№831 5-11-октябрь, 2018-жыл
“Өтө оор кылмыштарды кылган” деп шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул уюшкан кылмыш тобунун башчысы Жылдызбек Бекмурзаев Казакстанда абакта жаткан жеринен качып келип, дагы башка кылмыш тобун түзүп, кылмыштарга барып жүргөн деп шектелүүдө.
«АТЫП САЛАМ...»
ИИМ тараткан маалыматка ылайык, 2018-жылдын 20-сентябрында издөөдө жүргөн Жылдызбек Бекмурзаев Талас облусунан Ош облусунун аймагына келгендиги тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери Ош шаарында кафелердин биринде отурган Бекмурзаевди кармоого аракет кылышканда, ал «атып салам» деп сумкасын көрсөтүп, Мерседес үлгүсүндөгү унаасына отуруп, качып кеткен. Милиция кызматкерлери артынан кууп барып, Хонда Фит унаасы менен жолун тосушкан. Бирок Бекмурзаев унаасы менен Фитти сүзүп жолдон чыгара койгон да, андан ары айдап жөнөгөн. Андан алыс узабай Бекмурзаевдин унаасы тыгылып калып, өзү жүгөрү аралап из жашырып кеткен. Ошол замат милиция кызматкерлери тарабынан жүгөрү талаасы курчалып, ал аймакка жакынкы айылдарда да издөө иштери жүргүзүлгөн. Тилекке каршы, издөө иштери натыйжа берген эмес. Бирок, милиция кызматкерлери аны 5-октябрга караган түнү Каракол шаарынан колго түшүрүштү.
КАЗАКСТАНДАГЫ АБАКТАН КАЧЫП КЕЛГЕН
Жылдызбек Бекмурзаев 1986-жылы Талас облусунда туулуп, Бишкек шаарында жашап жүргөн. Ал мурда "тоноо", "каракчылык", "зордуктоо" беренелери менен бир нече ирет соттолгон. Бул кылмыштардан сырткары көптөгөн оор кылмыштарга шектелип издөөдө жүргөн.
Өткөн жылдын июль айында ал чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн Казакстандын Костанай шаарында кармалып, 6 айга эркинен ажыратылган. Анын Алматы, Тараз, Костанай шаарларында жашынып жүргөнү аныкталган. Бирок ал абактан качып кетип, казак тарап да ага издөө жарыялаган.
БЕКМУРЗАЕВДИН УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОБУ ЖАСАГАН КЫЛМЫШТАР
2017-жылдын 6-февралында Бишкек шаарынын чок ортосунда жайгашкан «Цзи Сянь» деп аталган кытай ресторанына каракчылык жасалган. Кечки саат 10дор чамасында ресторанга бет кап кийген куралчан кылмышкерлер кирип, ресторандын кызматкерлерин, кардарларын коркутуп, кассадагы 100 миң сомду алып из жашырып кетишкен.
2017-жылдын 27-апрелине караган түнү белгисиз кылмышкерлер «Альфа-Секьюрити» күзөт агенттигинин кампасына кирип, Сайга-410 үлгүсүндөгү 9 даана карабин, МР-471 үлгүсүндөгү 10 даана травматикалык тапанча жана ИЖ-71 үлгүсүндөгү 3 тапанча уурдап кетишкен.АЛГАЧКЫ КЫЛМЫШТУУ ТОПТУН МҮЧӨЛӨРҮ КАРМАЛГАН
Жогорудагы кылмыштарга шектелип бир нече адам издөөгө алынган. 2017-жылдын май айында кылмышка шектелип 1991-жылы туулган Э. уулу У. кармалган, анын үйүнөн октору менен газ жана пневматикалык тапанчалар табылган. Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган Э. уулу У. мурда абакта жазасын өтөп жүргөндө «Общактын казынасынын смотрящийи» болгон.
Андан сырткары мурун соттолушкан 1989-жылы туулган М.Э., 1989-жылы туулган С.Б. аттуу жарандар кармалган.
Ал эми 2017-жылдын июнь айында Аламүдүн районуна караштуу Бектоо дача участкасынан «Альфа-Секьюрити» күзөт агенттигинен уурдалган Сайга үлгүсүндөгү 9 даана карабин жана МР-471 үлгүсүндөгү 8 даана травматикалык тапанча табылган.
Издөөдө жүргөн 1984-жылы туулган А.Ж. аттуу Жылдызбек Бекмурзаевдин кылмыш тобунун дагы бир мүчөсү жакында Москва шаарында кармалган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмыштуу топтун башка да мүчөлөрү аныкталып, Жылдызбек Бекмурзаев болсо кылмыштардын уюштуруучусу деп табылган.
АБАКТАН КАЧКАНДАН КИЙИН БАШКА КЫЛМЫШ ТОБУН ТҮЗГӨН
ИИМдин билдиришинче, Жылдызбек Бекмурзаев Казакстанда абактан качып кеткенден кийин башка кылмыш тобун түзүп, алар дагы бир топ кылмыш жасаганга үлгүргөн. Мисалга, 2018-жылдын май айында белгилүү дин аалымы Абдышүкүр Нарматовдун Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылындагы үйүнө кирген кылмышкерлер короодогу унаасынын терезесин талкалап, ичинен
6 миң сом бар капчыкты жана документтерди уурдап алышкан. Ошол убакта үй ээлери каракчыларды байкап калып, аларды кармоого аракет кылышкан. Кылмышкерлердин бири травматикалык тапанчадан 4 жолу ок чыгарып, октун бири Нарматовдун 21 жаштагы уулунун бутуна тийген.
2018-жылдын 23-июнуна караган түнү Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылында акча алмаштыруучу жай тонолгон. Таңкы саат 4төр чамасында куралданган бет капчан кылмышкерлер акча алмаштыруучу жайдын металл торуна трос байлап, автоунаа менен тартып жулуп алышкан. Андан соң алар терезени талкалап кирип, акча алмаштыруучу жайдын кызматкерлерине тапанчадан ок чыгарып, 850 миң сомдон ашуун акчаны карактап кетишкен. Акча алмаштыруучу жайдын бир кызматкери төшүнөн жана колунан жаракат алган. Ал эми кылмышка колдонулган Санг Йонг Муссо унаасы шаардын четинен табылган. Унаа 1961-жылы туулган А.Юсуфов аттуу адамга таандык экендиги аныкталып, ээси такси кызматында иштеп жүргөнү билинген. 3 күндөн соң киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Юсуфовдун денеси ошол эле айылдагы аңдан табылган. Анын колу-буту байланган болгон. Кылмышкерлер алгач унаанын ээсин өлтүрүп, андан соң анын унаасы менен акча алмаштыруучу жайды тоношкону белгилүү болгон.
2018-жылдын июль айынын аягында бет капчан 2 белгисиз кылмышкер Жалал-Абаддагы «Лига-Трейд» ААКсынын кеңсесине кирип, сейфти талкалап, андагы 290 миң сомдон ашуун акча жана башка буюмдарды уурдап кетишкен.
Андан 2 күн мурун да Жалал-Абад шаарында белгисиз кылмышкерлер «Партнёр-Нефть» ААКсынын кеңсесине кирип, акча жана 450 тонна бензин үчүн талондорду уурдап кетишкен.
Ал эми 31-июлда Ош шаарындагы «Даннур-Юг» ЖАКсынын имаратына кирген белгисиз кылмышкерлер кабинеттердеги сейфтерди талкалап, 60 миң доллар, 2 миллион сом жана башка баалуу буюмдарды уурдап кетишкен. Жалпы чыгым 7 миллион сомдон ашкан. Аталган компания Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү экендиги белгилүү.
Ушул жылдын август айында Ысык-Көл облусунда милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыштарга шектелип 1993-жылы туулган Б.Ы. аттуу жаран кармалган. Ал кылмыштарды моюнуна алып, кылмыштарды Жылдызбек Бекмурзаев менен чогуу кылгандыгын айткан.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Эми анчалык ызаланба доске. Исламдагы кемчиликти моюнга алыш керек. Фанатизм, экстримизм, исламский фундаментализм дегенди кимдер жайылтып жатат. Ошол эле мечиттеги имамдар. Орто кылымдын жашоосун жактагандар кимдер, албетте ашынган динчилдер. Жаштарды бир эле диний адабияттарга аркандап жатышат го. Алар кимдер, озун билесин. Кыргыз болгондон кийин кыргызча деле кудайга ишенип жашаса болот да. Кудайдын улуту араб эмес да, бир эле арабча тилди тушунгудой же арабча сыйынгыдай.
Бир нерсе болсо эле еврейлер тенирчилер кунолу. Жок андай эмес. Жаныласын. Азыр ислам фанатизм коркунуч жаратып жатканын элдин кобу билип турат. Кыргыздар эч убакта фанат мусулман болгон эмес, араб мусулман болгон эмес, ар дайым оз билимине, эмгегине таянып жашашкан. Динди эмес, билимди жогору баалашкан. Арабтар жазган Куранды эмес, кыргыздын санжырасын, тарыхына, аталар айткан акылман кептерге маани берип жашап келишкен.