№829 21-27-сентябрь, 2018-жыл
Күркүрөгөн күздө концерт берген ырчылардын саны көбөйөт эмеспи. Концерт берүү кезеги “Таалай элеси” тобуна жетти. Топтун жетекчиси Тотомидин Жолдошев жакында болчу отчёттук концерти тууралуу: “Буюрса, 28-сентябрда борбор калаабыздагы Спорт ордосунда “Ошко, Ошко” аттуу концертибизди тартуулаганы турабыз. Азыр концертке кызуу даярданып жатабыз. Репертуарыбыздагы популярдуу болгон ырларыбыздан тышкары жаңы ырларыбыз да жаңырат. Концертти “Дем” театрынын жигиттери, өзүмдүн шакирттерим коштойт. Өзгөчөлүк катары айтсам, концертте өзүбүз дагы интермедияларды аткарабыз, жандуу үн менен маркум Таалай Бектургановдун ырлары гитара менен ырдалмакчы”,- деп кыскача кеп салды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |