Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№829 21-27-сентябрь, 2018-жыл

ТОЙ ДАСТОРКОНУНА ТОЮМДУУ САЛАТТАР

«БАКЧА» САЛАТЫ
6 порция

Керектелүүчү азыктар:

Баклажан – 3 даана

Помидор – 3 даана

Болгар калемпири – 2 даана

Пияз – 1 баш

Зайтун майы – 3 аш кашык

Сарымсак – 1 тишче

Лимон ширеси – 1-2 аш кашык

Өсүмдүк майы – 200 миллилитр

Петрушка – 2-3 тал

Татымына жараша туз


Даярдоо ыкмасы:

1. Жашылчалардын баарын жууп тазалап алабыз.

2. Баклажанды жууп, калыңдыгын 7-8 миллиметрден кылып тегерек формада кесип алабыз. Үстүнө туздан себелеп, 15 мүнөттөй тыныктырып коёбуз. Аны эки бетин кызартып майга кууруп алып, майын сарыктырыш үчүн кагаз майлыктын бетине тизип коёбуз.

3. Помидор менен пиязды жарым тегерек, болгар калемпирин ичке, узун-узун туурайбыз.

4. 2 аш кашык зайтун майына лимон ширесин, туз, кумшекер, мурчту, майда тууралган сарымсакты кошуп аралаштырып соус даярдайбыз.

5. Чоң идишке куурулган баклажанды, тууралган жашылчалардын баарын салып, үстүнө соусту куюп аралаштырабыз. Салатты петрушка менен кооздоп коёбуз.


ТООК ЭТИНЕН САЛАТ
6 порция

Керектелүүчү азыктар:

Тоок эти – 400 грамм

Бадыраң – 2 даана

Жумуртка – 1 даана

Сүт – 3 аш кашык

Соя соусу – 2 аш кашык

Зайтун майы – 2 аш кашык

Күнжүт уругу – 2 аш кашык

Татымына жараша туз, мурч


Даярдоо ыкмасы:

1. Тоок этин сууга бышырып, муздатып, кол менен тарамдары боюнча ажыратабыз.

2. Бадыраңды жууп, жарым тегерек формада туурайбыз.

3. Жумурткага сүттү, татымына жараша туз кошуп жакшылап аралаштырабыз да, андан куймак бышырабыз. Куймакты узун-узун кылып туурайбыз.

4. Күнжүттү көмөч казанга кызартып кууруп алабыз.

5. Тоок этине бадыраңды, майды, соя соусун кошуп аралаштырабыз. Салат даяр. Тарелкаларга салып, үстүн куймактын кесимдери менен кооздап, күнжүттөн себелейбиз.


“КОКТЕЙЛЬ” САЛАТЫ
6 порция

Керектелүүчү азыктар:

Уй же тоок эти – 300 грамм

Грек жаңгагы (маңызы) – 100 грамм

Жумуртка – 2 даана

Алма – 3 даана

Сыр – 100 грамм

Зайтун мөмөсү – 80 грамм

Майонез – 100 грамм


Даярдоо ыкмасы:

1. Этти сууга бышырып алып, таякча түрүндө, ал эми сууга бышырылган жумуртканы төрт бурчтук түрүндө туурайбыз.

2. Алма таякча түрүндө, зайтун мөмөсү тегерек формада тууралат.

3. Сырды сүргүчтөн өткөрөбүз.

4. Азыктарды ирети менен бокалга тизип салып, үстүнө 1 аш кашык майонезди салып, сырдан себелеп, салаттын бетин кооздоп, дасторконго коёбуз.


ИТАЛИЯ САЛАТЫ
6 порция

Керектелүүчү азыктар:

Жүгөрү (консерваланган) – 340 грамм

Козу карын (маринаддалган) – 300 грамм

Бадыраң – 6 даана

Колбаса (ветчина) – 340 грамм

Көк пияз – 60 грамм

Майонез же каймак – 200 грамм

Татымына жараша туз


Даярдоо ыкмасы:

1. Колбаса менен бадыраң таякча түрүндө тууралат.

2. Козу карынды ичке, көк пиязды майда туурайбыз.

3. Жүгөрүнүн суусун төгүп, жашылчаларга кошобуз.

4. Эми салатка майонезди же каймакты кошуп аралаштырабыз. Салатыбыз даяр.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(5)
26.09.2018. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн сонун жана оной салаттар экен. Дагы жазыныздарчы
27.09.2018. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун рахмат сиздерге
28.09.2018. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жасап коробуз буйруса
30.09.2018. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ветчина - бул чочоконун этиго,менимче автор озу да тушунбой эле бир жерден кочуруп койгонго чамасы
03.10.2018. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pandora,колбасаны түрүн алмаштыра берсеңиз болот да. Ветчинаны атайын кашаага алып коюшса керек, рецепттин өзүндө ушундай болсо керек да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо