Данияр Эрматов, ырчы: “ЭРНИСТ ҮЧҮН ОКТЯБРДА ҮЙЛӨНӨТ ОКШОЙМ...”

№830 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл

Адатта кабарчы каарманына суроо узатат эмеспи. Бул ирет маек төрүбүзгө келген коногубуз Данияр Эрматовго кыргыз шоу-бизнесиндеги белгилүү адамдар суроо узатышты.

Назира Айтбекова, телеалпаруучу:
– Жашоомдо көп калпычыларга кезиктим деген экенсиң. Шоу-бизнесте да кезиктиңби?

– Кудай сактасын, жашоомдо калпычылар мени чоң нерсеге алдап кете элек. Калпычыларды башында эле байкап, кол үзгөнгө аракет кылам. Шоу-бизнесте деле калпычыларга кезиккем. Майда-чүйдө нерселер. 1-2 жолу башка жактарга “концертиме катышып бериңиз” деп чакырып, гонорарын бере албай калган учурлар болгон. Ошол нерселер мага сабак болуп азыр алдын ала акчасын алам.

Алмаз Шаадаев, ырчы:

– Данияр, каштарың өзүңө жагабы?

– Хе-хе, сонун суроо экен. Негизи мага каштарым эле эмес, бүт жерим жагат. Алпаруучулар, тамадалар “каштары кара” деп чакырышса эле каштарым өзүмө аябай көп, чоң сезиле берет. Бир адамдын бир жерин айта беришсе, көзүнө ошол жери көрүнө берет го. Мисалы, “аябай узун же бою кичинекей” десе эл ошондой кабыл ала беришет да. Элге кашым эле көрүнгөндөй боло берет.

Эрнист Сыдыков, клипмейкер:

– Мага Данияр жыл сайын “доске, быйыл октябрда эркекче үйлөнөм” деп сөз берет. Быйыл да “октябрда үйлөнөм” дегенде “ушуну айткандан тажабадың” дедим эле, октябрь да болуп калды. Эми менде Даниярга суроо бар. Жылына октябрда үйлөнөсүң, ошол аялдарың каякта?

– Эрнист өзү эрте үйлөнгөн. Анан менден “качан үйлөнөсүң?” деп сурай берет. “Буюрса” десем, “Буюрса дебей пландап, бир айды айт да” дейт. “Анда октябрда үйлөнөм” деп 2-3 жолу айттым окшойт. Бирок маңдайыңа буюрбаса канча айтсак деле болбойт экен. Азыр деле сүйлөшкөн кызым жок, ошондуктан үйлөнө албай жүрөм. Бирок сөз берген соң Эрнист үчүн октябрда үйлөнөт окшойм (күлүп). “Мына, октябрда үйлөнгөн аялым” деп көрсөткөнгө.

Назира Токонова, ырчы:

– Сахна адамы болгондон кийин музыкалык аспаптарда ойной билген жакшы. Кандай музыкалык аспаптарда ойной аласың?

– Мектепте комуз ийримине барчумун. Жогорку музыкалык билимим жок, кесибим боюнча бажы кызматкеримин. Назира сахна адамы сөзсүз музыкалык аспапта ойнош керек дептир. Ооба, комуз чертем, Назира деле билет. Бирок комуз черте албасам деле минтип жооп бермекмин. Музыкалык аспапта ойной албаган, бирок таланттуу ырчылар деле көп.

Дайыр Исмадияров, ырчы:

– Тойлордо тамадалар ырдатпай күттүрүп, анын айынан алар менен уруша кеткен учурлар болду беле?

–Чынын айтканда “урушкан жокмун, эч ким күттүргөн эмес” деп күнөөсүз чымчык болгум келбейт. Андайлар көп эле болот. Кээ бир тамадалар ошол тойдо өмүр бою жашап калчудай болуп сени атайын чыгарбай кармай берет. “Азыр эс алуудан кийин же бир куттуктоо айтылгандан кийин” деп коюшат. Азыр мени чыгарат болуш керек деп күтүп отурсаң өзү ырдап баштайт. Андан кийин оюн уюштурат, кыскасы, ушинтип күттүрөт. Анан тамадалар менен урушуп, жакалаша кеткен учурлар көп эле болот. Бирок жакшы тамадалар да көп.

Бакыт Байсариев, шоумен:

– Сахнада жөн эле туруп ырдай бербей бийлегенди качан үйрөнөсүң? Же өзүм үйрөтөйүнбү?

– Бакыт байкеге барып чыгыш бийин үйрөнүп, сахнага чыгып алып курсак бийин бийлеп жатканымды элестетип кеттим (күлүп). Чынында бийчилердин ар бир кыймыл-аракетин жасап, алар менен чогуу бийлейин деген оюм жок. Бакыт байкеге деле кошулам. 1-2 жолу сахнада бийчилер менен синхрондуу бийлеп коюш керек. Бийлебегеним – менин кемчилигим деп билем. Бир чети ар бир музыкага эле бийлей албайсың. Кээде же ырдашың керек, же бийлешиң керек болуп калат. Мисалы, былтыр жандуу үндө ырдап концерт койгом. Ошондо бийчилер менен кошо бийлейин деп байкап көргөм. Болчудай эмес, биринчиден алаксыйт экенсиң, экинчиден чарчайт экенсиң. Ошончолук эле бийлегенди үйрөнүш керек болуп жатса да, Бакыт байкеге бармак эмесмин. Себеби мага курсак бийи жакпайт. Эркекче. Бакыт байкени сыйлайм. Ал азыр бийлебей тамада болуп кеткенине сүйүнөм. Мурда сахнада кыздарды бийлетип, анан өзү да бийлеп койгону мага жакчу эмес. Курсак бий кыздардын бийи да.

Чыңгыз Турдубеков, ырчы:

– Ар дайым күлүп-жайнап эле ырдап жүрөсүң. Күлүп эле жүр. Бирок кичине олуттуу да ырларды ырдап, муңдуу образдарды жаратып көрбөйсүңбү. Кааласаң бул жагын мен үйрөтөм.

– Менин кайгылуу ырларым деле көп. Чыңгыз ойлонбой эле суроо берип алган окшойт. Өзү деле мага “Неге?”, “Туулган күн” дагы башка көп эле кайгылуу ырларды жазып берген. Жардам берем дегени үчүн ага сөзсүз барам. Өзүнө да айтар кеңешим, шаңдуу ырларды азыр эл жакшы кабыл алат. Муңдуу ырларды көп ырдай бербей, шаңдуу ырларды да ырдап, элибиздин жакшылыктарына кызмат кылса жакшы болмок.

Динара Акулова, ырчы:

– Даниярды “жаркылдак” деп тамашалап коём. Себеби бул баланын жылдызы дайыма күлүп жүргөнүндө. Бир жолу олуттуу болуп, телефондон сүйлөшүп калганын көрүп калгам. Олуттуу болгон сага жарашпайт экен. Улуу, устат эжең катары айтарым, турмушта өйдө-ылдый болот, ага көңүл бурбай, күлүп эле жүр.

– Динара эже бир тойдо жолугуп “Эй, күлчү, эмне болуп жатасың? Сага кабак түйгөн жарашпайт, күлүп жүр, сенин “фишкаң” ошол да” деп жакшы кеңешин айткан. Динара эжени аябай сыйлайм, туура айтат. Бул айтканы түрткү болду, мындан ары да дайыма күлүп жүрөм. Эже экөөбүз тойлордо көп жолугуп калабыз. “Азыр кезекте ким, жөжөлөр?” деп кирип келгенде “Сиз да” деп күлүп койсом, “Азамат! Ушунуңдан жазба, улуу ырчыларды сыйласаң, сен дагы кичүүлөрдөн сый көрөсүң” деп баласындай жакшы көрүп кеңешин айтат.

Жаныш Момунов, ырчы, аранжировкачы:

– Данияр, машыгуу залына барып турасыңбы? Барсаң спорттун кайсы түрү менен машыгасың? Мен сени анча-мынча спаррингге чакырсам келип турасыңбы же убактым жок деп коёсуңбу?

– Мурда бокс, кикбокс, тай бокс деген спорттун түрлөрү менен машыккам. Азыр убакыттын тардыгына байланыштуу залга барбай калдым. Футбол, волейбол ойноп жүрөм. Жаныш байке спаррингге көп чакырат. Эми чакырса сөзсүз барам. Бирок алдын ала айтып койсун. Мисалы, азыр мен Ошто жүрөм, бүгүн кел деп чакырса бара албай калам да.

Асхат Субанбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(26)
02.10.2018. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кыздар эле бири бирин коро албайт экен десе эркектерде деле бар турбайбы ал сапат. Динара эжени коптор сыйлайт экен байкашымча молодец эже
02.10.2018. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы маек болуптур)
02.10.2018. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жопжонокой бала
02.10.2018. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Дайырдын суроосу актуалдуу суроо го
02.10.2018. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
anandi,ошону айтсаныз.Нурзат да Айгеримди чын эле куттургон го деп ойлоп кеттим.
allanna түзөттү 2018-10-02 14:50:39
02.10.2018. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иии балапан. Бир аз чоной анан уйлон)))
02.10.2018. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
erkeleim,кайдагы балапан 30га чыкты
02.10.2018. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйомго суйоооооом Данияр Эрматовду
02.10.2018. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Данияр Эрматов менен KGЭлмурат экоонун ырлары аябай жагат.Оздору да аябай жылдыздуу жигиттер.Алга,ийгилик каалайм.
02.10.2018. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Атын угуп калам бирок ырларын билбейт экенмин. Ошого карап хит болгон ырлары деле жок окшойт деп койдум. Бирок тусу ийгиден тунулбо дейт го. Ыймандуу жигит экени корунуп турат. Осо бер. Ийгилик.
02.10.2018. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бакыт Байсариев бийлеп, далактап журуп эле отуп кетет го ээ. бийчилер формасын карап журот го, мында бийчи кебетеси корунбойт, анан эмнеге эле мактана берет
02.10.2018. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыйын бала экенсин озундун жеминди жедирбеген. Бакытка берген жообун жакты. Азаматсын кулуп жайнап журо бер!
03.10.2018. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Данияр чынында ыймандуу жигит экен, бактылуу эле бол ылайым, аьа энене ийилип кызмат кылган, каяша айтпай, жаманын жашырып жакшысын ашырган келинчектуу бол.
03.10.2018. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жылдыздуу жигит, кулгону озуно жарашат. Чыгармачылык ийгилик каалайм
06.10.2018. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Данияр кичине сылыгыраак болсон.
Соңку кабар
08.10.2018. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мирлан Жолдошев тосмо арыз жазып берип неге акталбай жатат мен түшүнбөй жатам деп жүрдү элегоо [moderated]да
Соңку кабар
08.10.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Билбейм бул Канжар Кадыралиевти убагында Атамбаев токтото албады эле ким билет Жээнбеков чечеби жокбу?Озунун элине кыянаттык кылган адамды эмне кылса болот билбейм.
Соңку кабар
08.10.2018. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Таш баранга алыш керек
Соңку кабар
08.10.2018. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кафесин алып озу иштетип атты эле го
Соңку кабар
08.10.2018. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Сот улам жылдырып жатса демек барып барып акталат. Негизи камалышы керек канжар. Анын жылкылары канча жылдан бери куршабтын элин сыздатып эгиндерин кырып жеп келе жатат.
Соңку кабар
08.10.2018. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Tyty1990, туууппа туура айтасын Куршаб элинин баарысы ошону айтышат каерде болбосун.
Соңку кабар
08.10.2018. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Tyty1990,эгиндериңердин четине уудан сээп койгула жылкылары кырылганда эсине келет
Соңку кабар
09.10.2018. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
anonymous,Жылкыда куноо жок го, берки "жылкыны" жазалаш керек
Соңку кабар
09.10.2018. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Канжардан Соке коркот го?Болбосо оз элине душман чыккан немени турмого тыкмак
Соңку кабар
09.10.2018. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
канжардын поездинин уну угула баштады жакында келет,баланын шиши толду жакында камалат ...
Соңку кабар
09.10.2018. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимдин кимдин заманы бандиттердин заманы болуп жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо