№829 21-27-сентябрь, 2018-жыл
Жакында интернетке Бабановдун Москванын көчөлөрүндө ээн-эркин жүргөн сүрөттөрү тараган. Мындан улам Бабановго кылмыш ишин ачуунун максаты аны өлкөдөн чыгарып жиберүү, саясаттан кетирүү гана беле деген суроолор жаралган. УКМКнын “иш токтоп турат” деген маалыматы андай ойлорду күчөттү.
Бабановго 2017-жылы ноябрда “улуттар аралык кастыкты козутуу” жана “Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо” беренелери боюнча кылмыш иши ачылган. Быйыл мартта ага “мамлекеттик бийликти басып алууну көздөгөн” деп дагы бир кылмыш иши ачылган. Кылмыш иши токтоп турат, Бишкек шаардык кеңешиндеги РАЖ башкаруучу коалицияга кирди, бийликтин Бабановду кармап келип, коюлган айып негиздүү болсо жазалоо ниети жоктой сезилет.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |