Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

“ЧОҢОЙГОНДО ПРЕЗИДЕНТ БОЛУП, КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖОЛДОРУН ОҢДОЙМ”

№829 21-27-сентябрь, 2018-жыл

Кичине кезимде окуган бир жомок эсиме түштү. Анда хан ооруп калып, анын дартына даба табылбай айласы кетет. Ошондо бир олуя эгерде хан дүйнөдөгү эң бактылуу адамдын чапанын кийсе айыгып кетерин айтат. Хандын вазирлери мен бай, мен кыйын деген адамдардын үйүнө барса, баарында маселе бар болуп чыгат. Акыры үйүндө үрүп чыгар ити жок бир кедейдин үйүнө келишсе, балдардын кубанычтуу үнү жаңырып, үй эсси “мен дүйнөдөгү эң бактылуу адаммын” дегенин угуп таң калышкан экен. Бул жомокту эмнеге эстедим, бүгүн мен жомоктогу эмес, реалдуу жашоодогу бактылуу үй-бүлө менен баарлаштым.

Жыпаргүл Чөндөй кызы: “ТҮТҮН БУЛАТЫП КЕЛЕ ЖАТКАНЫБЫЗГА 11 ЖЫЛ БОЛДУ”

– Жолдошум Марс экөөбүздү табыштырган эжем болду. Эжем Токмоктун четиндеги Шамшы деген айылга турмушка чыккан. Мен аныкына көп барып, жардамдашып турчумун. Анткени жездемдин көзү көрбөгөндүктөн аны дайыма бирөө жетелеп жүрүшү керек эле. Ошентип жүрүп эжемдер Марс менен тааныштырып калышты. Марстын эки көзү тең тубаса көрбөйт. Бирок ал мен үчүн маселе эмес эле, экөөбүз сүйлөшүп жүрүп, баш кошуу чечимин кабыл алдык. Ата-энеме айтканымда алар менин чечимимди сыйлап, туура кабыл алып батасын беришкен.

Ошентип баш кошконбуз, түтүн булатып келе жатканыбызга быйыл 11 жыл болду. 11 жыл аралыгында бир уул, бир кыздуу болдук.

“ЖОЛДОШУМ БИР ЭМЕС, ҮЧ ЖУМУШТА ИШТЕЙТ”

– Марс Бишкектеги Сокур жана начар көргөн балдар үчүн атайын мектеп-интернатында билим алган. Андан соң Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, аны бүткөн соң Кыргыз улуттук консерваториясынын комуз бөлүмүнө тапшырган экен. Ал жакта 4-курста окуп жатканда биз үйлөнүп, окуу жайдын жатаканасында жашап калдык. Андан көп өтпөй, ошол кездеги президент Курманбек Бакиев 6-кичи райондон бир бөлмөлүү батир берген, ошол жакта ушул күнгө чейин жашап келебиз.

Жолдошумдун чыгармачылыкка тартылуусу тай жагынан өткөн. Кайненемдин агасы таланттуу адам болуптур. Ошол киши Марска кичинекей кезинен комуз черткенди үйрөтүп, чыгармачылыкка чыйыр салып бериптир. Азыр ошол чыгармачылыктын арты менен күн көрүп келебиз. Марс бир эмес, үч жумушта иштейт. “Сейтек” балдар борборунда комуздан сабак берет, өзү кичинекейинде билим алган Сокур жана начар көргөн балдар үчүн атайын мектеп-интернатында музыкадан мугалим, андан сырткары үйдө да комуз ийримин ачкан, каалоочулар үйдөн келип сабак алып турушат. Жолдошумду ишине жетелеп барып, жетелеп келем.

“ОПЕРАЦИЯ КЫЛГАНГА БОЛБОЙТ, КӨЗДҮН ТАМЫРЛАРЫ КУРГАП КАЛГАН” ДЕШТИ”

– Уулубуздун аты Айдар, азыр 4-класста, кызыбыз Айдай 2-класста окуп жатат. Атасынын гени күчтүү болуп уулубуздун да, кызыбыздын да көрүүсү начар болуп калды. Кудайга шүгүр, такыр көрбөйт эмес, бир аздан көрүшөт. Атасы окуган мектеп-интернатында билим алышат. Айдар жалаң “5ке” окуйт, Айдай болсо эрке, кааласа окуп, каалабаса окубай коёт. Балабыз интернатта жатып окуйт, жаткан жери, тамак-ашы бекер. Кызыбызды күнүгө эртең менен алып келип, түштөн кийин алып кетем. Мугалимдер жакшы окутушат, бул мектепте бардык шарттар бар.

Кошунабыздын кызы түркиялык жигитке турмушка чыгып, анын күйөөсү “балдарыңарды бул жакка алып келгиле, операция жасатабыз” деп калды. Кайненем ары-бери чуркап жүрүп каражат таап, балдарыбызды алып кеткен. Түркиянын врачтары экөөнүн оору тарыхын жана анализдеринин жыйынтыгын көрүп, “операция кылганга болбойт, көздүн тамырлары кургап калган” деп коюшуптур. Ал да болсо Кудайдын маңдайга жазганы дедим. Жолдошум да, балдарым да 1-топтогу майыптар.

“БАЛДАРЫМ КИЙИН БИЗДИН МЭЭНЕТИБИЗДИ АКТАСА ЭКЕН”

– Келечекте балдарым окуусун бүтүп, жакшы жогорку окуу жайына тапшырып, бир адистикке ээ болушса дейм. Ага чейин дагы заман өзгөрөр, меникиндей балдар үчүн шарттар жакшырар деп үмүт кылам. Балдарым кийин иштеп, ата-энесинин баккан мээнетин актаса экен. Азыр майыптар эмес, алты саны соо адамдар ичип, көчөдө селсаяктын жашоосун кечирип жатышпайбы. Ага караганда татыктуу жашаганга аракет кылып келе жатабыз, бактылуу үй-бүлөбүз, бизде баары жакшы.

 

 

Турмуштун оор жүгүн кабагым-кашым дебей кабыл алган Жыпаргүл эже менен чогуу балдары окуган мектепке баш бактык. Кыткылыктап күлкүгө тойбогон балдарды кепке тарттым:

 

– Айдар, Айдай, кандайсыңар? Кайсы сабакты жакшы көрөсүңөр?

Айдар: – Мен математиканы жакшы көрөм, Нуржан Токтоназаровна бизге эсеп чыгарганды үйрөтөт, бизди урушпайт.

Айдай: – Мага орус тилинен берген Амина эжей жагат. Анан кыргыз тилинен берген Айнура эжей да жагат, ал 4-а класстын тарбиячысы да.

– Бул жакта досторуңар көппү? Сулуу кыздар, жакшы балдар көп болсо керек...

Айдай: – Мен Алибекти жакшы көрөм.

Айдар: – Досторум көп эле, алар менен ойнойм. Мага Акылай деген кыз жагат.

– Үйдө апаңар кайсы тамакты жакшы жасайт, ага жардам берип турасыңарбы?

Айдар: – Мен апама идиш жууп жардам берем, анан да мага манты жагат.

Айдай: – Мен чай даярдайм. Мага деле манты жагат.

– Чоңойгондо ким болгуңар келет?

Айдай: – Мен принцесса болом.

Айдар: – Мен президент болом, анан Кыргызстандын жолдорун оңдойм.

Айдай: – Эже, мага телефон алып беришкенде сизге чалам, мени менен сүйлөшүңүз, ээ?

– Сөзсүз чал, сүйлөшөбүз. Акылдуу балдар экенсиңер, тилегиңерге жеткиле.

Асыл Орозбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
25.09.2018. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаштын тилегин берет,ылайым тилегине жетсин!
25.09.2018. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Курманбек Салиевич Бакиевге рахмат ушундай мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга үй бергениңиз үчүн.
25.09.2018. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бакиевди жаман дейбиз бирок азыркы бийлик Бакиев кылган ишти крыла элек.
27.09.2018. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эээ хайил эй,козу азиз туруп жол ондойт элем дегенинде козумо шыр эле жаш алдым.эх эх эх бийлик бийлик бийлик....
30.09.2018. 05:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам супер өткөн сандарда Бишкекте ги алдыңкы мектептердин макаласы чыккан канчанчы санында маалымат берип коёсунарбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо