ТЫШКЫ КАРЫЗДЫН ҮЧТӨН БИРИ ЭЛДИН ЭЛЕКТР ЖАРЫГЫНА ТӨЛӨГӨН АКЧАСЫ МЕНЕН ЖАБЫЛАБЫ?

№830 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы учурда 4,4 миллиард доллар. Анын 1,5 миллиард долларын өкмөт эмес, тарифтердин эсебинен “Улуттук энергетикалык холдинг” төлөйт. Бул тууралуу парламентте аталган холдингдин директорунун орун басары Нурлан Сыдыков билдирди. Бул маалыматты каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков да ырастап, “энергетика тармагына алынган карызды мамлекет төлөбөйт, “Улуттук энергетикалык холдинг” өзү төлөйт” деди. Расмий маалыматка таянсак, 2019-жылы энергетиктер тышкы карызды төлөөгө 14 миллиард сом бериши керек. Тышкы карызды төлөөдөгү эң оор мезгил 2024-2033-жылдарга туура келет. Өкмөт ага чейин энергетикадагы тарифтерди өзгөртүүгө бара турганы айтыла баштады. Жакында Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу агенттигинин башчысы Таалайбек Нурбашев өкмөт 2019-жылы тарифтерди өзгөртүүнү көздөп жатканын, ал тарифтер 2023-жылга чейин иштей турганын билдирди. Ушундан улам “өкмөт карызды төлөө үчүн элдин чөнтөгүнө кол салганы жатат” деген пикирлер айтылууда.

Минтип буга чейинки карыздарды төлөө маселе жарата баштаган маалда өкмөт дагы карыз алуу жолдорун издөөгө киришти. Буга чейин тышкы карыздын суммасы өлкөнүн ички дүң продукциясынын 60 пайызынан ашпасын деген чектөө болгон. Өкмөт аны 70 пайыздан ашпасын деп өзгөртүп берүүнү суранууда. Тийиштүү мыйзам долбоору парламенттин кароосуна киргизилди.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо