Нурзат Токтосунова, алпаруучу: “АР БИР АЙТКАН СӨЗҮБҮЗ, КЫЛГАН ИШИБИЗ БИЗГЕ КАЙРЫЛЫП КЕЛЕТ”

№830 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл

– Саламатсызбы, Нурзат эже? Баарыбыз билгендей, жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккансыз. Жашоодогу кыйынчылыктарды кантип жеңесиз?

– Айылда өскөндөн кийин, албетте, биздин үй-бүлөдө да кыйынчылыктар болгон. Жөнөкөй үй-бүлө болгондуктан кээде кийимдер тартыш болуп калчу. Бирок тамактан тартыш болгонубуз жок, бул да болсо ата-энемдин аракети деп билем. Үй-бүлөдө мен 8 бир туугандын кичүүсүмүн. Ошондуктан абдан эрке элем. Апамды кучактап, анын коюнунда жатчумун. Бирок мен 10-классты бүткөндөн кийин эле апамдын мага болгон мамилеси кескин түрдө өзгөрүп урушуп, кагып-силкип баштады. Мени мурункудай кучактап эркелетпей калды. Мунун себебин кийин түшүндүм. Көрсө, апам мени шаарга барса ыйлайт жана мен өткүр кыз болгондуктан окуусун таштап келип калбасын деген ой менен атайын кылган экен. Апамдын даанышмандыгына, акылдуулугуна ошондо абдан баа бергем.

Атам да мага ар дайым “кызым, түбөлүгүң түз болсун” деген сөздү кулагыма куюп турчу. Бул нерсе жашоодо өтө маанилүү экенин мен жакшы билем. Ошондуктан бир нерсе айтууда мен Кудайдан корком. Себеби биздин ар бир айткан сөзүбүз, кылган ишибиз бизге кайрылып келет. Бизге кайрылып келбесе дагы, балабызга же башка себептерден улам кайтып келет. Ошондуктан өзгөчө азыркы учурда Кудай деп жашай берүү туура болуп жатат. Кыйынчылыктар көп эле болду, бирок мен ушул деңгээлге жетүү үчүн талыкпай, кара жанымды карч уруп иштедим.

– Тоскоолдук жараткандар да болсо керек?

– Азыр ойлоп көрсөм, болгон экен. Бирок мен ал учурда мени буттан тартып жатат деп такыр ойлобоптурмун. Ыйлап-ыйлап, неге мындай болуп калды дегенге да жетишчү эмес экенмин. Жөн гана кийинки иш-чараны ойлоого өтчүмүн. Бирок ошол буттан тарткандар азыр бетимди карай алышпайт. Жазаларын деле өз учурунда алышты.

Эч качан бош отурбаш керек. Сырттагы бакчаны казсак дагы пайдалуу иш кылган болобуз.

– Кичинекей Нурзатты сагынсаңыз керек?

– Кичинекей Нурзатты сагынам. Бирок азыр эстесем, мен азыркыга караганда мурун көп нерселерди түшүнбөй, көбүрөөк ыйлап коюптурмун. Ал убакта майда барат нерселерге деле кыжалат боло берчүмүн.

– Алпаруучу болуп иштегениңизге көп жылдын жүзү болду. Окуучуларыңыз ыраазычылык айтышса, ак сүтүңүздү актагандай эле сезимдер болсо керек?

– 15 жылдан бери алпаруучулукта жүрүп, жашоонун кыйынчылыктарынан өткөндүктөн, мен эч кимден эч нерсе күтпөйм. Адам канчалык ыраазычылык билдиргенди билсе, турмуш ага ошончолук жашы белектерин тартуулайт. Ал эми мага ыраазычылыгын айтып, колдогон инсандар абдан көп. Биздин мектепке келип жакшы жакка өзгөрүп кеткен болсо, бул – менин жеңишим.

– Биринчи эмгек акыңыз?

– Биринчи жолу Өзгөн районундагы Мырзаке айылында өткөн концертти алпарып 500 сом алып, абдан сүйүнгөм. Эң кызыгы, мен эмгек акымды “Супер-Инфодон” алгам. Учурдан пайдаланып жалпы жамаатка ыраазычылык айткым келет. Анда мен жаңы эле алпаруучулукту баштаган кезим болчу. Кылычбек байке (ред.: "Супер-Инфо" гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султан) “Рахмат!” деп 500 сом берсе, аябай бактылуу болгом. Ал учурда мен үчүн бул чоң акча болчу.

– “Элге көрсөтпөй ыйлайм” деп айтканыңыз бар. Бул сиздин күчтүү тарабыңызбы же алсызбы?

– Бул менин күчтүү тарабым го дейм. Ыйлаган күндөр болот, бирок ыйлабаганыма көп болду. Баарын күлүп жеңем. Адамдарга таарынып ыйлабайм. Себеби жыргап гана жашаш керек.

– Жолдошуңуз эмне деп эркелетет? Жашооңузда өйдө-ылдый нерселер болгондо кандай колдоо көрсөтөт?

– Максат абдан позитивдүү жүргөн адам. Кыйынчылыктар болуп калса, күлдүрүп маанайымды көтөрөт. Мени “Туку” деп эркелетет. Мен “Чаку-ляка” дейм (күлүп). Ал Нурзат, мен Максат дегенде бири-бирибизге жинибиз келип жаткан болот. Бардык кыздарга жарык маанай тартуулаган жолдош күтүшүн каалайм.

– Өзүңүз менен сыймыктанасызбы?

– Аябай. Сыймыктанам дегенде ушунча адам сага жакшы сөздөрдү айтса, каалоо-тилектерин жазса, сени бирөөлөр баалаарын билүүнүн өзү сыймык. Интернет баракчама күндө ыраазычылык каттарын жазып жөнөтүшөт. Окуп жетишпейм. Баарына жооп жазам.

– Жаныңызда жүрүп күлүп, артыңыздан бычак сайып кеткен адамдар болду беле?

– Эгерде бул жерде жакын адамдарым тууралуу кеп болуп жаткан болсо, жок, артымдан бычак сайган учурлар боло элек. Мен аз эле адамдар менен жакын мамиледе болом. Алар турмушту түшүнгөн адамдар.

– Жашооңуздун кайсы бөлүгүнө кайтып барып өзгөрткүңүз келет?

– Ишенесизби, мен эч нерсени өзгөртмөк эмесмин. Жашоо мени болуп көрбөгөндөй күчтүү кылды. Алпаруучулук мен үчүн чек эмес, менин көздөгөнүм, максаттарым такыр башка. Мен илим жана бизнес жагына кетем.

– Акыркы эки жумада жашооңузда сизге жакын адамдардын саны көбөйдүбү же азайдыбы?

– Аябай көбөйдү. Мен элестеткенден да көбөйдү. Биз эл адамы болгондон кийин бизди эл дагы, Кудай да көрүп турат. Эң негизгиси, таза ниет. Менин максаттарымдын бири – бул Кыргызстандын алдыга умтулуусуна салым кошуу, кыргыздын жакшы жактарын жайылтып, жаман жактарын жашыруу, жакшы балдарды тарбиялоо.

– Маегиңизге рахмат. Үй-бүлөлүк бакыт, ишиңизге ийгилик каалайм.

"Кыйынчылыктар болуп калса жолдошум күлдүрүп маанайымды көтөрөт".

Жаңыл Ниязбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Нурзат Токтосунова: “Акыркы эки жумада досторум аябай көбөйдү”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(46)
SUPER.KG видео
02.10.2018. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгерим менен болгон окуядан Кийин Инстаграмына каталдым
АЛЛАХЫМ Бала берсин
SUPER.KG видео
02.10.2018. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айгерим жакпай калды кыйын болуп кимге ишендин жана бала жытын жыттабай кал деген создордон кийин Аман эле болсун Айгерим.

Жердештери жеп салбагыла)))
02.10.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-21
Менин күчтүүлүгүм, күчтүү айымын, өткүр айымын деп кантип өзүн макташат түшүнбөйм. Күчтүү деп А.Салянова Ж.Жолдошовага окшогон айымдарды айтса болот.
03.10.2018. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
KRIMINAL,каягы күчтуү жеп жутарлардын
02.10.2018. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Айгеримге тартппайм деле бирок Нурзатты суротторун карап кыйла эле бар экен дедим
02.10.2018. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ишиңе ийгилик Кудай сага эки дүйнөө бактылуулук берсин.
02.10.2018. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Айчурок маегинде Анжеликага какшыктайт.Нурзат Токтосунова Айгеримди какшыктайт. Айланайын адамдар баардык нерсе бумеранг.....
02.10.2018. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Уруш каяктан чыкты атандын башынан чыкты болуп. Айгеримдин эмне Ошто тамадалар калбай калыптырбы? Бишкектен буларды ким чакырып келген деп какшыктап суйлогонун ошол жердегилер айтып атат демек Айгерим баштаган.
03.10.2018. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
fanatka19,Ошко киши жолотпой Самаш экоо бий,Самаш экоо хан,то есть ханыша болуп журушот да))
04.10.2018. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
fanatka19, Тойду негизи Нурзат аябай маданияттуу,оорду менен алып барып жаткан. Айгерим озун корсотуп эле оолугуп,оордунда отура албай аткан болчу, эшик жакта отурган жаштар деле Айгеримдин жинденип атканын, микрофон талашып, ар турдуу соз айтып жаткандарын угушуптур. Нурзат Айгеримдин боюндагы баласын сыйлады, маданиятуулугун корсотуп,чампайып алып тойлордо тастактаган Айгеримге тенелген жок. Бойумда бар деп,торогучо док кылбай уйундо тынч отурса болмок.Ресторанда журуп торойт коросунор.
04.10.2018. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Asyl10,
Атын Тойбек же Тойжан коюп алсын де
nur007mir009kg түзөттү 2018-10-04 21:24:54
02.10.2018. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Мен деле атыман толук айтып чакырганда коркуп же чочуп кетем. Сереьзный ситуацияда гана толук атым мн кайрылат.)))) эркелешип жашаганга эмне жетсин. Ото акылдуу, интеллекти жогору айым. Ошондуктан жалан депутат министрлердин банкеттеринде журот да. Озун кайсы жерде, кантип алып журууну билет
02.10.2018. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ар кимде бар бир кыял, ал кыялды ким тыяр. Элдерге тан калам, кээде аяп кетем 25минге жар жар айттырып, 15-20миге тамада жалдап анын акчасына келининерге кышкы кийимин бутуруп аласынарго. Бизда биринчи тойдо ктрде чыкчуу айымды чакырдык, тимеле башкача ойлодук эле чалды-куйду мааниси жок алып барды гилтийтип эт, нан 250&акчасын алып кетти. Экинчи тойдо эч ким тааныбаган тар чойродо ырдап жургон 2курстун студентин тамада кылдык 6000сомго. Султандын эки жаш ыры мн келинди алып кирди укмуш сону
02.10.2018. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
erkeleim,алып барды. Тойдогулар номерин алышып баары ыраазы болушту. Той буткончо 4-5 ырды жандуу аткарды. Азамат жигит ыраазы болуп ашыгы мн бердик. Дейин дегеним 15-20-25 дегендери уят. Кундоп тундопда бир суткада анча акча таппайт карапайым эл. 5минден 10минге чейин айтсанар элда ыраазы болуп берет. Бааны отоле которуп, анан фонаграмма ырдап кеткен ырчылар аман эле болгула
05.10.2018. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
erkeleim, Ошону айтсан, ошончу гилтейтип акчаны алгандан кийин жандуу ун менен ырдашпайбы. Беттери деле ошого чыдаганын айт.
02.10.2018. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кимиси баштаган болсо да экоо тен артист озунорчо кимиси жакын болсо ошого болушуп нервинерди коротуштун кажети жок ал эми урушту ким баштаганы оздору билишет болгону бул жерде ичи тарлыктан короалбастыктан чыккан болуш керек.
02.10.2018. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек болуптур бактылуу болунуз
02.10.2018. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Козундон нур эмес, заар чачып турат экен.. Айтбековага тийгизип суйлочу мурда.. эми Айгеримге таш ыргытып суйлоуп жатат. кыскасы сенда бактылууу бол.!
SUPER.KG видео
02.10.2018. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул онбойт баарыбир, аман эле бол,бул куйоон да кетирет сени, ал сени акчан учун кармап журлт
02.10.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чынын айтсам интевьюну окуйун депозит ачкам бирок барактап эле отуп кеттим. Такыр кызыксыз. Бир жанып очкон инсандар Жана легендарлуу жылдыздардан кабар алгылачы супер инфо
02.10.2018. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Урматтуу админ. Сиздерден сураныч Айгеримдин интевью албай эле койгулачы. Нурзаттын интервьюсун да окуган жокмун. Булардын ордуна жогорудагы сунуштарымды айттым
SUPER.KG видео
02.10.2018. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи, Сенин ичинде ойлон, ниет кылып жургон нерсене жетпей кал десе аябай жаман болосун! Эч Ким баласыз болбосун! Кудайым баарына наристе берсин!
02.10.2018. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акылдуу аял созу иши ордунда коп балалуу болуп бактылуу болушсун
02.10.2018. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да кучтуу болгум келет. Бактылуу болунуз. Кудайым перзент берсин.
03.10.2018. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Окуучуларым деп калат го... ооба, көбүн үйрөттү, аз да болсо салымын кошту. Бирок тамадалыкка окутуп, жеңил-желпиликке үйрөткөндөй эле сезилет мага. Мен окуучуларын көрүп эле жүрөм. Ооздору жакшы сүйлөйт, кыла келгенде эч нерсе жок. Жеке менин оюм коомго андай агымдын кереги жок болчу
03.10.2018. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Билбейм, Нурзат балким чындыгында жакшы адамдыр,бирок коздору аябай ХХХХХХХ корунот экен. Мага эч жамандык кылган жок...мен Айгеримгеда тартпайм ал да ак эмес куноо экоондо тен бар болуш керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-03 16:56:14
03.10.2018. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ushu jakpait maga bizdin kochkorgo tiygen kuioogo birinchisi bele je ekinchisi bele bilbeim
04.10.2018. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шоу-бизнестин, маданияттын окулдору элге эмнеси менен улгу болуп жатат, ушундай мушташкан-чачташкан, гезит бетине сандан-санга сериал бп кайым айтышып, биринин артын бири чукушуп ж.б. терс жактары мн улгу бп жатышат. Эмне дейбиз Эми, улууга урмат, кичууго сый деген накыл кептин тескерисин коруп турабыз эки айымдын видеосунан. Аялдык бакытты, эне болуу бактысын мен чын дилимден каалайм Нурзатка.
04.10.2018. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгерим акча учун баарына даяр даже постелге да конот,Нурзатка соз жок молодец
04.10.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмии Нурзат ким Айгерим ким?! Токтосунова Токтосунова болуп атын оз эмгеги менен жасады,озу айткандай кара жанын карч уруп,эмгектин артында,адамдык сапатынын жана кесипкойлугунун артында ушул абройго жетип отурат
а Айгеримчи?Атасынын аркасында,энесинин ожорлугу,озунун чон муштуму менен "аброй" топтоп журот,ун деген жок,бирок келбети ничего))и акчасы кооп.
04.10.2018. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
дагы жакшы Гульшайыр Садыбакасова эже токтотуптур тиги чон муштумду,кантсе да акылдуу аял эмеспи,антпесе ХХХХХХХ менен милицияда суйролуп жургусу бар эле Айгеримдин,эже билет да кимдин ким экенин,эсин барда этегинди жап десе керек,и так эле коп адамдар Айгеримдин ичин дардайтып алып тыйындын аркасынан тоголонуп тун жарымда тойлорло журот,Кайын-журт,куйоосоройу эч нерсе дебейби дейм да,же Айкошанын алып келген акчасына курсант болуп отурушабы?)))
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-05 09:33:43
04.10.2018. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озу да инстада жазыптыр мага окшогондорго:сени корот элем кунуно 100мин таап турсан барбаганынды! дептир,корсо Айка кунуно жуз мин сом табат экен,озу айтты,акчасы курусун,ичиндеги баласын аядым,зал толо ызы-чууда гипоксия кылып журот баласын,анан дагы жаман созу:бала жытына зар болуп кал,ансыз да бала корбой журосун дегени Нурзатка,муштуму чон, аял экенин корсотту Айгерим,ХХХХХХХ Бишкектен неге келет тамадалар деп жатат и Айжамал Каьылованы тенине албай
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-05 09:32:19
04.10.2018. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
тенине албай мурдун чуйругонун уктук.Эми не дейбиз,оозу кыйшык болсо да...дегендей азыр Самаш менен Айкош,Жолилердин заманы болуп атпайбы,эртен эле башка секелектер чыгат,силерден сулуу,силерден таланттуу,элдин суймончугу болуп,а силер келечегинерди ойлогула,достойно завершайте свою творческую деятельность демекчимин.
Урматтууадмин,отунуч,билдируулорумду очурбонузчу,тиги чуроктор окуп,ойлонушсун.
04.10.2018. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кандай болгон кундо да Айгеримдин аман-эсен тороп алышын,чыгармачылыкта изденуу тилейм,ал эми Нурзат Токтосунова ар дайым ушундай бийиктикте,Республикалык денгээлдеги иш-чараларды алып барып,Кыргызстандын маданият кызматкерлеринин жузу болуп журо бериниз,интеллекти,маданияты жогору айым деп баалайм,уй-булолук бакыт каалайм.
05.10.2018. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
каалашынарча минус баса бергиле,ар бир минус мага жылмаюу тартуулап жатат)))))
08.10.2018. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Комменттер кууруп жейт го а....
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо