Максат Довранов, телеалпаруучу: “ШОУ ЧӨЙРӨДӨГҮ БИР ДОСУМ УБАДАСЫНА ТУРБАЙ, 10 ЖЫЛДЫК ДОСТУГУБУЗГА ЧЕКИТ КОЙДУ”

№833 19-25-октябрь, 2018-жыл

Телеалпаруучу Максат Доврановдун жеке жашоосу азыркы тапта көпчүлүккө кызык болуп турган чагы. Себеби телеалпаруучу ырчы Сайкал Садыбакасова менен ажырашып кеткендиги эл арасында айтылып, активдүү талкууланууда. Бирок каарманыбыз эл анын жеке жашоосуна эмес, чыгармачылыгына кызыгышын каалайт. Себебин төмөндөн окуңуз.

– Максат, салам. Иштериң кандай, чыгармачылыгыңда кандай жаңылыктар бар?

– Кандайсыздар? Чыгармачылыкта көнүп калган иштерди жасап жатабыз. ЭлТР телеканалында иштеп жатканыма быйыл 12 жыл болуптур. Журналистикада, телеалпаруучулук жаатта жакшы жаңылык жасайын деген тилектерим бар. Жакында чоң долбоорду алып чыгууга кызуу даярданып жүрөм. Андан тышкары менеджер катары ырчы Самара Каримова менен иштешип баштадым. Азыр бардык жумуштарды кеңешип, чоң долбоорлорду ишке ашырганы турабыз.

– Өткөндө белиң ооруп баспай калганыңды жаздың эле, ден соолугуң жакшыбы?

–Кокусунан белим ооруп калганынан дарыгерлерге кайрылгам. Дубалга жөлөнүп басып көп эле кыйналдым. Дарыланган соң бир жумадай жакшы болуп калган. Жумушка чыкканда кайра оорутуп баштады. Андан соң Ошто бир жакшы массажист бар, ошого кайрылгам. Ал акы албай "болгону бизди жарнама кылып бериңиз" деген. 10 күн барган соң жакшы жыйынтык чыкканынан аны жарнама кылуу үчүн Инстаграмдагы баракчама жазгам. Ал жактан айрым сайттар маалымат алып мени аябай чоң көйгөйгө кабылгандай кылып көрсөтүп салышты. Мен эле эмес, тууган-уруктарымдын баары дүрбөп, кыжалат болуп телефон чалып башташты. Азыр белим жакшы болуп калды.

– Телеалпаруучулуктан тышкары тамадалыкты да аркалай баштадың. Экөөнүн айырмачылыктары бар бекен?

– Тамадалык менен алектенип, ар кандай иш-чараларды, концерттерди алып бара баштаганыма негизи 3 жылдай болуп калган. Бирок көп деле тойлорго чыкчу эмесмин. Акыркы учурларда тойлорун, иш-чараларын алып барып берүүнү суранган тааныштар, туугандар, күйөрмандар көп болууда. Алардын суранычынан баш тартпай тамадалык кылып жүрөм. Элден айланса болот, сыйлап жакшылыктарына чакырышат. Барып батасын алып, эл менен чогуу жүрөбүз.

Өзүңдүн жумушуңду жакшы билсең, түшүнсөң эч кыйынчылыгы жок. Албетте, башында бардык нерседе кыйынчылыктар болот. Мага көбүнчө теле жааты кыйындай сезилет, анткени бардык көрөрмандар сени карап турат, жоопкерчилик да бар. Ал эми тойдо бир аз жеңилирээк.

– Аз күн мурда кайненең Гүлшайыр Садыбакасованы чет өлкөгө узаттың, күйөө баладан белек болдубу?

– Ооба, Гүлшайыр апабызды чет өлкөгө эс алууга узаттык. Бирок ал менден белек болду деп мактанбайм. Себеби өзүнүн курбулары, эже-сиңдилеринин арасында жыл сайын ушинтип эс алууга чыга турган “салты” бар экен. Ошол салтты улантып өздөрү эс алууга кетишти. Жакшы эс алып келсин. Менин оюмча, ал кишинин азыр эс ала турган учуру. Маданият, эстрада тармагында өзүнүн эмгегин жасап койду. Эми ошол эмгегинин үзүрүн көрүп, сый үстүндө эс алып, күлүп-жайнап жүрө турган убагы.

– Сайкал Садыбакасова менен ажырашып кеткениң тууралуу маалыматтар чыгууда. Чын-төгүнүн өз оозуңдан уксак.

–Азыр журналисттердин да, элдин да биздин жеке жашообузга байланыштуу суроолору көп болуп жатат. Мага да интернет аркылуу жеке жашообузду сурап тынбай жазып жатышат. Бири чын дилинен кыжалат болуп жазса, бири интрига уюштуруп жазат, дагы бири бизге бакыт тилеп жатат.

Ар бир адам бир нерсени баштаганда жакшы тилек, жакшы ниет менен баштайт. Бирок бардык нерсе Кудайдын колунда, эгер пенденин айтканы болсо башкача болмок. Ошондуктан Кудайдан өтүп бир нерсени айтыш кыйын. Ар бир үйдө эле казан-аяк кагышып, уруш-талаш, таарынычтар болот. Ошол эле нерселерди чоң көйгөй кылып көпчүлүктүн алдына алып чыккан айрым сайттар бар. Бирок биз азырынча ал сайттар жазып жаткан деңгээлде ажыраша элекпиз. Баары Кудайдын буюрганы. Азыр жеке жашообуз бул деңгээлде турат деп айткым келбейт. Себеби азыр бир нерсе айтсак, ал нерседен да жаңы маалыматтарды чукуп чыгышып, аны да айтышары анык. Жеке жашообуз жаман жакка чечилсе да, жакшы жакка чечилсе да, биз өзүбүз кабардар кылабыз. Ага чейин бир аз сабыр кылып турушса. Азырынча жаман нерсе болуп кете элек, талашып-тартыша турган эч нерсебиз жок. Окурмандарга айтарым, биздин жеке жашоого көп кызыга бербеңиздер. Сайкалды ырчы катары, мени телеалпаруучу катары тааныгансыздар. Андыктан чыгармачылыгыбызга эле кызыксаңыздар жакшы болмок.

– Шоу чөйрөсүндө ишенген досторуң барбы? Кимдер менен жакын мамиледесиң?

– Шоу чөйрөдө жакын досторум көп. Алар бир гана чыгармачылыгыма эмес, жеке жашоомо да өздөрүнүн чоң салымын кошкон. Көпчүлүгүнүн ата-энеси менен жакын катташтабыз. Апам да алардын ата-энелери менен катташып, жакшылыктарда чогуу болушат. Нурлан Насип, Данияр Эрматов, Аваз Акимов, Гүлжигит Калыков, Алмаз Шаадаев, Нурмат Садыров, айтор, мени менен курбалдаштардын баары менен досмун, менден улуу же кичүү чыгармачыл адамдардын баары менен жакшымын. Бул чөйрөдө касташкан душманым деле жок. Бирок 10 жыл бою жакын дос болуп жүрүп, ишеничиңе кирип, убада берип, акырында сөзүнө турбай койгондор бар. Мисалы, былтыр үйлөнүп жатканымда бир досум убада берип, бирок жыл айланбай сөзүнө турбастан убадасынан кайтып эркектик намысы жок экенин билдирип койду.

Андай адамдар өздөрүнүн үй-бүлөсүн, бала-чакасын ойлобогондон кийин сырттан күткөн досунун жашоосун, кызыкчылыгын ойлобосо керек. Андайлардан Кудай сактасын. Бир чети андайлардын бары деле жакшы экен. Себеби адамдардын жаманы менен жакшысын айырмалай билет экенсиң. Эң негизгиси мага ал нерселер тажрыйба болду.

– Өзүң тууралуу жаман пикирлерди окуп же угуп маанайың түшкөн учурлар болобу?

– Өзүм тууралуу социалдык тармактардан гана жаман пикирлерди окуп калбасам, адамдардан “сени баланча мындай деди” деген жаман сөздөрдү уга элекмин. Комментарийлерди окуп маанай түшкөн учурлар болот. Башында аябай кыжалат боло берчүмүн, бирок бара-бара көнүп деле калат экенсиң. Азыр кээде 1 сүрөткө 1000ге жакын комментарий жазылып кетет, алардын бирөөсүн да окубайм. Кээде гана көзүм түшүп калбаса, атайын окубаганга аракет кылам. Ал комментарийлердин баарын окусам жинди болуп калышым толук мүмкүн.

– Туулуп-өскөн айылыңа барганда “жылдызсыңбы” же жөнөкөй эле Максатсыңбы?

– Негизи жөнөкөй эле Максатмын. Эч жерден жылдыз болгон эмесмин жана болбойм. Анчалык деңгээлге жетип кеттим деп да айта албайм. Айылга барганда жыргайм. Биз эфирге чыкканда күндө баш жууп, чачты жасалгалайбыз да. Айылдан болсо күндө баш жуубайсың, каалаган кийимиңди кийип, каалагандай жүрө бересиң. Жыргап коңшу-колоңдор менен тамашалашып, тууган-уруктардыкына барасың дегендей. Апам болсо “ай, сакалыңды алып, башыңды жууп, түзүгүрөөк кийинип албайсыңбы” дей берет.

– Таанымалдыгыңдын жай турмушта пайдасы тиеби?

– Албетте. Көпчүлүк таанып жылуу пикирлерин айтып турат. Көбүнчө апалар “сыналгыдан чыккан бала, балама окшош экенсиң” деп эки бетимен өөп турса кубанам. Ошондой жылуу сөздөрдү укканда кайра иштегиң келет. Эфирге эртең менен 5 жарымда ойгонуп келишиң керек. Уйкудан тургуң келбей жатканда ошондой мени күткөн апалар, көрөрмандар бар экендигин эстеп, дем-күч менен жумушка келем.

– Иштериңе ийгилик!

Асхат Субанбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(35)
23.10.2018. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Деги бактылуу болсонор эле болду.
Бирок шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт дешет.

Жети олчоп бир кескиле!
23.10.2018. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Ажырашпанылачыыыы сураныыч
23.10.2018. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бактылуу болунуздар!
23.10.2018. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эркек балдардын досу мн мамилесин аялы мн мамилесин элге жарыялаганы туура эмес. Аялдан айырмаланып эркек эрктуу, майдачыл болбош керек. Досту озун тандадын озун чекит койдун элге жарыя кылып эмне кереги бар.Эркек ошон учун эркек!!!
23.10.2018. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
erkeleim,Эркек болбой эмне аялга окшоп турабы?Ойлонуп суйлосонуз,Жон гана айтып койгон.Атын атап баланча деген жокго
23.10.2018. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Менимче Максат жакшы эле адамдай,Сайкал тоготпой жатса керек деп ойлойм.жеке ойум,негатив кереги жок
23.10.2018. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Чымчыктында уясы бузулбасын, бакыт каалайм
23.10.2018. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ыймандуу,тартиптүү, жакшы тарбия көргөн жигиттей көрүнөт. Кошкон жарың менен кошо карыгын, уул кыздуу болгула, апаңарды сүйүнтүп. Эне үчүн баланын бактыдан өткөн бакыт жок. Эл оозунда элек турбайт, эл көзүндө жүргөн кызга үйлөндүң, эми элдин жакшы,жаман сөзүнө эмес, бири бириңерге ишенип,сыйлап жашагыла.
23.10.2018. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Демек таарынышып журушот окшойт создоруно караганда. Жакшы балакен создорунон. Бирок откондо инстада бир суротуно коммент бергендердин ар бирине жооп жазып отурганын коруп калдым эле зээрикпей ар бирине жооп жазып атат. Эл дей берет, айта берет. Элдин созу менен жашасан олуп каласынго тимеле.))) Бактылуу эле болушсун!
23.10.2018. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Shaa-82,ооруп,бекер жатканда жазган окшойт)))
23.10.2018. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Өздөрү эле бир сенсация кыла беришет болбогон нерседен,кызыкпаган элди деле кызыктырышып,табышмактатып сүйлөшүп,өзүнчө эле тайна вселенной.Ажырашса ажырашыптыр,силер биринчи же акыркы эмессиңер,ажырашпасаңар бактылуу болгула.Ооба же жок дебей эле өздөрүнчө звезда болушуп,каадаланышып эле бүтпөй коюшту ушу Сайкал экөө.Жөнөкөй эле болсо адам,асманга чыгып кетпей.Силерден өткөн "звездалар"деле жүрүшөт тыыынч эле
23.10.2018. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ksb,ажырштым десе озуно келчудой жаман болупсунгоо...
23.10.2018. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
ksb,туура ээ, же аялы-куйоодой эмес! Бирге жургонун дагы корбойсун! Главное коздорундо суйуу рту жок. Чынын айтып койсунда!
23.10.2018. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nanei, kenje-888, такталбаган маалыматты жазып кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Билдирүүлөр өчүрүлдү.
23.10.2018. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Баары белгилуу болду озунду колдондуруп койдун
23.10.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кйдайым силерге сабыр жана туура жол коргозсун ылайым...
23.10.2018. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Менимче Сайкал, кичинекей чагынан сахнада журуп уй-було жонундо анча кызык болбой чонойгон! Сайкал уй-було учун эмес! Кандай жакшы куйооно эркелеп, тамак жасап уйдон тосуп алган! Же болбосо булар суйушпойт! Суйсо кантип алыс болуп журушот. Сагынып, кыйналасынго Ия!
23.10.2018. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Hatali, такталбаган маалыматты жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө жол берилбейт. БАН!
23.10.2018. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Негизи Максат жакшы жигит,жон гана жубай тандоодо туура тандай албады. Максатка жонокой "домашняя", аярлап турчу аял керек, Сайкал кучтуу,энергиясы ашып-ташкан, амбициясы кучтуу айым. Сайкалга Максаттай сыпайы эр эмес,"меники туура" деп столду "ДАНК" муштай ала турган чыныгы чымыр денелуу, Сайкалдын амбициясынан калышпаган мунозу бар, сайкалды бироого капа кылдырбаган "чон муштумураак"чыныгы мырза керек.Максат для Сайкала слишком прост, Сайкалу нужен кре
26.10.2018. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Asyl10,мен да ошондой ойлойм
23.10.2018. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу,коп-коп бала-чакалуу болгула. Турмуштук сыноо ар бир уй-булодо эле болуп турат. Ал сыноодон сынбай откуло.
23.10.2018. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сайкалга "темир" айым мн Макстын кандайдыр бир келишимдин негизинде уйлонгондой сезиле берет... Бирок экоонор тен бактылуу болууга татыктуусунар. Ортодо сезим жок болсо жакшысы бири-бирин кое бериш керек...
24.10.2018. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tiken,
28.10.2018. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tiken,кайненеси бир интервьюсунда «уй-жайын бут даярдап бердим,ичи сыртын»-деген...
29.10.2018. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mela,ошол интервьюсу туура эмес болгон.
Кайсы эркек кайын энеси даярдап берген уйдо жашайт.Максат оз эмгеги менен жетишти баарына.Аны баары билетго.Жердештери эн жакшы билишет
29.10.2018. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nuri1988Elim2010,даярдап берсе любой эркек жашайт...шоу бизнестегилер деле билет экен го....кантип уйлонгонун...
24.10.2018. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
24.10.2018. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
DAKS,tina.kg, bond02,rahat84, такталбаган маалыматтарды жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Билдирүүлөрүңөр өчүрүлдү! Эскертүү!
24.10.2018. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
FCB-MSN, такталбаган маалыматты жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! БАН!
24.10.2018. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Максат умуттонуп атат окшойт да жарашып калаарбыз деп.А так ажырашканы чындык
26.10.2018. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nur0202,мумкун
27.10.2018. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Негизи тойдо эле Сайкалдын конулу жок болгон. Экоосу такыр пара эмес. Сайкалга Максат жаш баладай эле болсо керек.
29.10.2018. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ажырашпагылачы,бактылуу болунуздар. Сайкалдан күнөө кетсе да кечирип коюнузчу суранам Ажыруу болбосунчу. Сиздер бири-бириниздерге төп келишкен жубайларсыздар
29.10.2018. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи Максат жөнөкөй бала экен. өткөндө жездем сүннөт той берди ал тамада болуп келди мен камера тартып бермек үчүн баргам. аялымды боюнда болгонуна сен тойго барба дегем той башталардын алдында зеригип жатам деп тел чалды алдыма кокус Максат келип калды андан суранып аялымды тез кел сен келбесең баштабайм деп айтчы сураныч десем макул болуп телефонду талып тезирек келиңиз сизди күтүп той баштабай турам деп өтүнүчүмдү орундатты сүйлөшкөнүн видеого тартып алдым ишенбей атат деп Максатта күлдү
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо