Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КАЗАК УЮМДАРЫНЫН БИРИ КЫЛЫЧБЕК СУЛТАНДЫ 2018-ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ДИПЛОМАТЫ ДЕП ТАПТЫ

№832 12-18-октябрь, 2018-жыл

Борбордук Азиядагы адам укуктары боюнча мусулмандар комитети Түштүк Кореядагы Кыргыз элчиси Кылычбек Султанды "2018-жылдын мыкты дипломаты" наамына татыктуу деп тапты. Укук коргоочулардын айтымында, аталган наамдын ыйгарылышына Түштүк Кореяда чиновниктин этикага туура келбеген жоругун ашкерелөөдө элчи Кылычбек Султан принципиалдуу позицияны карманганы себеп болгон.

"Кыргыз элчисинин бул чечкиндүү кадамы дипломаттарды коркок, принципке турбаган адам катары элестетип, калыптанып калган стереотиптерди жокко чыгарат. Дал ушундай инсандар дүйнө коомчулугунун алдында өлкө имиджин түзө алышат. Кылычбек Султанов (ред.: Султан) – эркиндик жана демократия жолун тандаган Кыргыз мамлекетинин символу болуп калды. Өлкөнүн жаңы жетекчилиги анын жасаган кадамдарына татыктуу баа берет деп ишенем”,- дейт Борбордук Азиядагы адам укуктары боюнча мусулмандар комитетинин башчысы Мурат Телибеков.

Айта кетсек, быйыл 22-сентябрда ошол кездеги эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова Сеул аэропортунда учакта чыр салып, “Эйр Астана” авиакомпаниясы полиция чакырууга аргасыз болгон. Ал эми Элчи Кылычбек Султан Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Каденованын бул жоругун ачыкка чыгарбоо боюнча президенттик аппараттан телефон чалуу болгонун, бирок ал талапты аткаруудан баш тартканын билдирген.

 

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо