БЫЙЫЛ КЫШ СУУК БОЛОБУ? ЕВРОПА ОКУМУШТУУЛАРЫ 100 ЖЫЛДАН БЕРИ КАЙТАЛАНА ЭЛЕК СУУК БОЛОТ ДЕШҮҮДӨ

№831 5-11-октябрь, 2018-жыл

2018-2019-жылдын кыш айларында дүйнө жүзүндө акыркы 100 жылдан бери кайталана элек суук болору айтылууда. Мындай божомолду Европанын окумуштуулары Күндүн жаңы климаттык циклга кириши менен түшүндүрүшүүдө. Күн, анын ичинде Жер планетасынын жаңы циклга кирүүсү, биринчиден, күндүн активдүүлүгүн басаңдатса, экинчиден, аба агымынын багытын өзгөртөт дешет окумуштуулар.

ЕВРОПАДА -25-30 ГРАДУС СУУК КҮТҮЛӨТ

Кыштын суук болорун алгач британиялык климатологдор айтып чыгышты. Алардын божомолу боюнча, температуранын рекорддук төмөндөөсү октябрдын ортосунан башталат да, кыш айларында Европада -25-30 градус суук болушу мүмкүн. Нортумбрия университетинин астрономдору Күндүн активдүүлүк циклин изилдеп чыгып, 5-10 жылдан кийин Жер планетасын глобалдык суук капташы мүмкүн дешет. Күндүн активдүүлүгү азайып отуруп, температуранын минималдык көрсөткүчү 2022-2040-жылдар аралыгына туш келип, XIV-XIX кылымдардагыдай «кичи муз дооруна» алып келиши ыктымал. Эске салсак, 1312-1317-жылдары Европада аба ырайы кескин өзгөрүп: жай мезгилинде жаандын нормадан көп жаашы, кышкысын суук температуранын узакка кармалышы, сууктан улам түшүм болбой, тамак-аш тартыштыгынан ачарчылык башталган. Андан кийинки аба ырайынын глобалдуу төмөндөшү, башкача айтканда, Күндүн активдүүлүгүнүн эң төмөн болушу 1645-1715-жылдарга туура келген. Күндүн мындай «эс алууга» чыгуусу ар 300-400 жылда кайталанат дешет астрономдор.

«КЫШ СУУК ЖЕ ЖЫЛУУ БОЛОРУН АЛДЫН АЛА ЭЧ КИМ АНЫКТАЙ АЛБАЙТ»

Биз келе жаткан кыш суук болушу мүмкүнбү деген суроо менен Кыргыз гидрометеорология агенттигинин директору Зарылбек Итибаевге кайрылдык. «Аба ырайы суук болот деп алдын ала так божомол айтуу мүмкүн эмес» деген Итибаев алдыдагы кышта Кыргызстанды кандай аба ырайы күтөрү тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

– Дүйнөлүк практикада аба ырайына карата бир айлык гана божомол айтылат. Мисалы, биз азыр октябрь айында кандай аба ырайы күтүлөрү тууралуу айта алабыз. Ал эми 3 ай же андан көп убакыттын аба ырайын алдын ала айтуу мүмкүн эмес. Мисалы, Индонезияны алалы, алар аба ырайы кандай өзгөрөрүн 10 мүнөт эрте айта албай, цунами канчалаган кыйроолорго алып келди, миңден ашык адамдын өмүрү кыйылды. Эң өнүккөн мамлекеттердин бири Японияны алалы, жер титирөө болорун, цунами жараларын 15 секунд мурун гана биле алышат экен. Бул техникасы өнүккөн мамлекетте ушундай болуп жатат.

Ал эми абанын температурасы боюнча айтсак, өнүккөн мамлекеттерде 1 айлык болжолдуу аба ырайын билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кыргыз мамлекети дагы 3 жылдан бери бул практиканы ийгиликтүү ишке ашырып келет. Ал эми "кыш суук же жылуу болот, кыска же узун болот, кар аз же көп жаайт" деген болбогон сөз. Аны эч ким аныктай албайт. Былтыр да алдын ала «кыш жылуу болот» деп сөз чыгарышты эле, январдын 24үнөн 27сине чейин кандай суук болду?! Ошол мезгилде биз бир жума мурун "катуу суук болот" деп айтканбыз, туура чыкты.

Экинчиден, Кыргызстан тоолор курчап турган мамлекет, деңиз, океан деген жок. Ошондуктан бизде глобалдуу суук болбойт деп ачык эле айта алам. Гидрометеорология илиминде өтө суук деп -35 градус суук 12 күндөн ашык кармалып турган мезгилди айтылат. Былтыркы бизде болгон 3 күндүк суук мезгил китепчеге катталганы менен, гидрометеорологиялык катуу кубулуш деп белгиленбейт.

Окумуштуулар айтып жаткан глобалдык суук тууралуу божомолдор океандын, деңиздин жээгинде жашаган өлкөлөргө тиешелүү болушу ыктымал, анткени аларда суук 20-30 күн туруктуу турган мезгилдер практикада болгон.

Кыргызстан 4 мезгилди башынан өткөргөн, аба ырайы туруктуу мамлекет. Быйылкы жылда катталган бир өзгөчөлүктү айта кетсем, быйыл күздө былтыркыга салыштырмалуу нымдуулук нормадан төмөн болуп жатат. Башкача айтканда, жаан-чачын аз жаады. Биздин "68-76 пайыз гана жамгыр жаайт" деген божомолубузду өкмөт эсепке алып, энергетика тармагында колдоно билишти. Суу сактагычтарда, гидроэлектр станцияларында сууну үнөмдөп колдонушту. Бул быйыл кышында электр жарыгы үзгүлтүккө учурабайт дегенди билдирет.

«БЫЙЫЛ КАДИМКИ КЛАССИКАЛЫК КЫШ ПРИНЦИБИ ӨКҮМ СҮРӨТ»

Планеталардын, жылдыздардын жайгашуусу боюнча келе жаткан кыш мезгилинен кооптонууга негиз жок экенин айтат астролог Жанар Кадыралиев:

– Метеорологиялык астрологияда быйыл кадимки классикалык кыш принциби өкүм сүрөт. Кээ бир жылдарда же декабрь айы, башка жылы февраль же январь айы суук болгон учурлар бар. Быйыл кышында 2-3-январдан баштап 29-30-январга чейин туруксуз, өзгөрүлмө аба ырайы болот. Бир туруп күн жылып кетет да, кайра дароо суук болуп адамдар жүдөшөт. Бул убакыт аралыгында алыскы жолго чыккандар сак болушу керек. Өтө суук мезгил 10-18-январь аралыгында орун алат. Январдын аягынан февралдын 10доруна чейин республика боюнча катуу шамал болуп турат.

ЯПОНДОР ГЛОБАЛДУУ СУУК БОЛБОЙТ ДЕШЕТ...

Ал эми япониялык синоптиктер акыркы жылдардагы аба ырайына салыштыруу менен алдыда келе жаткан кыш айларында күтүлчү аба ырайына өз божомолун билдиришти. Алардын пикиринде, бир жылдан экинчи жылга салыштырмалуу жыл мезгилдериндеги өзгөрүү көрсөткүчү өтө жогору болбойт. Башкача айтканда, күтүлүп жаткан кыш мезгили былтыркы кыш мезгилинен 2-5 градуска гана айырмаланышы мүмкүн. Глобалдуу суук аба ырайы күтүлбөйт. Андан сырткары дүйнө жүзү боюнча бирдей климат болот деген да туура эмес. Ар бир өлкөнүн географиялык жайгашуу ордуна жараша жыл мезгилдериндеги аба ырайы ар түрдүү болот.

«Кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшы» деген сөз бар элибизде. Алдыда кылычын сүйрөгөн кыш келе жатат. Окумуштуулар, көзү ачыктар айтса-айтпаса да кыш келет. Былтыр Бишкекте ЖЭБ жарылып, эл аяз ышкырган үйдө тиши шакылдап, мурду кызарып отуруп калганын эске алып, алдын ала жылуулук камын көрүңүз.

Асыл Орозбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(14)
09.10.2018. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар жылы ушинтишет,ой оло суук болот деп
09.10.2018. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Аллахтын айтканы болот.Силер эмнени билет эленер?Паника кылып,адамды коркуткандан башканы билбейсинер.Кыргызгидрометте иштеген киши туура айтат.Эч ким алдын ала билбейт.
09.10.2018. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Эртенки кунубуз эмне болуп кетээрин бир Аллахтан башка эч ким билбейт,кудайым сактап кыштан аман-эсен чыгалы.
09.10.2018. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бир нерсеге анык ишенишибиз керек.Биздин мамлекетти коррупциенерлер башкарат.Калган баары Алладан болот.Бишкектиктер баарына даяр болгула.Былтыркыдай ушуп калбагыла
09.10.2018. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Пияздын кабыгы жука болду кыш жылууле болот))
10.10.2018. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
dina,быйыл талаадан чычкандар эрте кайтты былтыр уйго декабрь да чычкан чыга баштаса быйыл уже чыкканына бир ай болуп жатат ошону коруп кыш катуу болобу деп жатканбыз,кантсе да Кудайдан мурун суйлой албайбыз
09.10.2018. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Намазда оң жакка салам берип сол жагыма салам бергиче не болуп кетет бир гана Аллах билет деп Мухаммад (с.а.в)дын айтканы бар. Ошондуктан андай мындай болот дегендерге ишене бербейм.
09.10.2018. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Комур проблемасы башталат Эми мектеп,садиктерге тогуп жатавыз деп тааныштарына арзан же Бекер тогуп беришип болбосо куйбогон майдаларин тогуп коюп
09.10.2018. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
"Зима не будеть" дебепсиңер эң башкысы))))
09.10.2018. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде азыр кыш. Кышкы суук болтат. Быйыл суук болотко
12.10.2018. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Комур саткандар суперге заказ бергенго, суук болот деп элди паника кылып комурду кымбат сатып алалы деп.
13.10.2018. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зима не будет деп койбоптур биздиклер хе хе хе ))
15.10.2018. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
былтыр суук болот деп биздин айтканыбыз туура чыкты дейтго
эртең жамгыр жаайт же жаабайт деп айтчу эле биздин синоптиктер
15.10.2018. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мунун баарын бир гана Аллах билет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо