№829 21-27-сентябрь, 2018-жыл
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынын 8 жашар тургуну Медина Каныбекова ойноп жатып колун сындырып алып, ошондон улам каза болду. Кыздын чоң энеси күнөөнү врачтарга коюп жатат. Врачтар болсо күнөөнү өздөрүнөн алыс түртүүдө. Окуяны иликтеп көрдүк.
«ВРАЧ "БИР ЖУМАДАН КИЙИН КЕЛГИЛЕ" ДЕГЕН»
Чынаркүл Момбекова кыздын чоң энеси, 54 жашта. Уул-келини Орусияга иштеп кеткендигине байланыштуу алардын 4 баласын карап-багып жаткан:
- Ушул жылдын март айында келин-уулум Орусияга кетишкен. Неберелеримди мен карап калгам. 3-сентябрь күнү кечкисин Медина кыздар менен ойноп келейин деп чыккан. Мени бул күнү «Көчмөндөр оюндарына кетиптир» деп да айтып жатышат. Үйдө кичинекей балдар турса, кайдан ал жакка бармак элем? Эң кичинекей неберем 2 жарым жашта. Бир кезде Медина колу канап чуркап келди. «Таштан тайгаланып чөпкө жыгылып кеттим» деди. Колу бир аз шишип калыптыр. Кичинекей куурай киргендей тешик бар экен. Тешикке йод куюп, колун марли менен байлап, моюнуна асып койдум. «Колуна байкеси топурак сээптир» деп да жатышпайбы. Сурасам, «топурак сепкен жокмун. Медина көйнөгү менен колун басып, эч кимди жанына жолоткон жок. Кан өзү токтоду» деди байкеси. 4-сентябрь күнү Көчмөндөр оюндарына байланыштуу ооруканага алып барганга такси чыкпай койду. Ал учурда кызымдын колу ооруган жок, дене табы көтөрүлгөн жок. 5-сентябрь күнү Чолпон-Атадагы бейтапканага алып барып, рентгенге тарттырдым. Кубанычбек деген врач карады.
Мени кебез менен бинтке жиберип, кызымды жараат таңуучу бөлмөгө алып кирип кетишти. 3 жолу ийне сайыптыр. Аны мага чыккандан кийин кызым айтты. Врач мага «колу сыныптыр. Жараатын тазалап, гипс коюп, таңдым. Бир жумадан кийин келиңиз. Дагы карап беребиз» деди.
Ошентип ал врач бир жакка шашып чыгып кетти. Мени дагы бир ирет рентгенге тарттырып, хирургга көрсөтүшүм керектигин айткандыктан рентгенге тарттырып алып, Данияр аттуу хирургга көрсөттүм. «Жакшы салынган турбайбы. Эч нерсе болбойт. Балдардыкы ушундай болуп эле бүтүп кетет» деди. Оорукананын жетекчисине барсам, ал да «Жакшы эле салган турбайбы. Кете бергиле. Бир жумадан кийин келгиле» деди.
«ЭНЕ, ЫЙЛАБАЧЫ. МЕН АЙЫГЫП ЧЫГАМ»
Чолпон-Атадагы врач «күн сайын келип тургула» деп айтса, бармакпыз. «Ананьев айылына барам. Чолпон-Атага келгенге шартым жок» деп айткан эмесмин. Кызымды жөө моюнума көтөрүп болсо да бармакмын.
Эл «акча бере койбойт белең» деп жатышат. Ойлонбоптурмун. 300 сом десе, ошону эле берип кетип калгам.
«КЫЗЫМ МЕНИ КӨРҮП, ЧАҢЫРЫП ЫЙЛАДЫ»
30 жаштагы Нурсулуу Жумабаева кызынан айрылып, каңырыгы түтөп турган чагы:
- Врачтардын шалаакылыгынан татынакай кызымдан айрылып калдым. Азыр да бул кабарга ишене албай, кызымды келип калат деп күтүп жатам. Наристемдин өлүмүнө ким күнөлүү болсо, баары жаза алышсын. 9-сентябрь күнү учуп келип, шыр эле ооруканага бардым. Кызым мени көрүп, чаңырып ыйлады. Ушунча кыйналган окшойт жаным десе.
Бир колунда тамчылатма дары, экинчи колунда гипс болуп, кучактай да албады. Карасам, колу карарып, кан өтпөй бырышып калыптыр. Колун көргөндөн кийин жүрөгүм чыдабай, жанына тура албай койдум.
Бишкектеги врачтар жакшы аракет кылышты. Алар «Жок дегенде ийне сайып койсо, инфекция денеге тарабай турмак» дешти.
«МЕН КҮНДӨ КЕЛИП ТУРГУЛА ДЕГЕМ»
Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун хирург-травматологу Кубаныч Абдуразаков "кыздын чоң энеси калп айтып жатат" дейт:
- 5-сентябрь күнү Медина Каныбекова чоң энеси экөө даяр рентген сүрөтү менен келди. Сынык экен. Бирок сөөк ордунда эле турат. Эмне болгонун сурасам, «3-сентябрь күнү үйдөн кулап түштү. Эч кимге кайрылган жокпуз» деди. Йод куюлуптур. Ал жерин тазаласам, 2-3 миллиметр жараат көрүнүп калды. Ал жери бүтүп баратыптыр. Бир нерсе кирип кеткен же ачык сынык болуп, бирок ордуна түшүп калган же сыныкчыларга барган окшойт деп ойлоп калдым. Сөөгү түз болуп калыптыр, ириң жок экен. Ошондуктан лангета гипс салып берип, ооруканага жаткырган жокмун. Инфекциянын инкубациялык мөөнөтү организмде 3-4 күнгө чейин билинбейт. Ошол себептүү «Күндө келип турушуңуз керек. Келбесеңиз, жараат ириңдеп кетет» дедим. Чоң апа «Балам, Григорьевкадан бери жол алыс болуп калат. Келе албайм. Ананьев айылына барсак болобу?» деди. «Бара бериңиз. Бирок хирургдун көзөмөлүндө болушу керек» дегем. «Дагы рентгенге түшүрүп, биздеги хирург-травматологго көргөзүп алыңыз» деп шашып чыгып кеттим. Окуя болгон күнү чоң энеси Көчмөндөр оюндарына кетип, кеч келип калган деп да угуп жатам. Ал убакта кыздын 2 жаш улуу байкеси жараатка топурак сээп, ылай сүртүп канын токтоткон деп жатышат. Чон энеси келгенден кийин сыныкчыга барышкан деп да угуп жатам. Мага кеч кайрылышкан. Мага келгенде да эч жакка кайрылбагандарын айтып, жараатка топурак сепкендиги тууралуу да айтышкан эмес. Жараатты жөнөкөй чүпүрөк менен ороп алып келишти. Ошондо эле инфекция кирип жатат да.
Бишкектеги ооруканага барганда да 2 саат күтүп калышса керек. Кыздын ата-энесин күтөбүз деп дагы операцияны кечиктиришкен окшойт.
Менден ката кеткен жок. Күнөөнү жөн жерден мага оодарып жатышат. Мага келгенге чейинки жана менден кеткенден кийинки маалыматтар жашырылып калып жатат. Ананьев айылынын дарыгерлери эмнеге жаткырышкан жок? Бирок аларга сөз тийгизбей жатышат.
«ШЫР ЭЛЕ ООРУКАНАГА ЖАТКЫРЫШ КЕРЕК БОЛЧУ»
Мединаны Бишкектен Эне жана баланы коргоо борборунун врачтары кабыл алышып, операция жасашкан. Операцияга катышкан хирургиялык инфекция бөлүмүнүн врачы, медицина илимдеринин кандидаты Досойбек Кочкунов буларды айтып берди:
- Мени 8-сентябрь күнү саат 6:30дарда консилиумга чакырышкан. Барсам, нөөмөттөгү хирург Илим Үсөналиев, хирург Анарбек Уракеевдер карап жатышыптыр. Эшикти ачканда эле аябай сасык жыттанды. Ошого чейин хирургиялык жардам берилбептир. Тазалап, дары-дармегин берип, тиешелүү аракеттерди кылдык. Газдык гангрена менен түшүптүр. Эртеси күнү колун ампутация кылдык, күң жиликтин ортосунан кесилди. Операциядан кийин өзүнө келген. Реаниматологдун айтымында, кайра жандандыруу бөлүмүнөн түнкү саат 3төрдө абалы кескин начарлап кетиптир. Тиешелүү жардам көрсөтүлгөнүнө карабай, 10-сентябрдын таңында кыз кайтыш болду. Инфекциядан эле кетти. Организмде катуу уулануу болгон. Газдык гангрена денеге тарап кете берет. Апасынын айтымында, таштан тайып жыгылып колу сынып, сөөгүнүн учу чыгып калган. Агасы жараатка жерде жаткан желим бөтөлкөнүн сыртындагы кагазын жаап, үстүнөн целлофан менен байлаптыр. Ошондо эле инфекция кирип кеткен. Ачык сынык болгондон кийин алгач көргөн врач шыр эле ооруканага жаткырыш керек болчу. Ал гипс салып берип, үйүнө жиберип коюптур. 2-3 жолу кайрылышса да врачтар таңгычты оңдоп кайра үйүнө жибере беришкен. Бир да дары-дармек жызылып берилген эмес.
Ал эми күтүп калды дегени боюнча, консилиум болгуча, оорулууну көргөнчө убакыт өтөт да.
Ананьев айылындагы оорукананын кызматкери, жогоруда аты аталган Роза аттуу врачка байланышканыбызда ал суроолорубузга жооп берүүдөн баш тартты.
КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛО ЭЛЕК
Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматкери Сталбек Усубакуновдун айтымында, окуя боюнча кылмыш иши козголо элек.
– Окуя боюнча кыздын апасы Ананьев айылындагы, Чолпон-Атадагы ооруканалардын врачтарына күнөө тагып арыз жазды. Азыр материалдар чогултулуп, райондук прокуратурага таанышууга жөнөтүлдү. Врачтардан комиссия түзүлүп, эмне себептен каза болгонун аныкташат. Ошонун негизинде мыйзам бузуу фактысы бар болсо, кылмыш иши козголот. Бишкектеги врачтардын айтуусу боюнча, биринчи медициналык жардам туура эмес көрсөтүлгөн.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |