«СЕНИН ҮШҮП КАЛЫШЫҢДЫ КААЛАБАЙМ»

№829 21-27-сентябрь, 2018-жыл

Сен экөөбүз кечээ эртең менен уруштук. Бир жакка бармак элек, сен "босоножкимди кием" дедиң. Жок "кроссовкиңди кий" дедим. Жарым саат турдук. Чоңдугума салдым, аталыгыма салдым. Кроссовкиңди кийгизип салдым. Сенин тандооңду сыйлаган жокмун. Ооба, сеникин эмес, өзүмдүкүн туура көрдүм... 3 жашта элесиң да! Кроссовки кийбесең ээрчитпейм деген ультиматумга баш ийип бердиң... А кечээ болсо кимдир бирөөнүн кызы өз оюн ич кийимчен айтып чыкты. Анын атасы болсо кызынын оюн сыйлай турганын жазып, түшүндүрүп берди. Ата жана кыз. Сен экөөбүздөй... Ал ата да өз кызын мен сени жакшы көргөндөй жакшы көрөт чыгар. Бирок ошол ата өз кызынын оюн сыйлаган сыяктуу мен сенин ойлоруңду сыйлай аламбы? Менде ошол атаныкындай ой жүгүртүү, түшүнүк барбы? Мен керек болсо сенин босоножки кийүү деген тандооңду четке какпадымбы? Бирок... Бирок эртең менен күн суук эле. Мен сенин бутуң үшүшүн каалабадым. Ооруп калышыңды каалабадым. Ансыз да жөтөлүп жаткансың... Кызым, жаным, бакытым, сен экөөбүздү алдыда далай түшүнбөстүктөр, далай конфликттер күтүп жаткандыр. Босоножки же кроссовки деген дискуссиябыз бул "алгачкы гүлдөр" эле да. Балким, алдыда сен мага "койчу, сен мени түшүнбөйсүң, ойлорумду сыйлабайсың" деп кыйкырып, күнөө коёттурсуң... Менде эмне жооп болот?.. Мен сенин үшүп калышыңды каалабайм, кызым... Ошон үчүн кээде "ата, сыртты карап койчу, суук эмес бекен? Жамгыр же кар жаап жатпаптырбы? Босоножки кие берейинби?" деп сурап койчу, ээ? Сурап эле койсоң, мен анда дароо көз айнегимди тагына калып (ал убакта тагынып каламбы дейм да) сыртка жүгүрүп чыгам да, аба ырайын билип келип берем... Же экөөлөп асманды, күндү карайттырбыз. Кеңешеттирбиз! Ай, ким билет, бирок ошондо да күн ысып турганына карабай кроссовки эле кийип алчы дешим мүмкүн. Үшүп калышыңды каалабайм. Жакшы көрөм, кызым, сени.

Атаң


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(9)
25.09.2018. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Иии соонун создор
25.09.2018. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
иий менин да атам болсо кана
25.09.2018. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мааниси терен. Аталардын журогун оорутпайлы туугандар. Аталар,ичинен сызып каршы болуп,кайгырып турса да, аргасыздан кызымдын же уулумдун тандоосун сыйлайм деп журбосун.
25.09.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ошондо эмне бул чыгарма зеренин атасына тийищмейби??кыкендер кызыкле калкпыз. Зере болбосо бул чыгарма жаралбайт эле. "Атакеси" деле кызы менен иши жоктой жашай беретле
25.09.2018. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да окуучу кезде кун сайын атамдан аба-ырайын сурачуу элем.. Тээ 1-класстар эске тушуп кетти.
25.09.2018. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ими солнце гооо
26.09.2018. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Зереге кыя салыштыруу болуптур.
26.09.2018. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дал бутага тийиптир. "Аны кийбе, муну кылба" деп айтпа мага - деген бирөөгө тийиштүү жооп бериптир. Анан не кылсын бечара.
28.09.2018. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жазылыптыр мага жакты.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо