№830 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл
24-сентябрь күнү Англиянын Лондон шаарында ФИФА жылдын мыкты футболчусу, машыктыруучусу, дарбазачысы жана жылдын мыкты голун аныктады. Эң кызыгы, акыркы 10 жыл ичинде «Жылдын мыкты оюнчусу» аталып келишкен Лионель Месси менен Криштиану Роналду бул сыйлык тапшыруу аземине катышкан жок. Ал эми сыйлыкты хорватиялык жарым коргоочу Лука Модрич жеңди.
Туулган жылы – 1985-жыл, 9-сентябрь
Туулган жери – Хорватия, Задар шаары
Бою – 172 сантиметр
Салмагы – 62 килограмм
Амплуасы – Жарым коргоочу
Ойногон клубу – «Реал Мадрид»
Жетишкендиктери – Хорватиянын 3 жолку чемпиону, Хорватия кубогунун 3 жолку ээси, Испания чемпиону, Испания кубогунун ээси, Чемпиондор Лигасынын 4 жолку жеңүүчүсү, клубдар аралык дүйнөлүк биринчиликтин 3 жолку чемпиону, УЕФА Суперкубогунун 3 жолку ээси.
КЫЙЫНЧЫЛЫК МЕНЕН КОШТОЛГОН БАЛАЛЫК
«Бир күнү мага «Коловаре» мейманканасынын кызматкери телефон чалып, короодо эртеден кечке футбол ойногон бир баланы көрүп кетишимди суранды. Мен алгач барып көргөндө ал аябай арык жана өзү курактагы өспүрүмдөрдөн дагы кичинекей эле. Ошентсе да ал балада өзгөчө талант бар болчу. Бирок биз Лука дүйнө жылдызы болорун ойлогон да эмеспиз»,- деп «Задар» клубунун жетекчиси Йосип Байло эскерет. Өзүнүн футболдогу алгачкы кадамдарын Лука дал ушул хорватиялык «Задар» клубунда баштайт.
МОДРИЧТИ ТАРТТЫРЫП ЖИБЕРГЕН ВЕНГЕР
2008-жылы ал англиялык «Тоттенхэм» клубу менен 6 жылдык келишимге кол коёт. Трансфердин баасы 16,5 миллион фунтту түзгөн. Ошол учурда «Арсенал» клубунун башкы машыктыруучусу Арсен Венгер Модричтин физикалык көрсөткүчтөрүнө карап оюнчуну сатып алуудан баш тарткан.
5 ЖЫЛ МУРУНКУ ИЙГИЛИКСИЗ ТРАНСФЕР
2013-2014 жылкы жаңы сезондо «Реалдын» башкы машыктыруучусу болуп Карло Анчелотти дайындалды. «Папа Карлонун» келиши менен Модрич негизги курамдын оюнчусуна айланып, өз таланты менен көпчүлүк күйөрмандардын купулуна толо баштайт. Бул сезондо «Реал» Испания кубогун жана Чемпиондор Лигасын жеңүүгө жетишкен.
33 ЖАШЫНДА ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНДЫ
Акыркы жылдары футболдогу жеке сыйлыктарды көп гол киргизген оюнчулар жеңип келишкен. Бирок футбол бир гана голдор же голдук пастар менен гана чектелбесин эсибизден чыгарбашыбыз керектиги быйыл тастыкталды. «Реалдын» курамында да, Хорватия курамасында да негизги ролду Модрич аткарарын эч ким жокко чыгара албайт. 2 буту менен тең мыкты ойной алган, узак жана кыска аралыкка түз жана так пастарды чыгарып берүүнүн чебери Лука акыры Роналду менен Мессини тактан кулатты.
ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫ
«Жылдын мыкты машыктыруучусу" – Франция курама командасынын машыктыруучусу Дидье Дешам.
«Мыкты дарбазачы» – "Реал" клубунун дарбазачысы Тибо Куртуа.
2018-жылдын кооз голу – "Ливерпуль" клубунун оюнчусу Мухаммед Салахтын голу.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.