Айдана Дека: «АВАЗ МАМИЛЕБИЗДИ АЧЫКТАЙМ ДЕГЕНДЕ СҮЙҮНДҮМ»

№832 12-18-октябрь, 2018-жыл

«Ырчылар Аваз Акимов менен Айдана Дека кыз-жигит» деген кеп көптөн бери айтылып, бирок тастыкталбай келген. Айдананын быйылкы туулган күнү бул маалыматты расмий түрдө ачыктады. Бул күнү ырчылар кыз-жигит экенин элге жар салышты. Эркелеше карашып, кол кармашкан түгөйлөр «биринчи жолу чогуу маек берип, толкунданып жатабыз» деп сүйүү баяндарын айтып беришти.

– Аваз, Айдана, мамилеңерди жашырып жүрүп, акыры ачыкка чыгардыңар. Бул жаңылык Айдана үчүн да сюрприз болду окшойт?

Аваз: – Ооба, Айдананын туулган күнүндө абдан толкунданып, сүйүнүп жаттым. Менин ушундай сонун сүйлөшкөн кызым бар экенин мактангым келди (күлүп). Ошондуктан эл менен кубанычымды бөлүштүм.

Айдана: – Экөөбүздүн мамилебизди сыр тутуу менин демилгем болчу. Кыз кишиге менин жигитим деп жар салуу туура келбейт деп ойлойм. Мурунку маектеримде жеке жашоомду айтпайм дечүмүн. Бирок эл назарында жүргөндөн кийин ал нерсе мүмкүн эмес экен. Аваз ошол күнү "мен сени куттуктап мамилебизди ачыктайм" дегенде, чынында, сүйүндүм. Мен деле сезимибизди элден жашырып жүрө бергенден тажадым. Анткени курбуларым сонун күндөрүн бөлүшө алышат. Андай бактылуу күндөр менде деле болот, бирок чыгара алчу эмесмин. Аябай күткөм ушул күндү.

Аваз: – Элдин арасында ар кандай сөздөр болот экен, ошол да бир аз чочулатчу. Бирок ачыкка чыкканыбыздан кийин атамдар телефон чалып «анча-мынча жаман пикирлерге көңүл бурбай, өз ишиңер менен алек болгула» дешти. Бул биз үчүн чоң стимул, менин өзүмө болгон ишеничим ого бетер күчөдү.

– Алгачкы жолу көрүшкөн учур эсиңердеби? Кимде кандай ой жаралган?

Аваз: – Айдананы мен мурун клиптерден көрүп, «чоңойсо татынакай кыз болчудай» деп койчумун. Агасы (ред. Канат Деркембаев) экөөбүз жакын доспуз. Социалдык тармактан Айдананы таап, жазып жүрдүм. «Ага-карындаш бололу» деп алдадым (күлүп). 2014-жылы мен борбордо концерт берип, «Аппагым» дуэтин жаздырууну сунуштап, ырдап чыктык. Ошондон кийин ага-карындаш мамилесинде жүрдүк.

Айдана: – 4 жыл мурун социалдык тармактан Аваз Акимов деген баракчадан кат келди. Чын эле өзү жазып жатабы деп ишенген жокмун. Анткени Аваздын ырларын угуп, чыгармачылыгы менен тааныш болчумун. Алгач эле "сулуу кызсың" деп жазып кирди, мен 18 жаштагы кыз болсом, ал менден 6 жаш улуу. «Мен сизди байке катары гана көрөм, улуу байке менен сүйлөшө албайм» деп айткам. Көрсө, ошондо эле акылдуулук кылыптыр, «жок, мен сени карындашымдай көрөм» деп актанып кеткен (күлүп). Ошол сөзүнө ишенип чынында эле сүйөт деген ой болгон эмес. 3 жыл бою дос, ага-карындаш катары сүйлөшүп жүрдүк. Чыгармачылыкта мени колдоп, коргоп келди. Былтыр Түштүк Кореяга барганыбызда сезимдерин билдире баштады. Ал кезде көнүшүп да калган элек.

– Аваз, сезимиңди эмнеге жашырып жүрдүң?

Аваз: – Мен башында эле бул кыздын жигити болорумду билгем. Бирок «шашкан – шайтандын иши» деген кеп бар эмеспи. Ошон үчүн шашкан жокмун. Айдананын мүнөзүн, жашоого болгон көз карашын, гастролдоп үйгө барып калганда ата-энеме кылган мамилесин байкап ичим жылыды. Айдана бир адамга көнүп алса күйүп, берилип мамиле кылат. Өзүнө кийим алса сөзсүз мага да буюм ала келет. Ошонун баарын байкап «колдон чыгарбаш керек, ал үчүн чочутуп албайын» деген ой менен жашадым (күлүп). Убакыттын өтүшү менен Айдана сезимдеримди өзү деле сезип калды. Бири-бирибизди байкап жүрүп, аягында ушундай чечим чыгардык.

– Айдананын туулган күнүндө «Айдана таарынып жатса апасы аркылуу маселени чечип коёбуз» дедиң. Демек, апасынын көңүлүн алып коюпсуң да?

Аваз: – Айдана деле менин апам менен жакшы тил табышып алган (күлүп). Айдананын мүнөзү кичинекей балдардыкындай, кээде таарынып, тентек кылып, же эркелеп кетсе өзүнө айтып ызы-чуу кылып отурбай, апасына эле айтып коём. Эртеси күнү Айдана сонун болуп өзүнө келип калат.

– Айдана, баракчаңа романтикалык кечтен сүрөттөрдү киргизип калчусуң. Аваз көңүлдү алганды жакшы билеби?

Айдана: – Ал сүрөт Аваз жасаган сюрприздердин чети гана. Аваз көңүлдү кантип алганды, маанайды кантип көтөргөндү жакшы билет. Маанилүү даталарда жагымдуу сюрприздерди да жасап турат.

– Туулган күнүңдөгү темир тулпар да сюрприздердин бири болду окшойт?

Айдана: – Ооба, 4-октябрь күнү жумушумду бүтүргөнчө түнкү саат 11 жарым болуп калды. Аваз, курбум болуп тамактанып алалы деп кафеге кирсек, курбуларым, кесиптештерим торт, «хлопушкаларды» аттырып укмуш тосуп алышты. Ал эле эмес, көзүмдү таңып эшикке алып чыгышканда кыялымдагы БМВны көрүп алып ишене албай кеттим. Кубанганымдан же отурушумду, же турушумду билбейм... Айтор, бактылуу көз ирмем болду.

Былтыртан баштап унаа айдаганды үйрөнгөн элем. Аваз Ошко же башка жакка кеткенде машинасы калып, мен айдачумун. Ошондон бери БМВ аябай жагып, ата-энеме, Авазга айта берчүмүн. Бирок белек кылышат деп ойлогон эмесмин. Туулган күнүмдө сүйлөшүп алып ушундай сюрприз кылышыптыр.

– Эми күйөрмандарга бири-бириңерди мүнөздөп берсеңер?

Аваз: – Айдана алган жубайым болбосо да кайда барбасын менден уруксат сурайт. Түгөйлөр бири-бирин толуктап турат дешет го. Менин жалкоолугумду Айдана эмгекчилдиги менен толуктап турат. Анан көп сүйлөйт. Бир баштаганда токтоно албай, дем ала албай калгыча сүйлөйт. Өзү суроо берип, өзү жооп берип да коё берет (күлүп). Таарынчаактыгы бар, бирок бат эле жазылып кетет. Кээде аябай таарынып кетет да, мен да сүйлөбөй койсом байкабай сүйлөп алып, кайра эстеп кетип сүйлөбөй калат.

Айдана: – Мен үчүн Аваз идеалдуу мырза. Ушунча жылдан бери байкаганым, үй-бүлөсүнө аябай камкор, майрамдарда ата-энесине белектерди берип турат. Мага, ата-энеме кылган мамилеси жакшы. Юморду жакшы түшүнөт. Мен мурунтан эле «алаканына салып эркелеткен мырзалар жагат» деп айтчумун. Кудайга шүгүр, кыялым орундалды.

– Чыгармачыл адамдарга кесибин түшүнгөн адамды табуу оор эмеспи. Кесиптешим менен сүйлөшүп калам деген ой бар беле?

Аваз: – Нурлан (ред. Нурлан Насип) экөөбүздүн көп жактарыбыз окшош. Эми карасаңыз, кыз, жубай тандаганда да окшошпуз. Мен мурун "Оштун эле кызын алам, чыгармачылыкка тиешеси жок кызга үйлөнөм" деп ишенимдүү айтчумун. Муну тагдырдын буйругу деп ойлойм. Кудайга ыраазымын.

Айдана: – Мен деле кесиптешим менен сүйлөшөм деп ойлогон эмесмин. Бирок убакыт өткөн соң «чыгармачылыкты түшүнгөн адам болсо» деп калгам. Кесиптешим болбосо, балким, чыгармачылыгымды түшүнбөй, колдомок эмес.

– Силерди баары эле той жакында экен деп куттуктап жатышат. Чын эле ошондойбу?

Аваз: – Мамилебизди ачыктаганыбыз жакында үйлөнөбүз деген кеп эмес. Болгону жеке жашообузду элге айттык. Кыз-жигит экенибизди тастыктадык. Кудай буюрса, тойго жеткирсин деп турабыз.

Айдана: – Достор эле «жакында той» деп теманы күчөтүп салышты. Көпчүлүгү ойлоптур, колун сураптыр деп. Андай болгон жок (ред.: Бул сүйлөмдү Айдана 2 жолу кайталап өттү). Болгону туулган күнүм менен куттуктады.

Аваз: – Жакшы «намёк» кылдың (күлүп).

– Эми, Аваз, «намёк» кетти, калган кадам сенден болсун. Маегиңерге рахмат!

Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Аваз Акимов: "Айдананын жигити боло турганымды башында эле билгем"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(24)
16.10.2018. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Даа, (эки жолу кайталаса) тонкий эмес, жирный эле намек болуптур)))
16.10.2018. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Экоо тен эле жонокой жакшы адамдар, бактылуу болушсун
16.10.2018. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Аваз созулган жонокой карапайым кызга пара деп ойлочулем..
16.10.2018. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мейли эми бактылуу болушсун.
16.10.2018. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ар пенде бактылуу болсун. Аваз да чыныгы жигит Сыймыктын тарбиясын алган ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-10-16 12:30:12
16.10.2018. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Benazir08, порталдын эрежелерин сактоону сунуштайбыз.
16.10.2018. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бири бирин жакшы эле мактаптыр... Эми ошо мактаганчалык болуп бактылуу болушсун.
16.10.2018. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айдана жакшы кыз.
16.10.2018. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Ачыктабай эле уйлонуп албадынарда каап. Нурлан менен Аселди аран уйлонтуп эми тынчыдым эле)) Озунчоле мен кыйнала берем эми тойго чейин, озумун жашоому унутуп экоону кооруп жатып. Айтпай тойго жетип алышаар десем, балп этирип ачыктап салдынар эми)))
16.10.2018. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айдана жакшы кыз.
16.10.2018. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
такие классные
16.10.2018. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Үйлөнгөндөн кийин апасына айтканды токтотсо болду.
16.10.2018. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Алаканына салып эркелетип алган мырзаларды ким каалабасын...


Экоо сонун пара болушат. Бактылуу болушсун. Айдана сонун кыз го...
16.10.2018. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аваз эркек жакшынакай кызды колдон чыгарбай кармап эмес кучактап ал. Бактылуулук каалайм.
SUPER.KG видео
16.10.2018. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мактанчаак ырчылар кобойду
16.10.2018. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Неси болсо да аман эсен тойго жетип алгыла. Бактылуу тугойлордун ордун толуктап.
SUPER.KG видео
16.10.2018. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичинекей эле ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-10-17 10:25:05
16.10.2018. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушу ырчылар интервью берип атканда беттери кызарбай кантип калп айтышат тан калам.Буга чейин жоок ай деп тааныбаган кишидей мамиле кылышчу эле,элдер байкаса деле...мейли эми бактылуу болушсун,кийин нурлан менен аселдей болуп урушуп кетиптир анан табышыптыр деген кептерди чынарбай,калпты азыраак айткыла))
16.10.2018. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болгула,озу айткандай кудайым тойго жеткирсин... Авазды чачы розовый кыздар менен суйлошот деп ойлобопмун.Жигит кучтуу кеткенби дейм ВМW белек кылса...Буюрсун.
17.10.2018. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодецтер. Нурлан насиптен улгуну ала бергиле. Айдана айылга барса кандай жумушк ылар экен. Кфзык.
19.10.2018. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта сколько лжи
21.10.2018. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аваз шымынды алмаштырып алсан жакшы болмок коруп боорум ооруп кетти
30.10.2018. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gul.gul,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо