ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 8-ОКТЯБРДАН 14-ОКТЯБРГА ЧЕЙИН

№831 5-11-октябрь, 2018-жыл


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.


КОЙ (21.03-20.04)

Акча маселесин чечүүдө жети өлчөп, бир кесиңиз. Антпесеңиз дос, өнөктөш же жубайыңыз менен пикир келишпестик жаралат. Ортодогу мамиле бузулат. Чыдамкайлык көрсөтсөңүз аптанын акырында баары өз калыбына келет.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Кесиптеш, өнөктөштөр менен алака кылууда, дегеле апта ичи кыраакы болууга тырышыңыз. Каршылыктар болот. Андыктан ийкемдүү болуңуз. Жетекчиликке ишеним артпай туруңуз. Ишемби, жекшемби катардагы күн.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Балдарыңызга, ден соолугуңузга, жумушуңузга жакшы көңүл буруңуз. Болбосо айрым көйгөйлөр жаралат. Текшерүү органдарына, башка шаардык адамдарга ишеним артпай туруңуз. Сак жана бир сырдуу болуңуз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жеке иштерди бүтүрүүдө, үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашууда түшүнбөстүктөр чыгат. Эс алууга же балдарга акча сарптоого туура келет. Балдарга сарптасаңыз таарынычтар болбойт.


АРСТАН (23.07-23.08)

Жакындарыңыз жана чөйрөдөгүлөр менен баарлашууда аларды угуңуз жана аларга аяр мамиле жасаңыз. Буюм алууда жакшылап ойлонуп туруп алыңыз. Ден соолукка кам көрүп, текшерилип коюңуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Кошуна, бир туугандар жана жакын достор менен баарлашууда сизден токтоолук талап кылынат. Болбосо аларды таарынтып аласыз. Унаа башкарууда, жол жүрүүдө сак болуңуз. Чыгым чыгат же акча көйгөйү жаралат.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада жаралган маселелерди акча менен чечүүгө аргасыз болосуз. Эс алууга же балдардын керектөөсүнө акча жумшооңуз мүмкүн. Романтиканы унута туруңуз да, чоң иштерди бүтүрүңүз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада бир эле учурда 2 көйгөйгө туш болосуз. Бири – тоскоолдуктар менен күрөшүү, экинчиси – жашыруун душмандардын тузагынан кутулуу. Андыктан акылдуу, кыраакы болуңуз. Жеке жашооңузда маселе жаралат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Дос, кесиптеш, өнөктөштөр менен иштешүүдө өз көмөчүңүзгө күл тартпаңыз. Жашыруун иштерди жасайсыз. Сырдуу нерселер ачыкка чыгат. Бир туугандарыңыз сизге таарынычтарын айтышат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
“Аңгектен качсаң дөңгөккө” деген абалга кезигесиз. Жетекчилик, өкмөт өкүлдөрүнүн көрсөткөн кысымынан улам дос, кесиптештердин жардамына таянгыңыз келет. Бирок алар да сизди жакшы түшүнө беришпейт.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Башка жактык өнөктөштөр, кызматтагы адамдар менен иштешүүдө сак болуңуз. Алардын мамилеси өзгөрүп турмакчы. Ишеним артсаңыз артында өкүнүп каласыз. Ачууңузду ооздуктай билиңиз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Башка жактык өнөктөштөр, кызматтагы адамдар менен иштешүүдө сак болуңуз. Алардын мамилеси өзгөрүп турмакчы. Ишеним артсаңыз артында өкүнүп каласыз. Ачууңузду ооздуктай билиңиз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо