Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Сайкал Садыбакасова, ырчы: “МЫНДАН АРЫ ӨКҮНБӨЙ, АЛДЫГА УМТУЛАЙЫН ДЕП ЧЕЧТИМ”

№829 21-27-сентябрь, 2018-жыл

– Сайкал, кандай? Ооруп жүрөм дедиң эле, жакшы болуп калдыңбы?

– Саламатсызбы? Ооба, жакшы болуп калдым. Турмушка чыккандан кийин ооруп калдым. 3 жолу ооруканага жатып чыктым. Аллергия болуп аябай катуу кыйналдым. Дарыгерлер гормоналдык дары каражаттарын сайып араң дегенде өзүмө келип, айыктым.

– Көптөн бери массалык маалымат каражаттарына маек бербей калганыңдын себеби ушул болсо керек.

– Ооруганыма байланыштуу аябай толдум. Мурда 60 килограмм болсом, азыр 80 килограмм болуп калдым. Көргөндөр “И-ий, Сайкалга эмне болгон?” дешпесин деп маектерден баш тартып, көп жерлерге барбай жүрдүм.

– Күз келип, тойлорго чакыруулар көп болуп жатабы?

– Ооба. “Кыз-Бурак” тобунун кыздары менен чогуу Бишкектеги, Оштогу тойлорго көп чакырууларды алып жатабыз. Өзүм да кыз киргизип, “Жар-жар” айтып жүрөм. Мурда “Жар-жар” айтчу эмесмин. Бирок азыркы жашоонун шарты ушундай болуп, ырчылар той менен каражат таап калышпадыбы. Анын үстүнө жакшылыктарга кызмат кылсаң жакшы го.

– Айгерим Расул кызы экөөңөрдүн тойдо “пакет операциясын” кылганыңар интернет аркылуу элге тарап жатат. Ошого токтоло кетсең.

– Өткөндө бир жерге кирип калсам улуу эле байке: “Сен тойлорго барып жатасыңбы?” деп сурап калды. Ырдаганга окшойт деп “ооба, барып жатабыз” десем, “көп эле болуп жатабы тойлор?” деди. “Көп эле болуп жатат” десем “тойдо пакетке эт салып жатканыңды көргөм” дейт. Көрсө, ал тиги видеону көрүп чын эле ишенип алыптыр. “Ал кино болчу” десем, “Аа, мен ырчылар тойго барып алып ушинтип баштаганбы деп ойлогом” деп коёт. Ал видео “Братандар” деген 2011-жылы тартылган тасманын үзүндүсү. Убагында элге жакшы тарабай, интернетке эми жүктөлүп, элге азыр тарап жатат. Көп адамдар чындап эле ишенип мага “Уяты жок, ырчы болуп туруп да тойдон ушинтесиңби?” деп жазгандар бар.

– Тасмаларга да тартылып, өзүңдү актриса катары сынап жүрөсүң. Аткарган ролдоруң купулуңа толобу?

– Баш-аягы 15тей тасмага тартылдым. Бардык эле ролдорум купулума толот. Тартылган тасмаларымдын баарында эле өзүмдүн мүнөзүмө окшош каармандардын ролун аткардым. Апам: “бир жакшы тасмага тартылсаң боло. Кичине кызга окшоп чоюлуп, назданып. Качан болсо же эркекке окшойсуң, же шок кыз болосуң. Болду токтот!” деп урушат. Анан мен: “Апа, жүрөк ошондой ролдорго тартып жатса эмне кылайын?” деп күлөм. Жакында эле бир тасмада башкы каарман "томпошка" кыздын ролун аткардым. Тасмага тартыларда "арыктайын" десем, режиссёр “Жок. Сен уялбагын, тескерисинче, ушундай толук болгонуң жакшы” дегенинен биринчи жолу тасмага өзүмдүн толуктугумдан уялбай тартылдым.

– Эркек мүнөз, шар жүргөн кыз окшойсуң да?

– Негизи мүнөзүм жумшак. Бирок тарс-тарс сүйлөп, маселени тез чечкенди жакшы көрөм. Балким, апамды туурайттырмын. Себеби апам ошондой киши, кичинекейимден апама таасирленип жүрдүм да.

– Өзүңдүн кайсы сапаттарыңды жактырбайсың?

– Жашоодо бирөө бир иш дайындаса “ооба, кылам, баары бир болот” деп камырабай жүрө берем. Чыгармачылыкка келгенде аябай шашылып калам. Мурда бирөөгө капа болгондо бат жазылчумун. Азыр бир капа болсом көпкө чейин жазылбай жүрө турган болуп калыптырмын. Дагы бир жактырбаган сапатым көңүлчөөктүгүм. Бирөөлөргө ишенип алып, кайра алардан сокку жеп жүрө берем.

– Адамдын жүргөн-турганы анын психологиялык абалын билдирет эмеспи? Турмушка чыккандан бери кайгылуу ырларды көп ырдап калдың... Эл аны жеке жашооң менен байланыштырууда.

– Кичинекейимден эле жай ыргактагы кайгылуу ырларды сөздөрүнүн маанисин түшүнбөсөм да ырдай берчүмүн. Бирок обонун сезип, чын жүрөктөн берилип ырдачумун. Алгачкы ырым “Эстей жүрдү” да апам “шоколад берем” деп алдап ырдаткан эле. Себеби мени толуп кетет деп шоколад такыр жедирчү эмес. Негизи кичинемден эле бир нерсе болсо толуп кеткенге “шыктуумун” (күлүп). Кийин ошол кайгылуу ырларды жеткире ырдай аларымды билип көбүрөөк басым жасай баштадым. Жеке жашоомо байланышы деле жок.

– Сени көбү жакшы ырдайт деп макташат. Эл аралык сынактарга катышуу пландарың барбы?

– Негизи аябай эле каалоом бар. Катышайын деп канча жолу даярданып жүргөндө же кокустук болуп калат же чыгармачылыкта иштер чыгып калат. Бирок, албетте, катышам деп ойлойм.

– Бош убактыңды кантип өткөрөсүң?

– Үйдө фантастикалык кино көрүп отурганды жактырам. Мелодрамаларды көрө албайм, ыйлайм же жүрөгүм сыгылып кетет. Жакшы көргөн музыкаларга күзгү алдында бийлейм. Апамдын маанайы жакшы учурда анын жанында көп болгонго аракет жасайм. Эгер маанайы начар болсо биринчи кезекте мен качып жок болом (күлүп).

– Интернетке бир жолу “менин абалымды сураган киши жок” деп жазып калдың. Бирөөлөр капа кылыштыбы?

– Бирөө капа кылып койсо, балким, мени түшүнгөн да досторум бар деген ойдо Инстаграмга жазып, видео жүктөп калышым мүмкүн. Бирок капалыгым тараганда шарт өчүрүп коём.

– Өткөн ишке өкүнгөн учурларың болобу?

– Көп болот. Бирок өкүнбөш керек экен. Азыр көп китептерди окуп жүрөм. Апамдын, улуу эжелердин кеңешин угам. Бул жашоо бир келет, Кудай бешенеге жазганы болот. Демек, ошондой болуш керек, ал нерсени эч ким өзгөртө албайт экен. Ошол үчүн мен мындан ары өкүнбөй, алдыга гана умтулайын деп чечтим.

– Жакшы. Алдыга кандай максаттарды коюп жатасың?

– Быйыл “Кыз-Бурак” тобунун 40 жылдыгын белгилейли деп турабыз. Ага жакшылап даярданып, жаңы ырларды жаздыруудабыз. Өзүмдүн чыгармачылыгыма да көңүл буруп, бул жылы жакшы иштейин деп жатам. Анан машыгуу залдарына жазылдым, эми арыкташым керек (күлүп).

– Ойлоруң ишке ашсын.

“ИЧИ ТАР АДАМДАР ЖАКПАЙТ”

– Кофе же көк чай?

– Кофе.

– Кафе же чайхана?

– Чайхана.

– Уйку же сейилдөө?

– Уйку.

– Унаа айдоо же жөө жүрүү?

– Унаа айдоо.

– Айдаган унааң?

– Тойота Хайландер.

– Азыр чөнтөгүңдө канча сом бар?

– Чөнтөгүмдөбү? Азыр (ойлонуп). 2500 сом бар экен.

– Көтөргөн телефонуң?

– Айфон.

– Интернет “жиндисисиңби”?

– Ооба (күлүп).

– Кыздар менен мушташып, чачташкан учур болобу?

– Ооба, көп болот.

– Хайп үчүн элге өөн учураган нерсени кылат белең?

– Жок.

– Кандай адамдар жакпайт?

– Ичи тар адамдар жакпайт.

– Хейтерлерге капа болосуңбу?

– Капа болом. Бирок жашоо – бумеранг, өз баштарына да келерин билем. Кайра ошентип менин күнөөлөрүмдү азайта беришсин деп коём.

Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(34)
25.09.2018. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эмне турмушу жонундо соз кылган жоксунар, жолдошу Максат жонундо бир да айтпаптыр го
26.09.2018. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
sumramnur,Максатты апасы экоо оз кызыкчылыктары учун колдонуп анан, куйоого чыгып аллергия болдум деп таштап кетишсе бул деген эн ыплас сапат. Соз болуп журуп кеткенде аркасын жабыш учун бир адамды бактысыз кылган адам эч качан жарыбайт,кудайдын каарынан,адамдын убалынан коркуш керек. Тилеке карышы оз кызыкчылыктары учун башканын бактысына балта чапкан ырчыларыбыз,куудулдарыбыз ото коп....
25.09.2018. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Сайкал озу кичинесинен томпошка кыз да соогу жоон,канча машыкса да кийинчерээк баарибир толуп кетсе керек дейм.Кыргыз айым ырчыларынын эн алдынкыларынан деп баалайм,ото сонун ырдайт.Ушу Максат экоонун ортосунда бир нерсе болгондой сезилип жатат...
Dembele84 түзөттү 2018-09-25 09:33:40
25.09.2018. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Максат корунбой кетти го ХХХ окшоп.
Модератор admin_media түзөттү 2018-09-25 11:10:53
25.09.2018. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Эмнеге жеке жашоосун сураган жоксуңар супер инфо, Гулшайыр эжеден корктуңарбы
25.09.2018. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Максатынар нежныйраак корунгон кичирээк баладай. Экоо непара экен деп койгом. Сайкалга озунон кыйын тарс турс эркек кк го антпесе не интересна.
Бирок жакшы эле болушсун. Ажырашпай эле.
25.09.2018. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Максат Сайкалга тен эмес дегендерге тан калам тообо!Максат билимдуу,акыл эстуу,иш билерман, ак конул инсанго.менимче Сайкал тенсинбей жататко озуно.Бирок Максаттай жарды жолуктура албайт Сайкал
25.09.2018. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jazhoo-soonun, жакшы экени чын. Бирок любой эркек аялынан кыйын болушу кк. Аял кучтуу кыйын болсо озунон кучтуусуно турмушка чыгуусу кк. Эркек озунон слабыйрагына уйлонуп. Антпесе аялына кызыксыз и куйоосу чунчуп кетет аялы башкарып калса
25.09.2018. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Унаа айдоону жоо журууго, уйкуну сейилдоого, чайхананы диетага алмаштырып корушун керек го дейм...

Маектен кандайдыр салкындык байкадым, Сайкал, сенде баары эле жакшы эместей,кыз кишинин турмушта койгойу жок болсо бардык жактан шаттык, энергия сезилип турат... кантсе да бар бол, алдыга умтул, ийгилик.
25.09.2018. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Темасына караганда экоо эки жолго тушушкон эмеспи? Ар кандай пенде бактылуу болгонго татыктуу! Бактылуу эле болушсунчу.
25.09.2018. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Турмушка чыккандан кийин ооруптур. Значить турмушка чыккан жакканжок Сайкалга. Ушуинтип ооруганча ажырашып эле кеткеним жакшы дедида. Эмне болсода бактылуу болсун.
25.09.2018. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кудай жалгасын!!! Кантип эле жолдошу,кайын журту жонундо суроо узатпадынар? А так ЧУ дегенде эле ошол тарапка отчунор эленерго,сурабай жакшы кылыпсынар.
25.09.2018. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ХХХ ХХХ Менда Максат Сайкалга тен эмес деп жазгандардын биримин. Бирок Максат жакшына эле баладайго. Оюман кайтам. Эгер таарынышып журсонор батыраак жарашкыла сураныч.
Модератор admin_media түзөттү 2018-09-25 15:51:38
25.09.2018. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Aitun, порталдын эрежесин сактап, такталбаган билдирүү жазуудан алыс болуңуздар. Билдирүү түзөтүлдү!
25.09.2018. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ажырашат жашайт озу билет.Сайкал эч кимге конул бурбай алдыга умтула бер.
25.09.2018. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Маек темасына окшошпой калыптырго,мен дагы ажырашкан окшойт деп ойлопмун бирок куйоосу кайын журту тууралу Бир да соз жоктугу кызык.
25.09.2018. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекер эле чыгыпсын. Каяка шашылдын? Максат жкоонор эки башкасынар
25.09.2018. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бирөөлөрдүн турмушун талкуулаганда эмне пайда? Парабы, пара эмеспи ишиңер эмне? Жөн гана бакыт каалап коюш кыйынбы? Тим эле шыкаалап жашап жатабы, ажыраштыбы деп эле аңдып турасыңар да. Ушунчалык да ичи тар адамдар болобу? Кандай болсо да бактылуу болушсун!
25.09.2018. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сайкал дагы маек берерде, турмушу жонундо сурабашын айтып анан келди да
26.09.2018. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Про мужа ни слова...
26.09.2018. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн акылдуулар экен!Семьясын элге жарыя кылбай туура кылат.
27.09.2018. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шүмшүк эле элбиз да.. Ажырашып жаткандардын темасына кызыгып мурун тыга беребиз. Ал тууралуу суроо бербесе "неге бербеди" деп.. Эмне кереге бар дейм да.. Ар бирибиздин башыбызда турмуш бар. Ажырашуудан сактасын... Мен жеке шоу бизнес өкүлдөрүнөн Урмат менен Неляга баа берем. Жашоолору жай баракат уланып , элге сөз болбой. Ылайым ошондой болсун! Көз тийбесин. Ар бир үйбүлө урагыс болуп, улуу максаттарга жетсин...
29.09.2018. 07:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
faraon312,шумшук!
27.09.2018. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал ото соонун ырдайт Ар бир ырын журоктон аткарат!Ал эми жеке жашоосуна келсек ар ким озу билет да кантип жашашты Билип билбей ажырашып кетишкен деп ойлогонубуз туура эмес!Аллахым кечирсин баарыбызды!
28.09.2018. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сайкал таланттуу,тарбиялуу жана ачык айрым кыз. Келишкен унун табигый сулуулугу толуктап турат. Кыялындагы мырзан менен бактылуу бол, Сайкал!
28.09.2018. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Максат Сайкалга эмес, Сайкал Максатка тен эмес ал ыймандуу билимдуу жакшы жигит...Сайкал Куйоон сыйлап урматтап эле жашаса болот ,апамын жанында деп жазган значит кайненесин айттыда!Биздин элего уй булосун толук айтпаганыда жакшы а то биз эл жайгаштырганча барабыз Анжеликадай кылып, Сайкал туура кайын журт эрин жонундо эч бир интервью бербе озун жашоон озун билесин. Элдер кызыктук созду кооздоп айтса мактанды дейсинер ,сууз жазса значит турмушу жаман деп тообо
28.09.2018. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал кимге жагат + баскылла
28.09.2018. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ажырашып кетишиптир Бугун уктум
29.09.2018. 07:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Musulmanka85g,Жоонунду жеген ушакчы калпычы катын окшойсун!Коз менен корбогондон кийин айтпа! Жолдошу Ала-Букадан менин жердешим кошунам болот!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2018-09-29 07:38:15
29.09.2018. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azatbek.Svoboda.,фбда журот го мыйзамдуу турдо ажырашышты деп,августтун аягында арыз беришип,сентябрда ажырашышты,себебин айтышкан жок дейт.
29.09.2018. 07:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эй эмне эле громатный болуп бири бирине бироонун семясына жашоосуна аралашба деп акылдуу боло бересинер?!Бул жерде ар ким оз ойун жазып калтыратда!
30.09.2018. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azatbek.Svoboda.,Максат кошунам дениз.Уйунуз каеринде Ала-Буканы билем
30.09.2018. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ток этер жери ажырашыпсын,жашоонду кагазга ороп айтсан деле тушункту болуптур.Бир эле сен эмес ажырашкан,балким экинчи ирет бактылуу болуп калаарсын.Ал эми Кыз Бурак тууралу айтсак Кенже кеткенден бери Кыз Бурактын шоу бизнецте эч бир козго корунор репертуарын коро алган жокмун,же бир хит ыр жарата алган жок деп эсептейм.Жеке пикирим.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо