№830 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл

РАЙКАН АБДУВАЛИЕВА, ЫРЧЫ: «3 КАБАТТУУ ҮЙҮМДҮ ЫРЧЫЛЫК МЕНЕН ЭМЕС, ИШКЕРЛИК МЕНЕН САЛДЫМ»

Бир кездерде «Көкөлөп учкан, көкөлөп учкан периштем...» деп ырдап, калың элдин жүрөгүнөн орун тапкан ырчы Райкан Абдувалиева сахнада көптөн бери көрүнбөй калды. Көрсө, ал көп убактысын ишкерликке, кайрымдуулукка жумшап жүргөн чагы экен. Чыгармачылыкка баш-оту менен кирбесе да, башка иштери ийгиликтүү болуп 3 кабат үй салыптыр. Эмесе, ырчынын так ошол үйүнө саякаттайбыз.


1-кабат

Холл

– Негизи өзүм конок тосконду аябай жактырам. Ошондуктан үйдөгү холлдорду атайын чоң кылганбыз. Себеби коноктор келгенде баарлашып, сыналгы көрүп отурган жакшы. Биринчи кабаттагы холлдо атайын музыкалык аппаратура да орнотулган. Үйгө сахналаш досторум келгенде ырдашат.


Конок бөлмө

– Чыгармачыл адам болгондон кийин үйдөн конок үзүлбөйт. Аттуу-баштуу адамдар келип бул жерден даам сызышат. Сахналаш досторум менен бирге Жаңы жыл сыяктуу майрамдарда жолугуп, бапырап эле калабыз. Коноктун санына жараша столдорду чоңойтуп, кайра кыскартып даярдай берем.


Ашкана

– Үйдө болгондо ар бир күнүмдүн 70 пайызы ашканада өтөт. Түрлөп тамак жасаганды жактырам.


Жуунуучу бөлмө

2-кабат

Холл

– 2-кабаттагы бул холл өзүмө жагат. Бул жерде отуруп эс алам.


Уктоочу бөлмөлөр

– 2-кабатта менин уктоочу бөлмөмдөн тышкары дагы 2 уктоочу бөлмө бар. Ал жакта аяш ата, аяш апаларым жашайт. Азыр той-топур башталбадыбы, бир уктоочу бөлмөгө тойлорго кийип бара турган кийимдеримди илип алгам.


3-кабат

Тепкич
Гардероб

– Негизги гардеробум 3-кабатта. Бул жакта көп жылдан бери сахнага, тойлорго кийген кийимдерим, бут кийимдерим сакталат. Кичинемден эле тигүүчүлүккө кызыкчумун. Апамдын көйнөгүндөгү гүлдөрдү жулуп алып куурчагымдын кийимине тигип, акырында апамдан таяк жечүмүн. Гардеробумдагы көп көйнөктөрүмдү өзүм тигип алгам. Ар бир кийимим мен үчүн кымбат.


Балдар бөлмөсү

– Кызым үй-бүлөсү менен Орусияда жашайт. Алар келгенде 3 жаштагы неберем бул бөлмөдө оюнчуктарын чачып ойнойт. Кызым менен неберем келгенине бир жума болду. Үйүм шаңга, нурга толо түштү. Кээде бул бөлмөнү кыргыз бөлмө кыла коёбуз. Коноктор келгенде жерге килем салып, дасторкон жайып, беш бармак жегенге ылайыктуу.


Иш бөлмө

– Көптөр мени «көрүнбөй кеттиңиз» дешет. Менин үйүм да, ишим да бир жерде, эки жакка деле көп чыкпайм да. Тагыраагы, үйүмдүн жанында 2 кабаттуу тигүү цехим бар. Ал жактан тиккен кийимдерибизди Орусияга жөнөтөбүз. Өзүмдүн иш ордум үйүмдүн 3-кабатында жайгашкан.


Терраса

– 2-кабатта жайкы терраса бар. Ал жерге жайкысын гүлдөрдү коюп жасалгалап коём. Кыргыз ырчыларынын дээрлик баары менен жакшы мамиледемин. Алар чогулуп келишсе эшикте чай ичип, атайын тай казандарым бар, ал жерге эт бышырып, шишкебек жасап жеп, сырдашып отурабыз. Айтор, сонун күндөрдү өткөрөбүз.


«3 КАБАТ ҮЙДӨ ЖАШАЙМ ДЕП ӨЗҮМДҮ БАКТЫЛУУ СЕЗГЕНИМ ТУУРА ЭМЕС»

– Райкан эже, бул үйүңүздү салганыңызга канча жыл болду, канча каражат жумшадыңыз?

– Бул үйдү апам бизге салып берген. Үй бүтүп, жаңы киргенде апам каза болуп калды. 6 сотых жер тилкесин сатып алып, ал жерге 2 кабат тигүү цехин салып, андан кийин 2010-жылы үй салып баштап, 2013-жылы аяктады. Башында 2 кабат болмок, бирок мен «кийимимди, идиш-аягымды каякка коём?» деп отуруп, акыры 3 кабат кылып салганбыз. Үйдүн жалпы аянты 283 чарчы метр, ал эми тигүү цехимдин жалпы аянты 178 чарчы метр. Баш-аягы көп эле каражат жумшалды.

– Үйдүн жасалгасы кимдин табити менен жасалат?

– Көбүнчө өзүмдүн табитим менен жасалгаланган. Кызым, туугандарым да кеңеш айтышып, жалпылап бүтүрдүк. Эмеректерди, үй буюмдарын атайын буйрутма менен жасатабыз, айрымдарын атайын Гуанчжоу шаарынан алдырганбыз.

– Кызыңыз Орусияда болсо бул үйдө кимдер менен турасыз?

– Аяш ата, аяш апам менен турам. Ал эми маңдайыбыздагы тигүү цехинде өкүл балам, өкүл кызым балдары менен жашайт. Ушундай чоң үй-бүлөбүз.

– "Үйүңүз сонун экен, бизге да жуксун" дегендер көппү?

– Аябай көп. Мен дагы жуксун деп «эмне бере калсам?» деп белек-бечкегимди карматканга аракет кылам. 3 кабат үйдө жашайм деп өзүмдү бактылуу сезгеним туура эмес. Жакшы адамдар тегеректеп турса, элим ток болуп турса ошол менин бактым. Азамат Байматов деген иним менен иштешип, кайрымдуулук да кылып жүрөм. Тигүү цехимдин биринчи кабатына дүкөн ачып, майыптарга, жардамга муктаж адамдарга атайын Орусиядан мекендештерибизден келген жаңы кийимдерди бекер беребиз. Мен иштешкен кайрымдуулук фонд бир топ жардамга муктаж адамдарга бекер үй салып берди. Мен да колдон келишинче аларга көмөк кылам. Үй алган адамдардын сүйүнүчтөн ыйлаганын көрүп аябай бактылуу болом.

Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg


Ырчы Райкан Абдувалиева: "3 кабаттуу үйүмдү ырчылык менен эмес, ишкерлик менен салдым”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(30)
02.10.2018. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Жуксун жуксун жуксун...деп коеюн
02.10.2018. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жакшылыктарга толо үй болсун.Бизге да ушундай үйлөр буйрусун.
02.10.2018. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Чын эле ото чон экен. Биз да буйруса ушундай уйлуу бололу! Ичинде наристелердин кулкусу жанырсын
02.10.2018. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гаремго
02.10.2018. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат бардык аялдар ушундай эмгекчил болсо кыргызстан онолот,жакырчылык жоюлат.Жакшы адамдар кобойо берсин.
02.10.2018. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Aikan1966,эмнеге аялдар, эркектерибиз деп тилейличи, эркектер аракат кылбай аялдар айласыз тытынып жатышат..!
02.10.2018. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Холл моол терраса дебей эле кыргызча жазса болбойбу
02.10.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жуксун жуксун жуксун
02.10.2018. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
"Ош Бишкек жолунда"деген кинодо эле көргөнбүз бул үйдү.
02.10.2018. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"Жинди"сонун уй го;)
02.10.2018. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бизге да жуксун! Аллахым бизге да уй берсин! Мындай чон уй болбосо да кичинекей деле уй бизге жетмек!
02.10.2018. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
уйунуз жакшылыктардын тору болсун!! Бизге да ушундай ак мээнет менен табылган уйлор буюрсун.
02.10.2018. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Майлуу суттуу уй болсун. Бир колунду жумсан экинчи колунду ач деген соз бар,сиз бироого берсениз сизге кудай берет. Эженин апасы Москвада соода кылчу Черкиз базарында 2005-2006 жылдары. Ошондо эле цехтери бар болуш кк эле.
02.10.2018. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тыпылдаган бышык адамкерчиликтуу эже. Лыжа тээп журуп жакындан таанышкам. Азаматсыз.Ийгилик!
02.10.2018. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уйдун планировкасы жакшы, бирок дизайн интерьерин жакшылап ойлонсо болчудай экен.
02.10.2018. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апаныз жашабай каза болгону окунучтуу.. бизге да жуксун, мен кичине кещимде биздин айылга ырдап келген экен чон энем
Сизди чон энем сизди жакшы коруп мени
Райкан Абдувалиевадай кыз болосун чонойсон дей берчу.
02.10.2018. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кетбей жатат
02.10.2018. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жуксун, жуксун. Этият болуп журунуз эми, ууруларга даяр объявление болуптур.
03.10.2018. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге да насип кылсын!
04.10.2018. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мээнетин катуу болсо, жегенин таттуу болот деп коет го. Буюрсун эжеге, Анан да жуксун. Коз тийбесин.
04.10.2018. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосу жокпу , жалгыз эле кызы барбы ?
04.10.2018. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге да жуксун. Өмүрлуу болунуз
04.10.2018. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
терасса деп жазылат, а не терраса. Туура жазбайсынарбы.

05.10.2018. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dilnaz100284,
Саламатсызбы? Туура жазылган.
05.10.2018. 07:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун буйрук насип кылсын иштесен, тиштейсин бали.
05.10.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буйрусун! АК оргоо аппак гана жакшылыктарды корсун! Молодец аял затысыз! Илгери эле койнокторду озу тигет экен озуно деп айтышчу! Колонузга да жашоонузга да береке
06.10.2018. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйунуз сонун экен.Буюрсун.Менин кайненем Райхан менин подрушкам болчу деп коп айтат.Караколдо музыкальныйда окуп чогу жашашыптыр.Бирок байланыша албай журот.
06.10.2018. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дорохо- бохато... Эжеге болсо омур жана ийгилик каалайм.
07.10.2018. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр чон уйлор курулганы менен чон уй булоолор азайды деп Элмирбек Иманалиевдин айтканы бар эле.
Уйунуз чон,жакшы салыныптыр.Бизге да жуксун))
08.10.2018. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан сонун.бизге да жуксун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо