Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Аскат Сулайманов, актёр: «ЖУБАЙЫМА ТҮБӨЛҮГҮБҮЗДҮ ОЙЛОСОҢ САПАРЫҢДЫ “ОТМЕНА” КЫЛ ДЕГЕМ”

№833 19-25-октябрь, 2018-жыл

Жан шериктердин сүйүү баяны өзгөчө экен. Белгилүү актёр Аскат Сулайманов жубайы Мээрим Мусаеваны чет өлкөгө учуу үчүн билет алып койгон жеринен алып калганын жана башка кызыктарды айтып берди. Эмесе, бирин-бири коштой сүйлөп отурган жан шериктердин баянына көз жүгүртүңүз.

ЖУБАЙЛАР САН МЕНЕН

  • 2 жылдан бери түтүн булатып келишет.
  • Аскат мырза 1000 доллар, бир жылкы калың берген.
  • 1 уулдун ата-энеси, Аскат мырзанын биринчи никесинен 5 баласы бар.
  • Жубайлардын ортосунда 9 жаш айырма бар.

– Саламатсыздарбы, алгачкы сурообузду кантип таанышып калганыңардан баштайлы.

Аскат Сулайманов: – Театрдан таанышканбыз. Гүл көтөрүп алып кыздар Азизге (ред.: Мурадиллаев) келишкен экен. Азизди жакшы көрүшчү. Бирок ошол күнү анын ордуна мен ойноп калып, ошондо таанышып калганбыз. Театрдын жанында боз үй бар болчу, ошол жерде тамактанып отуруп таанышып калганбыз. Бул 2006-жылдары болсо керек эле, ээ (келинчегине карап)?

Мээрим Мусаева: – Ал кезде Аскаттын популярдуулуктун туу чокусунда турган кези болчу. Көчөдөн кол тамга сурап, суктанган күйөрмандарынын ичинде мен да бар болчумун. Кыргыз-түрк лицейинде окугам. Ал жактагы кыздар көп келчүбүз театрга. Ошентип жүрүп кумирим минтип жолдошум болуп калды (күлүп).

– 2016-жылы үйлөндүңөр да, ортодогу 10 жылдык мамиле кантип сакталды?

М.: – Кайдан андай болсун, 10 жылда биздин мамилебиз такыр эле үзүлүп калган. Кийин эле ортодо курбум аркылуу кайра табышып жакындан таанышып калдык. Ал кезде Аскат биринчи никесинен ажырашып жүргөн кези экен.

А.: – Мээримдин туулган күнү болуп, куттуктап коёлу деп барып калдык. Данияр (ред.: Жанжигитов), мен, Тилек деген досум болуп барганбыз. Экөөбүз чогуу отуруп калдык. Башкалар уктап калса да, биз түнкү 3-4кө чейин сүйлөшүп отура бердик. Эмнегедир сөз бүтпөйт. Тагдыр, өмүр тууралуу сүйлөштүк. Ошондон тартып эле бир тартылуу пайда болуп, жакын болуп калдык.

– Аскат мырза, колуктуңуздун колун кантип сурадыңыз эле, суунун астынанбы, үстүнөнбү, шам чырактарды жагыппы дегендей...

А.: – Мен такыр романтик эмесмин. Бизден Камчы (ред.: Сарыбаев) романтик. Кетип бара жатып чөп көрсө деле жулуп алып жубайына алып барат (күлүп). Мен аялга гүл бергенден, тиги-бу деп эркелеткенден тартына берем. Колуңду кандай сурадым эле? Аа, эстедим, Алматыда жүргөм, бул Анталия шаарында иштеп жүргөн. Телефон чалып “Мээрим, экөөбүз үйлөнүп алалы” деп эле түз айттым. Бул болсо “ойлоном” деп коюп койду. Ортодон бир ай чалбай, жазбай калды. Анан “Мен май айында Кыргызстанга барам, ата-энеме жолугуп акылдашайын, анан экөөбүз сүйлөшөлү” деди. Мээрим келди, бирок мен такыр бошобой жолуга албай жүрдүм. Келгенине 15 күндөй болгон. Телефон чалсам “билет алып койдум, кайра баланчасында кетем” деп калыптыр. Мен “Мээрим, эгерде түбөлүгүбүз түз болсун десең сапарыңды “отмена” кыл” дедим. Шар эле “макулмун, деги качан келесиң?” деди.

М.: – Жолугуп сүйлөшөлү дедик. Мен экөөбүз эле сүйлөшөбүз деп ойлогом. Көрсө, бул апамдарга чалып (ред.: кайненеси) стол жасатып, даярдап койгон экен. Машинасына отуруп эле “кеттик, апамдар бизди күтүп жатат, таанышасың” деп салды. Ошентип макулдашып, баарын сүйлөшүп, кол кармашып калдык.

– Мээрим айым, 10 жыл мурун жолукканда эле сезим пайда болду беле сизде?

М.: – Албетте, мен эле эмес, көп кыздарды кызыктырган болуш керек. Гүл берип, сүйлөшүп, жанаша сүрөткө түшүп калсам деле толкунданып алчумун. 10 жыл мурунку сүйүү кийин жанданды. Бирок анда мен өзүмдү токтото турган абал бар болчу. Анткени Аскат үй-бүлөлүү эле. Ошол көргөндөн тарта эле жактырганым чын. Менин кумирим болчу, бирок азыр деле кумирим.

– Кумириңиздин келинчеги болуу азап бекен же ырахат бекен?

М.: – Ырахаты көбүрөөк. Жакшы көргөн адамыңдын азабы көрүнбөйт дагы экен. Биз такташып сүйлөшүп баш коштук. Мен кимге тийип жатканымды билдим. Азыр деле СМС жазгандар бар. Мага оорчулук деле эмес. Маани деле бербейм. Телефон кармап жазышып жатканын байкасам “болду окшойт” деп койсом эле көзүмдөн түшүнөт. Ашыкча кызганбайм. Бир айтам, бул да бир жооп берет, ошону менен бүтүшөбүз. Өзүңөр билгендей, биринчи никесинен балдары бар. Кандай кабыл алышат деп ичимден катуу тынчсызданган учурларым болду. Кудайга шүгүр, тил табышып келдик. Көп келип турушат, атасына эркелешет. Алардын келгени биздин үйдө майрам. Менин уулум да бир туугандарына жакын болуп чоңойгону жакшы.

– Үйдө бири “мотор болот” го. Сиздерде ким?

М.: – Аскат.

А.: – Мээрим биз үйлөнгөнү иштей элек. Кош бойлуу болду, эми бала тарбиясы менен. Колдон келишинче “мотор” болуп жатам.

– Адатта таанышып жүргөндө эң жакшы жактарын көрсөтүп, кийин кайсы бир мүнөздөрү “сюрприз” болгон учурлары болот го. Ошондой нерсе болдубу?

А.: – Эркек киши кырктын кырынан өткөндөн кийин үй-бүлө деп калат экен. Ортобузда уулубуз бар. Ал “желмогузду” көрбөсөм мен бир саатта сагынып кетем. Моюнга алыш керек, мурун достор менен “кеттик-кеттик” деп эле оюн-күлкүгө тойбой кетип калган учурлар болчу. Азыр “койгулачы, үйгө кетем, балдар, мени коё бергилечи” дейм. Үй-бүлөлүк бакытты ким кандай түшүнөт билбейм, менимче, бул тынчтык экен. Үйгө келип тынч эс алганды артык көрүп калдым. Мурун андай эмес болчумун. Акча бар, белгилүүсүң, барган жериң той, күлкү. “Аялыңдан коркосуңбу, бас кеттик” деп эле көп учурда үйдөн безип кеткен учурлар болчу. Мен эле дейин десем, жанымдагылар деле токтолуп калышты окшойт. Кечээ тойдо жүрсөк, Мээрим “бала ыйлап жатыптыр” десе жөнөп калдык. Мурун бала ыйлап жатабы, башка болуп жатабы “күтө турат” дечүмүн да. Убакыттын өтүшү менен өмүрдүн, тагдырдын, жакындарыңдын баасын түшүнүп калат окшойсуң. Мээримге “сюрприз” кыла турган деле эч нерсе калбай калды окшойт (күлүп).

М.: – Аскаттын бир эле “сюрпризи” бар. Чагылган чартылдагандай эле чарт-чурт деп кетет. Бирок тез эле кабагы жазылып калат. “Болдучу, эми эмне болуп жатасың?” деп сүйлөп баштайт.

– Аскат мырза, сиз жубайыңыздын таң калган, суктанган сапатын таптыңызбы?

А.: – Тапкан жокмун, мурун эле билчүмүн. Мага караганда аябай сабырдуу, кечиримдүү, токтоо. Мага киши жакпай калса дароо эле чарт-чурт деп кетем. Мээрим унчукпайт. Ар дайым токтоо мамиле жасайт жана туура кеңешин берет, кээде мындан кеңеш сурап калам. Бир агайым "Аскат, аялың менен дайым кеңешип жүр, андан кемип калбайсың" деген эле. Ойлонсом, аныкы туура экен. Дагы бир касиети бар. Тойго же бир жакка барып кала турган болсок “көйнөк алып бер” деп айтпайт. Тескерисинче мен “ай, эмне кийип барасың?” деп сурап турам. Кайра “эмне кийейин?” деп калат. Мээни курттай жеп “бул болбойт, тиги болбойт” деген аялдар бар да.

– Ажырашып кайра үйлөнгөнүңүз талкуу жаратты. Абалдан кантип чыктыңыздар?

А.: – Кимдин кандай жашаганын, башынан эмне өткөнүн ким билет? “5 баланы таштап” деген сөздөр чыкты. 5 баламды кайда таштаптырмын? Мына кыш келе жатат, бүт бардык кем-карчын кылып бердим. Мурунку келинчегим тиешелүү акчасын алып турат. Мага ошентип жазгандар мага өзүмө келип сурашса жакшы болмок. Тиги жакта туруп адамды соттой берген баарынан оңой.

– Бири-бириңиздерди кантип эркелетесиздер?

А.: – Мекуш, Мээрим эле дейм. “Козум, улагым, жаным” деген сөздөрдү айта албайм. Алтынчы балам төрөлгөндө биринчи жолу гүл бердим.

М.: – Төрөтканадан чыгып келе жатсам Аскатты кыйнашыптыр “гүл бер, жиндисиңби?” деп. Бул гүлдү деле унутуп калыптыр. Эч нерсеге, мага деле карабай “кана балам?” десе болобу? Эч кандай романтиканы кабыл албаган киши. Мейли, кандай болсо ошондой кабыл алам.

– Дайым ушундай бири-бириңиздерди толуктап бактылуу өмүр сүрүңүздөр...

СИЗ БИЛЕСИЗБИ?


– Аскат мырзанын чөнтөгүндө учурда канча акча бар?

М.: – Жок, санаган эмесмин, болжолдоп да билбейм (туурасы 4 миң сом акча бар).

– Мээрим айымдын бут кийиминин өлчөмү канча билесизби?

А.: – Билем, 39-өлчөмдөгү бут кийим киет (жообу туура).

– Мээрим, күйөөңүз телефонуна сизди ким деп сактаган?

М.: – Мээрим О, Мээрим Билайн (жообу туура).

– Аскат мырзанын акыркы ролу кайсы?

М.: – Бүгүн репетиция кылышты. Билбейм, чынын айтсам (туурасы “Такебай” тасмасында роль жаратты. Театрда бир бектин ролун ойноду).

– Мээрим айымдын качан жасалма кирпик чаптаттырган билесизби?

А.: – Билбейм, жасатыптырбы (туурасы эки жума мурун кирпик чаптаттырган)?

"Алты балам - менин байлыгым".

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(35)
23.10.2018. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Озуно окшогон балдары бар экен. Мейли эми, бактылуу болсун. Даана эле корунуп турат, биринчи аялына кандай мамиле кылганы.
23.10.2018. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+48
5 баладан ушул аял оодо турду бекен? Уул десе уулду, кыз десе кызды берген экен биринчи жубайы. Озу эле ушунча ийгилике жетти дейсинерби? Аялы жеткизди да байкуш анан ордун бошотуп берди тиги катынга. Балдарга оз апа, оз атадан отоору барбы???? Мин мамиле жакшы болгон менен....
23.10.2018. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
5 баланын апасын жыргатпаган ушунусун жыргатат беле
23.10.2018. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+41
Эркек деген ушундай болот.Ненизи эч качан эркеке ишенбеш керек дайым даяр туруш керек кайсыл Бир Куну таштап ккеткенде коп ккыйналбайсын озунду даярдап койсон себеби эркек которулсо колуна акча тийип байыса созсуз озгорот уйлонуп 5 балалуу болуп эне карып Орто жашка барып Эми балдар чонойду озумду карап жашайын дегенде куйоосу колдоп жанында болгондун оордуна жаш аял мн омурун тыынч улантат ото кейиштуу окуя бирок аягы эмес бул.жашоо бумеранг улана берет.
27.10.2018. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Siren.ms,сиздин коз карашта ошондой озунуздун куйонуз жонундо толуктап айтып бергендей эле болду элдин баары эле сиздин эриниздей эмес да аялынын суйуп бапестеп жургон эркектер толтура
23.10.2018. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Мен эмес Путин деле балалуу болуп жатпайбы деп койбойсунбу. 5 баланын да убалы бар аялдын ар бир аккан көз жашына эркек жооп берет ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-10-23 11:30:53
23.10.2018. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
binur5, Baku88, порталдын эрежелерин сактоону сунуштайбыз.
23.10.2018. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Уйбулолуу 5 баласы бар болсо эмнеге суйосун. Бойдок жигит таппадынбы. 5 баланын аялынын коз жашынан Бакыт курам деп ойлодунбу. Кайтаар дуйно дейт. Озунду ошол аялдын ордуна койуп кордунбу. Окуган эл жер коргон кыз экенсин 5 балалуу эркеке козунду сузбой бактынды башкадан издесен болмок экен....
23.10.2018. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Мурун ушундай кылчумун кйго барчу эмесмин дейт анан ким жаман десе биринчи аялым жаман дейт!
Аскат эркек эмес экен бир катындын артынан ээрчип ошончо баланы тороп тарбия берип остургон катындын бир ьамашасын тушунбой ажырашып кетти.
Азыр Мээримдин карегин айланып отурат акыры барып кор болбосо болду!
Эн жаман коруп калдым ушул актерду!
30.10.2018. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aytur,кандай тамашасы айтып койчу сураныч ичим бышып кетти
23.10.2018. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Деле өзүн Путинге теңеп келгенине эмне дейсиң. Кийин дагы бир чыгып кой Путинди деле жаш аялы таштап кетип атпайбы деп
Baku88 түзөттү 2018-10-23 13:43:39
23.10.2018. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Азыр токтолгон имиш.Биринчисин тажаткан учун ажырашты да.Мына эми экинчисинен акыл сурап,козун карап отурат.Биринчиге да ошондой мамиле кылганында ажырашпайт болчу.Баржогун алып бердим дейт.Анан эмне сенин балдарына бироо кийим алып береби?Артисттердин жашоосу ото аянычтуу.
23.10.2018. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Биринчи жубайы менен эмне болуп ажырашты ким билет бирок 5 баланы туугузуп анан таштап кеткен эркектер аман эле болгула!
23.10.2018. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир сонун балдары бар экен,Ден соолукта болгула
23.10.2018. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
балдары чонойуп ата болуп тордо отураарда жаш аял алып жалаяк ташып журо берсин.
23.10.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Окунучтуу. Биринчи аялына азыркы кырктын кырындагыдай мамиле кылса, уйуно убагында келип турса жакшы болмок экен. Биринчи аялы кыйын экен. Чыдап 5 бала тороп коюптур. Кудай сактасын дейинчи, бирок мындай эркекке мен чыдамак эмесмин, асмандагы жылдыз болсо дагы. Биринчи аялы бир аз, Аскат байке кыркка чыкканга чейин чыдап койсо болмок экен. Эми эле кырктын кырына чыгып, уйго убагында баргысы келип, бала деп ойлонуп, акыл кирип калган убакта башкага берип коюп отуруп калбай.
23.10.2018. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Бирок биринчи аялынын нервин, ден-соолугун, жаштыгын, сулуулугун алып коюп, башкага кетти. Эми балдары жакшы, аркасында бааланбаган коз жаш турат. Эмне дейбиз, ар ким бактылуу болсун. Жашоо бир эле келет. Баары убактылуу. Бул дуйнодон акылдуумун, окумуштуумун, баймын деген даалай кыйындар откон. Кечинен берсин, бирок биз деле кетебиз да, кетчуу жака. Бири-бирибизди таарынтпай, журок оорутпай жашайлычы.
23.10.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Негизи Аскат Сулайманов мыкты актер, бардык . ролдорду жакшы ойнойт. Бирок 5 баланы таштап жаш аялга уйлонгону ирээнжитти, турмуштагы оош-кыйышты жубайы менен тен женип, башкага азгырылбаш керек болчу.А так артисттердин баары эле "суйук" болушат,бир жубайы менен омур кечиргендер и аз. Кандай болгон учурда да "занавестин" артында эмне болгонун оздору гана билишет, Аллахтын алдында оздору жооп беришет. Актер катары талантын баалайм.
23.10.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биринчи аялы менен тушкон суроту жокпу?
23.10.2018. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
5 баланы таштаган ХХХ экен 2 аялынын тусунон эле корунуп турат ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-10-24 10:47:51
24.10.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Abdizhapar, порталдын эрежелерин сактоону сунуштайбыз! Билдирүү түзөтүлдү!
23.10.2018. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эч качан бир эле жак куноолуу болбойт. Эркектин натурасы "голодный", жана жылуулукту издеп турат эмеспи... Пейили бузулса балдары тугул ата-энеси да токтото албайт эркекти. Негизгиси балдарын таштабаптыр, жакшы.
23.10.2018. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
ушул актерду сыйлайт элем,азыр жаман кором, мына сарышка тоюн таанытатко.
23.10.2018. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Сулуу деле эмес экен го (
23.10.2018. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
5 баланы таштай турган деле сулуулук, жылуулугу көрүнбөйт ко........
24.10.2018. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Соз жок озуно окшош 5баласын таштап.Ошого чыдаган 1аялына рахмат.Жакпайт ушул актер.
25.10.2018. 05:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Окурмандар талкууга кыйын болот, ким кандай экенин, кандай себеп менен ажырашканын бир кудай и оздору билишет, кандай болсо дагы баары бактылуу болушсун, бул турмуш!!!
25.10.2018. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Участковыйдын образын ойногондон бери эле сыйлабай калгам мен, озумчо эле...
25.10.2018. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мактанып коёт дагы,2006 жылы таанышкан имиш.Жашоо бумеранг,2-аялы дагы жаш бироого азгырылып кетсе экен.Ошондо каякка барат экен.
26.10.2018. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биринчи аялындан сулуу болсо бир жон эле..эми андан да куру жалак калбайын деп козун карап жашайсын эч убакта биринчиге жетпейт билип кой...мин кыл 10ду туусун...но потом поздно будеть она не принимает тебе...
26.10.2018. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мактанганыңа ХХХ мунун жакшы актер деп жүрчү элем
Модератор admin_media түзөттү 2018-10-26 10:37:01
26.10.2018. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meken28, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
27.10.2018. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Андай экен мындай экен деп башынарды оорутуп эмне кыласынар ар ким оз турмушунарды эптегиле Аскат мырзанын жашоосун оз козунор менен корбогондон кийин ар кимге ар турлуу тагдыр ар канча нике буйурган да акылдуу боло бересинер бала болуп
28.10.2018. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер биринчи аялын таап интервью албасанар болбоойт ичтер бышып ата)))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо