ЭЛДИ ДҮРБӨТКӨН ЗЕРЕ АСЫЛБЕК: «ИЧ КИЙИМЧЕН ЧЫКПАСАМ КЛИП МЫНЧАЛЫК ТАЛКУУГА АЛЫНМАК ЭМЕС»

№829 21-27-сентябрь, 2018-жыл

Өткөн аптада Зере аттуу жаш кыздын "Кыз" деп аталган ырынын клиби интернетке жарыяланды. Аталган чыгарма жарык көрөрү менен көп талкууга жем таштады.

“БИЗ ӨЗҮБҮЗ ҮЧҮН ЭМЕС, БИРӨӨГӨ ЖАГЫНЫШ ҮЧҮН ЖАШАП КАЛДЫК”

Зере Асылбектин “Кыз” аттуу ыры эки ай мурун жарык көргөн. Жогоруда айтып өткөндөй, өткөн аптада ырга клип тартылды. Клип чыгар замат ага болуп көрбөгөндөй чоң кызыгуу жаралып, сын-пикир да, мактоолор да айтылды. Бул клип жана ыр аркылуу Зере кыз-келиндердин эркиндиги, тең укуктуулугу жана ар бир адамдын өз оюн эркин айтып жашашы керек деген ойду айткысы келгендей. Ырчы кыз ырдын тексти баарына түшүнүктүү болуусу үчүн аны өтө жатык тил менен жазганын маалымат булактарына билдирди.

Зеренин өзүнүн “Азаттыкка” берген маегинде ал: “Коомчулуктун ою биз үчүн абдан маанилүү, биз өзүбүз үчүн эмес, бирөөгө жагыныш үчүн жашап калдык. Азыркы учурда адамдардын биринчи эле сырткы келбетине, кийимине, бой-мүчөсүнө карата баа беришип, талкуулашат. Менден азыркыга чейин “эгерде клипти кайрадан тартсаң үстүңө бир нерсе кийип алат белең?” деп сурашат. Албетте, жок. Бул жөн гана образ. Эгерде бул образ жок болсо жана ич кийимчен чыкпасам клип мынчалык талкууга алынмак эмес деп ойлойм”,- деп айткан. Зере жогоруда айтылган маалымат булагына башында эле мындай сын-пикирлерге даяр экендигин билип, ушул кадамга барганын айткан.

Элдин сын-пикиринен коркпой ич кийимчен клипке тартылган каарманыбыз Зере Асылбек болгону 19 жашта. Бул ыр менен клип демейдегиден өзгөчө болгондуктан интернет колдонуучулары ыр менен клипти, Зеренин өзүн талкуулаганга өтүштү. Айрымдары “азаматсың, Зере, өз оюңду мыкты жеткирдиң” дешсе, “коомду жаман жакка үндөп жатасың. Бул биздин менталитетке туура келбеген көрүнүш” деп айыптагандар да жок эмес. Андан сырткары аша чаап “эгерде видеоңду өчүрүп, кыргыз элинен кечирим сурабасаң, жакында өлтүрүп кетебиз” деген сыяктуу коркутуулар келип жаткандыгын, бул боюнча милицияга арыз менен кайрылганын Зере интернеттеги жеке баракчасына жазды. Интернет колдонуучулары ырдын обону плагиат экенин айтып чыгышты. Алардын айтканына таянсак, Зере аткарып жаткан ырдын обону “Грей мырзанын 50 кыры” тасмасына саундтрек катары колдонулган Beyonce`нин “Crazy In Love” ырына окшошуп кетет.

“ООБА, ЗЕРЕ МЕНИН КЫЗЫМ. ЭРКИН КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭРКИН ОЙ ЖҮГҮРТКӨН КЫЗЫ”

Мындай сын-пикирлерден улам Зеренин атасы Асылбек Жоодонбеков өзүнүн Фейсбуктагы жеке баракчасына кызын кандай гана кырдаал болбосун колдой жана коргой тургандыгын жазып чыкты. Анын билдирүүсүнө токтоло кетели:

“Зере Асылбек кызымдын клиби чыкты. Клипке карата терс пикирлер менен катар эле мыкты деп баа бергендер арбын. Мага байланышып, куттук айткандардан тышкары “ботом, агай, бул "желмогуз" сиздин кызыңыз беле, сиздей педагогдун кызы да ушуга барабы?” деп жеке кат жазгандар да бар.

Ооба, Зере менин кызым. Эркин Кыргызстандын эркин ой жүгүрткөн кызы. Кичинесинен өз алдынча чечим чыгарганга, өз оюн ачык билдиргенге, жигердүү болууга, так максат коюп, ага жете билүүгө, акыйкатсыздыктар менен күрөшүүгө, чыгармачыл болууга, бирөөлөрдүн акысын жебегенге, бирөөлөрдү ыксыз күнөөлөбөгөнгө үйрөнгөн. Өлкөбүздөгү болуп жаткан окуяларга өзүнүн көз карашы бар. Азыр 19 жашта. 17 жашынан тартып ар кыл социалдык долбоорлорго жигердүү катышып келет. Коомубуздагы кыздарга, аялзатына карата теңсиз мамилеге күрөшчүл мамилеси бар. Өзгөчө Бурулайдын окуясы ушул алгачкы ырынын жаралышына түрткү болду.

Кечээ клип чыккандан кийин биздин үй-бүлөдө да кызуу талаш-тартыш жүрдү. Өзгөчө кызым менен апасы ич кийимчен чыкканы боюнча катуу тартышты. Бир сыйра ыйлап, буктарын да чыгарып алышты. Мен атасы катары кызымдын ушундай кийинип чыккандыгын колдоймунбу? Жок, колдобойм. Апасы колдойбу? Таптакыр колдобойт, караманча каршы. Анан кантип кызыңыздын ич кийимчен ырдап чыгышына мүмкүнчүлүк бердиңиз? Мен аны түшүнүүгө аракет кылдым. Анын тандоосун сыйлайм. Атасы болгондугум үчүн эле ага ыксыз кийлигише бербейм. Менден кеңеш, жардам сураса гана аралашам. Окуусунда, ишмердүүлүгүндө, чыгармачылыгында өз алдынча чечим чыгарып, ал чечимдерин негиздөөгө үйрөткөм. Демек, клипти тартуу боюнча түзүлгөн командасы менен биргеликте ошондой чечим кабыл алышса керек. Алардын да билгени бардыр...

Урматтуу социалдык тармактардагы досторум, менин бул чакан постум сиздердин мага болгон ишеничиңизге доо кетирген болсо кечирим сурайм. Токтоосуз мени достуктан чыгарып коюңуз.

Баса... Ар тараптан айтылган сындардан улам клипти кайра тартууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калса кийлигишет белем? Жок, кийлигишпейт элем. "Кызым, өзүңөр чечим кабыл алгыла" демекмин!”.

Чоң талкуу жараткан клиптен кадрлар.

Жаңыл Ниязбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 
Комментарийлер(38)
25.09.2018. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Атасына менимче Европадан айтышкан окшойт куттуктоону, кызынын кылыгына абдан ыраазы экен атасы ээ.
25.09.2018. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошончолук куч топтоп чыгыптыр,биротоло жыпжыланач чыкпаптыр да.Кыз болбой оол..Дененди бут эркек аттуу коруп бутту,ыйманынды кетирип.
Атасына соз жок.Кайсы башы жакшы иштеген ата кызын жарым жыланач кылып,элге корсотуп коюп мактанат.Кыз турмушка чыккыча атанын аманаты..Педагог байкебиздин кылганы ушул болсо...
25.09.2018. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эсен эле болсун чоң кыз(атын атагым келбеди). Атың чыкпаса жер өрттө болуптур да!!! Демократия,эркиндик дегенди ушундай "акылдуулар" боло берет деп түшүнүшөт тура.
25.09.2018. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Атасы молодец
25.09.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
талкууга түшпөйт эле деп- эми дагы талкуу кылып жыланач чык!
25.09.2018. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сөз жок. Биринчи көргөндө эле айткам. Эми муну газета, телевидение өздөрү эле популярный кылып жиберишет деп. Айткандай эле биринчи бет. Атын чыкпаса, чечинип чык болуптур. Көргөнгө да противно го
25.09.2018. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айла жоктон да колдоймун,коргоймун дейтда.Болоор иш болуп боёгу канып буткон сон.Чыкканга жараша фигурада чики чики болсо олойун.
25.09.2018. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Купальник менен колдо журушпойбу элдин баары бул костюм кийиптир устунон дейт элем. Фигура жок такыр жарашпаган.
25.09.2018. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2017ж уч албарсты чыкты эле. 2018ж Зере ХХХ чыкты да, бир жылда бир жолу бироо жарым интернетти жарып турбаса болбойт окшойт. Ушулардын мээсиде кандай ойлор жашайт деп кызыга берем. Тобоо кылдым.
Модератор admin_media түзөттү 2018-09-26 17:17:06
25.09.2018. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
А эмне Кыргызстанда зереден башка кыздар эркин ой жугуртпой мойнунан байлаган иттей ой жугуртуп аткансып айтыптырго . Эркиндикти тушундургусу келсе жарым жыланач кийинбей деле ырдаса болмок , бул да болсо тарбиянын тайкылыгынан деп ойлойм
25.09.2018. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Бул менин жеке коз карашым. Азаттыкка берген интервьюсунан билимдуу, акыл эстуу, озунун жеке позициясын карманган кыз экен деп койдум. Мен бул кыздын копчулуктон айырмаланып, эркин ой жугуртконуно суктандым. Ал эми клибине : "Эми купальникчен ырдап коюптур. Эмне болмок эле ? Чечинип таза эле жыланачтанган жери жок го ?". Ал эми ар бир адам озунун ан сезимине жараша жаза берет да . Иши кылып, ар бир адам оз жашоосун озу каалагандай кылып жашаш керек. "
MKW.MYRZAiYM түзөттү 2018-09-25 15:28:06
25.09.2018. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
MKW.MYRZAiYM, адам эл менен адам. Эркин ой жугурткон жакшы, бирок ошол ою ыйман, адептин чегинен чыкпаса... Биздин коомдун мучолору, эл биринчиден мусулман, экинчиден улуттук ан-сезим, менталитетибизге караманча каршы, адамдын чечинип жыналачтанып жургону. Эркиндик, жаныча ойлонуу дегенди жарым жыналачтануу, коомду козго илбоо деп тушунсо, муну прогресс деп кабылдагандар оздору да "оорулуу", ошол Зереге кошулуп...

05.10.2018. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
MKW.MYRZAiYM, туура эле айтыпсын. Тооба кылдым. Ушак, гыйбат деген куноо экенин билип туруп, бироон сындаган динчил адамдарга тан калам. Бироого сын айтпай озуну бил деген жооп укса. Мен да катуу динчил адаммын. 12жашыман орозо кармап, намаз окуганмын. Кадимкидей мода кууп кийинем. Бироонун кийимине да асылбайм. Ишим да болбойт.
25.09.2018. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Жакшы идеяны козгогон,бирок клиби начар го.Башкача тартса болмок экен.Кулкулуу болуп жатат мен учун.
25.09.2018. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Мага лично ырдын мааниси жакты, хоть жылаңач кийинсе да, азыр өнүккөн заман, өлкө демократия, миң идеалдуу болсоң дагы эл шыбай берет, эч кимди укпа и только алга.
25.09.2018. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кайрат кыргыз, эми бул........
25.09.2018. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ооба менталитетке туура келбегендей кийинип чыкты, ырдады дегендей, бироок коомдо дал ошондой эле корунуш,кыздар турсийден айрмасы жок шорта кийип журушот, хиджапчан кийинип журот жб айта берсе толтура. Болгону ошону ыр,клип мн сонун чагылдырган.
25.09.2018. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акыркы убактарда Фамилияны кыскартмай мода болуп бараткансыйт. М:Гулзат Мамытбек, Зере Асылбек ушул сыяктуу
26.09.2018. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
XuLiGaNkA,дагы Кайрат Кыргыз, Чыпалак деп койбойсунбу...))
25.09.2018. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
,,Эркин Кыргызстандын эркин ой жүгүрткөн кызы".Эркиндик деп эмнелерди гана кылбай жатабыз.Эркиндик деп уят,намысты жыйнап салуу керекби?
Кечиресиздер катуу тийсе,эгер эртен атасы менен кызы жыланач бийлесе да эркиндик деп унчукпай жүрө беребизби?
Маданият кызматкерлери маданиятсыз жоруктары менен таанылып калды го бизде.Кыз жаш экен көп нерсени көрө элек.Ата-энеси жаш кыздын оюна койбой,тарбия бериш керек болчу.Зере бир убакта кылганы үчүн өкүнөт.
25.09.2018. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ммм... Зере батыштын идеологиясына сугарылган "эркин Кыз" экени келесоого деле маалым болду окшойт.зере Кыргыздын менталитетине, же болбосо кыргыз эли тутунган динге, же ошол эле церковь уруксат бербеген образ мн чыгыптыр... Эми азыр казанчынын Оз эрки, кайдан кулак чыгарса деген болуп калды го... Озуно жакса болду да образы, салбырап-балбыраса да.
26.09.2018. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Клипин корбодум теманы комментарии окудум!Кысказы бул айнып шамалдап калган окшойт ынсап берсин буну колдоонорду !
26.09.2018. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызына тили отпогон
26.09.2018. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
19 эмес кырк жаштагы он баланы эмизген аялдай экен
26.09.2018. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Targarien,Mederbek0811,Djumaev0mur, адамдын жеке аброюна шек келтирүүгө тыюу салынган. Билдирүүлөр өчүрүлдү. Эскертүү!
26.09.2018. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан Алла Таала энени атадан уч эсе жогору койгон мынтип тен укуктуу болобуз деп айтканы болбойт
27.09.2018. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атын чыкпаса жер ортто бодуптурда
27.09.2018. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Уят, уят
28.09.2018. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай кыздар толтура журушот го. Топик дешип бюстгальтер кийишип. Мечиттин алдында туруптур бироону кутуп. "Уялбайсынбы?!" дегим келди. Айтпадым. ХХХ кыздар кобойду негизи. Кайсы кийимди каякка киерин билбеген.
Модератор admin_media түзөттү 2018-09-28 17:55:18
28.09.2018. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынын айтсам ырдын маанисине да, клиптин маанисине да тушунгон жокмун. Бирок кокурогу чын 2 баланы эмизгендей экен
28.09.2018. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Болгонун болгондой ырдаган азамат. Азыркы адамдар кийимге маани берип калышкан дейт . Чыын. Ырын угуп укпай. Сразу кийимине асылып атасынар. Мына асылып аткан адам дар силер учун бул ыр.
29.09.2018. 06:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фигура зинк болсода Майли эле...????
26.03.2019. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ВОКАЛДЫК САПАТЫ КАНДАЙ ГАНА УЛУУ!!!!
19 ЖАШТАГЫ ЭМЕС, кырктан откондор мынча ырдай албайт!
Боже, какой ВОКАЛ!!!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо