялдануунун кызыгы кетет. Чоңду кыялдансаңыз, ага жетүү үчүн максат коёсуз, акырындап аракет кыла баштайсыз. Аракеттин биринчиси, ошол кыялыңызды күн сайын ойлонуңуз, башкаларга айтыңыз. Жакшы тилек – жарым ырыс.

КЫЯЛ – ЭНЕРГИЯ

Психологдор белгилегендей, жаман нерсени кыялданган адам дээрлик болбойт. Ал эми жакшы нерсени кыялданып жатканда адамдын нерв системинде, жүрөктө, негизи эле бүт организмде кан жакшы жүгүрүп, “бакыт гормону” болгон эндорфин бөлүнүп чыгат. Көп кыялданган адам жаш болот. Адамдын ички энергиясы толуп, келечекке умтулууга, жакшы жашоого энергия берет.

КЫЯЛ СТРЕССТЕН ЧЫГАРАТ

Маанайы жок, кайсы бир кыйынчылыкка кабылган адамга күнүгө ойлонуп жүргөн кыялы, максаты жардамга келет. Дүйнөдө сиздикинен да оор маселелер көп экенин эске алыңыз. Кыял позитив гана жаратат, андыктан стресс абалында да кыялданууну таштабаңыз. Ал сизди жаркын келечекке жетелейт.

КЫЯЛ – СТИМУЛ

Кандай иш баштабаңыз, оорбу, жеңилби анын жыйынтыгы кандай кубаныч алып келерин кыялданыңыз. Ийгиликке жеткендеги сезимди элестетиңиз. Бул сиздин жасап жаткан жумушуңузду сүйүүгө, андан ырахат алууга жардам берет. Колуңуздан келбей калса кыялдын баарын “чемоданга” салып бекитип койбоңуз. Кыбыраган кыр ашат демекчи, аракеттин артында сөзсүз кыялыңыздагы ийгилик турат.

КЫЯЛ – ФАНТАСТИКА ЭМЕС

Келечегин ойлонгондо, кыялданганда чаржайыт ар кайсынын башын самай бербей, конкреттүү ойлорго токтолуу керек. Бүгүн кыялданганын эртең унутуп калуу жарабайт. Негизгиси кыялды фантастика менен алмаштырып албаңыз. Мисалы, кайсы бир тасмада жактырган актёруңуздун жанындагы каарман болуп калсам же сыйкырчы, супермен болсом деген фантастикалык ойлордон алыс болуңуз. Негизгиси, реалдуулуктан алыстабаңыз.

КЫЯЛ VS ЖАЛКООЛУК

Кыял менен жалкоолукту дос кылбаңыз. Диванда жатып алып “мен кыялкечмин, бир күнү асмандан оозума алма түшөт” деген эрежени босогодон киргизбей алыс кууңуз. Кыял менен максат, эмгек, аракет “шеринелеш” болгондо гана ийгиликке жетесиз.

КЫЯЛДАР ОРУНДАЛАТ!

Жакшы ой – жакшылык чакырарын унутпаңыз. Кыялдарыңызды көзөмөлдөп, башкара билиңиз, ошол учурда гана жетем деген нерсеңизге жетесиз. Биринчи жаралган тоскоолдуктан эле сынып калсаңыз, кыялдарыңыздын орундаларына ишенбесеңиз, жакшысы кыялданбай эле коюңуз. Ал эми туура кыялдана билген адамдарга айтарыбыз, кыялдар орундалат!

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(9)
18.09.2018. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы!ээң тура жазылыптыр.
19.09.2018. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Baatirbek81,туУра
19.09.2018. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ТуУра
19.09.2018. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Билбейм мен. Дайыма кыялданам бирок ишке ашпайт.
24.09.2018. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jasmin555,Суйом го сени )))
20.09.2018. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура.
21.09.2018. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Мечтать не вредно"
22.09.2018. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Насвайды чегип кыялдантур экен жомок
24.09.2018. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи бир нерсени кыялданганда болбой турган нерсени кылданып алып,ошол нерсе реалдуу турдо 90%и ишке ашканда озумо озум ишенбей кеткем чын элеби деп.Не ждите чуду,чужите сами
gulaza түзөттү 2018-09-24 01:14:54
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо