Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айпери Кубик кызы, ырчы: “УУЛУМДУ ИНИЛҮҮ ЖЕ КАРЫНДАШТУУ КЫЛГЫМ КЕЛЕТ”

№828 14-20-cентябрь, 2018-жыл

Учурунда ак куу болуп учкусу келген Айпери Кубик кызы бүгүнкү күндө Даян аттуу баланын мээримдүү энеси, жолдошунун сүйүктүү жары. Ырчы айым чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

– Саламатсызбы, Айпери? Сизге байланышканымда "сыркоолоп жатам" дедиңиз эле. Жакшы болуп калдыңызбы?

– Саламатчылык. Буюрса, жакшы, рахмат. Бир аз сыркоолоп, санаторийге барып эс алып келдим.

– Жеке жашооңузду такыр ачыкка чыгарбай калдыңыз. “Бакыт тынчтыкты сүйөт” деген принцип менен жашап калдыңызбы?

– Үй-бүлөмө көз тийбесин, сөз тийбесин деген эле ой. Жеке жашоомду талкууга калтыргым келбейт. Чыгармачылыгымды, ырларымды, кийген кийимимди, жумушума байланыштуу нерселерди талкуулашсын. Кандай жашайм, ким менен жашайм ал менин жеке тандоом, чечимим. Үй-бүлөмдү, сүйүүмдү жарнамалагым келбейт. "Эл көрсүн, мен минтип жашап жатам" деген адамдардан эмесмин. Жолдошумдун жүзүн көрсөтүп алып ага да сөз тийгизгим келбейт.

– Күйөрмандарыңыздын баарын кызыктырган бир суроо – бул жолдошуңуздун улуту экен?

– Жолдошум кыргыз. Менден 5 жаш улуу, 31 жашта. Кудайга шүгүр, жашообуз жакшы. Бизнеси бар. Көбүнчө түрктөр менен иштешет. Буюрса, мен да бир гана шоу-бизнесте эмес, бизнесте дагы өзүмдү сынап көрөйүн деген оюм бар.

– Дайыма элдин кызматында жүрөсүз. Жолдошуңуз кызганып чыр чыгарбайбы?

– Жолдошум үйлөнүп жатканда кимге үйлөнүп жатканын билген да. Обу жок кызгана бербейт. Ортобузда ишеним, сый өтө чоң. Алыскы аймактарга тойго барганда дайыма жанымда жүрөт. Кээде эле “ким менен каякта жүрөсүң?” деп тийишип сурап коёт. Башынан эле “соловушкам” деп эркелетет. Эң негизгиси абдан чечкиндүү. Майдаланбай шар жүргөн адам. Ошонусу жагат. Экөөбүз тең өзүбүздүн кызыкчылыгыбыз үчүн башка жумуштарды экинчи планга коюп коймоюбуз окшош.

– “Кайнененин камырынан” деген сөз бар эмеспи. Окшоштук жайыңыздарды байкап каласызбы?

– Апам менен көп сүрөткө түшөм. Кылган мамилеси, айткан акыл-насааттары мен үчүн өтө баалуу. Экөөбүз түшкөн сүрөттөрдү социалдык тармактарга жүктөсөм эле баары “элге үлгүлүү келин болуп көрүнгүсү келип жатат, же бирөөдөн өч алып жатат” деген билдирүүлөрдү жазышат. Кайнене болуу да, келин болуу да кыйын. Негизи эле апам өтө акылдуу, даанышман аял. Башыбыз бириксе эле сырдашып, сөзүбүз түгөнбөйт. Кээде таң аткыча сүйлөшөбүз. Басып өткөн жолун, көргөн-билген нерселерин айтып берет. Ошентип сырдашып жатканыбызда апам мага “турмушка болгон көз карашың, тырышчаактыгың, кылган тиричилигиң, ойлогон оюң, көздөгөн максатың баарысы мага окшош” деп айтты. Бул сөзгө чындыгында кошулам, себеби окшоштук жайларыбыз көп. Мен бул үй-бүлөгө бүлө болдум жана ушулардын тарбиясы менен болом.

– Уулуңуз Даянды инилүү же карындаштуу кылалы деген планыңыздар барбы?

– Дани азыр 3 жашка чыгып, чоң жигит болуп калды. Тили так чыккан. Көз тийбесин, акыл-эстүү. Атам менен апамдын тарбиясын алды. Болушунча мээрим төгүп, элден кем кылбаганга аракет кылып жатам. Дани өзү дагы “ляля бар ичиңде” деп калат. Буюрса, наристе күтүп жатабыз. Уулбу же кызбы азырынча белгисиз. Жолдошум менден өтүп кубанып жүргөн чагы.

– Иниңиз Улан чыгармачылыкка аралашып жүргөнүн билебиз. Сиңдиңиздин да чыгармачылыкка аралашууга чымыны барбы?

– Улан тасма талаасында, ырчылыкта өзүн сынап жүрөт. Кесиби боюнча режиссёр. Сиңдим Аймээри 11-класста окуп жатат. Ырга, бийге шыктуу. Экөөбүздүн мүнөзүбүз, кызыгууларыбыз эки башка. Анын шоу чөйрөгө аралашышына каршымын. Башка тармакта эле өзүн тапса дейм. Себеби артыңдан ар кандай ушак-кептер айтылат. Аймээри өтө назик, сөз көтөрө албайт. Катуураак сүйлөсөң эле ыйлап жиберет. Мага жазылган билдирүүлөрдү окуп жатып эле ачуусу келип, “ушул сүрөтүңүздү өчүрүп эле салыңызчы, кантип чыдап жатасыз?” деп көп айтат. Ошондуктан айтылган сындарды көтөрө албай сынып калышын каалабайм.

– Айтканыңызга караганда, ырчылыктан башка жолду тандасам болмок деп өкүнөт окшойсуз?

– Жок, өкүнбөйм. Чыгармачылыкка аралашканыма 10 жыл болду. Негизи кесибим – дипломат. Кесибим боюнча 8 ай иштеп көрдүм. Бирок мен үчүн эмес экен. Ал жерде жетекчиликке баш ийип иштейсиң, кечке чейин бир жерде отурасың, айлыгың азыраак дегендей. Башынан эле чоң кармап калсаң аз акчага алымсынбай калат экенсиң. Чыгармачыл адам болгондон кийин эркин жүрүп жаман көнөт экенбиз.

– Учурунда “Ак куу” аттуу ырыңыз хит болду эле. Азыр чыгармачылыкка олуттуу киришпей жаткандайсыз...

– Өмүрү узун ырлар чанда жаралат. Ырларымды баламдай эле көрөм. Баарына бирдей каражат кетирем. Элге өтпөй калса, күйдүң деген сөз. Санга эмес, сапатка иштейм. Ал эми “Ак куу” деген ырымдын ушунча жылдан бери ырдалып жүргөнүнө сүйүнөм. Кээ бирөө “ошол ырды укмайынча менин балам уктабайт” деп калышчу.

– Маектериңиздин биринде "пластикалык операцияга жасаткам" деген экенсиз, жашыруун болбосо кайсы жериңизге жасаттыңыз эле?

– Жо-ок, бул сыр. Көптөр бой мүчөсүнө жасатты деп ойлойт. Булардын баары өзүмдүкү (күлүп). Пластикалык операцияны башыма жасаткам. Бирок кайсы жеримди экенин айтпай эле коёюн. Элге билдирбей жакшы операция жасап берген дарыгериме мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ыраазычылыгымды билдирем.

– Үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык ийгилик каалайм!


"Уулум Даян 3 жашка чыгып, чоң жигит болуп калды".
"Жолдошумдун жүзүн көрсөтүп ага сөз тийгизгим келбейт".

Жаңыл Ниязбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Айпери Кубик кызы: "Үй-бүлөлүк толуктоону күтуп жатабыз"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
18.09.2018. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Тилегине жет. Ар бир аял затына энелик мээрими насип этсин. Супер инфо жаздылего,,торобогон аялдан эки эмчектуу эчки артык,,деп. Кудайым ар бириниздерге этек толо бала берсин))) калганы по пути)
18.09.2018. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайненелер ырынын обону плагиат экенго,ушунун,,
18.09.2018. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
monster_high_98,эми билдинби
18.09.2018. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец красавица....
18.09.2018. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Кичиненден бери чон акча кармап журуп конуп калганын жаман болуптур. Биринчи турмушундан ушул акчанын айынан ажырашканындын себеби окшойт. Бир интевьюнда "Адамча жашагым келди." дегенинди окугам. Ошондо акчасы жоктор адамча жашабайт экен да э? Эми бизнесмен куйоондон байлык эмес бакыт тап. Аман эсен коз жарып ал. Атан кандай жакшы киши мээнеткеч, жонокой. Атанды тартсан жакшы болмок. Бактылуу бол.
18.09.2018. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу бол,эсен аман коз жарып ал
18.09.2018. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коз тийбесин
18.09.2018. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Жолдошун эмес озундун деле жузунду корсотпочу.
SUPER.KG видео
18.09.2018. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
козу менен оозуна жасаткан окшойт,кареги чыгып оозу чоноюптур байкасам.
18.09.2018. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бироого баш ийип иштей албай койдум дейт,деги тцрмушта озун бироо жарымга баш ийип жашайсынбы деги??
SUPER.KG видео
18.09.2018. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оозун чонойткон анын эмнеси жанылык????
18.09.2018. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мурдун озгорткон болуш керек
19.09.2018. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дагы ушинтип суротко тушушуптурда, эми не омур бою ушинтип тушушобу булар. Обу жок.
Медиа-портал
19.09.2018. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ой бой
19.09.2018. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жузу эмне коркунучтуубу куйоондун, соз тийгидей.))))
19.09.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Айпери мага жагат.Фигурасы,ырдаганы сонун!
19.09.2018. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Синдиниз акылдуу окшойт сизге караганда.Ооба,синдиниз ырчы болбой эле,жакшы жигиттин жары болсун!
20.09.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу куйгузду чачын кыркып ага кайрале жасалмасын улап)))
20.09.2018. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
. Сулуктудо жашашат.
21.09.2018. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоого тийсе деле ошоо
SUPER.KG видео
22.09.2018. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айпери сулуу кыз бактылуу бол! Туура кыласың! бакыт тынчтыкты жакшы көрөт! Үй бүлөңдү элгн жайып айтпа! Эл өз жашоосун билип алсынчы! Ар бир инсан өз жашоосун сыр кылып жашаганга укугу бар! Элдин оозунда элек жок! Башына келгенди айта берет! Бирөөнүн сөзүндө, бирөөнүн көзүндө бар дегендей!Аялдык бакыт каалайм!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо